Сириядан 23 Азербайжан жараны мекенине кайтарылды
БАКУ, Азербайжан, 12-июнь. Азербайжан Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлгөн этап-этабы менен макулдашылган иш-чаралардын натыйжасында үстүбүздөгү жылдын 7, 9 жана 11-июнь күндөрү 23 Азербайжан жараны (7 аял жана 16 бала) Сирия Араб Республикасынан репатриацияланды, деп билдирди Азербайжандын Тыш

БАКУ, Азербайжан, 12-июнь. Азербайжан Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлгөн этап-этабы менен макулдашылган иш-чаралардын натыйжасында үстүбүздөгү жылдын 7, 9 жана 11-июнь күндөрү 23 Азербайжан жараны (7 аял жана 16 бала) Сирия Араб Республикасынан репатриацияланды, деп билдирди Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Процесстин алгачкы этабында репатрианттардын жашаган жери, алардын өздүктөрү жана Азербайжан Республикасынын жарандыгы аныкталган. Азербайжандын Сирия Араб Республикасындагы жана Түркия Республикасындагы элчиликтери, ошондой эле Стамбулдагы Башкы консулдугу жарандарды Азербайжан Республикасына кайтып келүү күбөлүктөрү жана авиабилеттер менен камсыз кылуу боюнча зарыл болгон координациялоо иштерин жүргүзүштү Чет өлкөдө кризистик кырдаалга туш болгон азербайжандык жарандарды мекенине кайтаруу боюнча жооптуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган Жумушчу топтун мүчөлөрү Сирияга жөнөтүлүп, алар алгачкы медициналык жана психологиялык текшерүүдөн өтүштү Репатрианттарды социалдык реабилитациялоого жана коомго реинтеграциялоого багытталган тиешелүү чаралар каралган Чет мамлекеттердеги куралдуу кагылышуулардын курмандыгы болгон азербайжандык жарандарды мекенине кайтаруу үчүн зарыл чараларды көрүү аракеттери улантылат

