122 чет элдик жаран өлкөдөн күч менен чыгарылган
122 чет элдик жаран Казакстандан күч менен чыгарылып, өлкөгө кайтып келүүгө тыюу салынды. Өлкөдө милициянын «Нелегал» операциясынын натыйжасында укук коргоо кызматкерлери беш күн бою чет элдик жарандар иштеши мүмкүн болгон курулуш объектилерин жана базарларды текшеришти. Натыйжада 13 миң адам миграц

122 чет элдик жаран Казакстандан күч менен чыгарылып, өлкөгө кайтып келүүгө тыюу салынды. Өлкөдө милициянын «Нелегал» операциясынын натыйжасында укук коргоо кызматкерлери беш күн бою чет элдик жарандар иштеши мүмкүн болгон курулуш объектилерин жана базарларды текшеришти. Натыйжада 13 миң адам миграциялык эрежелерди бузганы белгилүү болду. Алардын 10 миңдейи өлкөдө мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн, 4 миңдейи уруксаты жок иштегени үчүн айыпка жыгылган. Соттун өкүмү 1500 адамды депортациялоо чечимин чыгарган. Мындан тышкары 122 жаран мажбурлап депортацияланып, кийинки 5 жылга биздин өлкөгө кирүүгө тыюу салынган. Мындан тышкары милиция кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн 21 чет элдик жаранды кармашкан


