10 ооруканага медициналык таштандыларды ташуучу унаалар берилди
«Ден соолук» (АКИpress) - Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарына медициналык таштандыларды ташуу үчүн 10 даана атайын унаа тапшырылды Министр Дамир Осмонов медициналык калдыктарды коопсуз башкаруу калктын саламаттыгын, медицина кызматкерл

«Ден соолук» (АКИpress) - Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарына медициналык таштандыларды ташуу үчүн 10 даана атайын унаа тапшырылды Министр Дамир Осмонов медициналык калдыктарды коопсуз башкаруу калктын саламаттыгын, медицина кызматкерлерин жана айлана-чөйрөнү коргоо үчүн маанилүү экенин айтты FOTON унаалары медициналык таштандыларды ташуу үчүн иштелип чыккан жана санитардык жана биологиялык коопсуздук талаптарына жооп берет. Транспорт пломбаланган кузов, муздаткыч, контейнерлерди бекитүү системасы, “Медициналык калдыктар” белгилери, биологиялык коркунуч белгиси жана ички дезинфекциялоо системасы менен жабдылган Автоунааларды Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы мекемелер кабыл алат Саламаттыкты сактоо министрлиги жабдууларды бөлүштүрүү таштандылардын көлөмүн, калктын санын жана аймактын камтылышын эске алуу менен жүргүзүлгөнүн билдирди


