2025-жылы 900дөй адам жол кырсыгынан каза болсо, анын 130га жакыны мас абалындагы айдоочулардын айынан болгон кырсыктын курмандыгы болгон
«Кыскача» (АКИpress) - Кыргызстанда 2025-жылы мас абалында айдоочулардын айынан 130га жакын адам каза болгонун ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын Жол-кайгуул кызматынын башчысы Нурлан Ниязбеков билдирди Анын айтымында, өткөн жылы республика боюнча жол кырсыгынын кесе

«Кыскача» (АКИpress) - Кыргызстанда 2025-жылы мас абалында айдоочулардын айынан 130га жакын адам каза болгонун ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын Жол-кайгуул кызматынын башчысы Нурлан Ниязбеков билдирди Анын айтымында, өткөн жылы республика боюнча жол кырсыгынын кесепетинен 900гө жакын адам каза болгон «Алардын ичинен 130га жакын адам айдоочулардын мас абалында болгон кырсыктарынан каза болгон», - деди ал Ниязбеков ошондой эле 2026-жылдын башынан бери 280 адам жол кырсыгынын курмандыгы болгонун айтты


