Казакстанда стоматологиялык борбордо 20 жаштагы бала каза болду
Астанада стоматологиялык борборлордун биринде борбор калаанын 20 жаштагы тургуну каза болду. Бул тууралуу маалыматты Астана шаардык ички иштер башкармалыгы тастыктады, деп билдирет Tengrinews.kz "Астана ШИИБ 20 жаштагы борбор калаанын тургунунун стоматологиялык борборлордун биринде каза болгондугу

Астанада стоматологиялык борборлордун биринде борбор калаанын 20 жаштагы тургуну каза болду. Бул тууралуу маалыматты Астана шаардык ички иштер башкармалыгы тастыктады, деп билдирет Tengrinews.kz "Астана ШИИБ 20 жаштагы борбор калаанын тургунунун стоматологиялык борборлордун биринде каза болгондугу боюнча сотко чейинки иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Учурда комплекстүү тергөө иш-чаралары дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат", — деп айтылат башкармалыктын билдирүүсүндө Буга чейин социалдык тармактарда Астанадагы стоматологиялык клиникалардын биринде жаш жигит каза болгону тууралуу маалымат пайда болгон "Колдо болгон маалыматка караганда, тиш доктур дарыларды аллергиялык анализсиз берген. Укол сайылгандан кийин М.нын талмасы келип, абалы кескин начарлап кеткен. Ага карабай кайра дары сайылган. Андан кийин М. каза болгон. Ошондой эле уколду аллергологиялык анализи жок стажёр жасап, стоматолог туура көзөмөл жүргүзбөгөндүгү айтылат. 1993-жылы», - деп жазат басылма


