Мугалим жана дарыгердин маянасы, инфляциянын деңгээли
1-апрелден тарта бюджеттик чөйрөдөгү билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, маалымат, спорт жана социалдык коргоо кызматкерлеринин эмгек акылары эки эсеге чейин көтөрүлдү. Өсүү көбүнчө мугалимдер менен медкызматкерлердин маянасында жакшы сезилгенин айтып жатышат Алыскы Лейлек районунун Ак-Терек

1-апрелден тарта бюджеттик чөйрөдөгү билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, маалымат, спорт жана социалдык коргоо кызматкерлеринин эмгек акылары эки эсеге чейин көтөрүлдү. Өсүү көбүнчө мугалимдер менен медкызматкерлердин маянасында жакшы сезилгенин айтып жатышат Алыскы Лейлек районунун Ак-Терек айылында мектеп директору болуп иштеген Тыныбек Касымов элеттеги мугалимдер эмгеги жакшы бааланып жатканына кубанып турганын билдирди “Шүгүр кылышыбыз керек, мындан аз айлык менен да иштеп жүрдүк. Мисалы, мен мектепте 23 жыл иштеп атам, ушул аралыкта насип кылып ушундай салыштырмалуу эң жогорку айлыкка эми жетип атабыз. Учурунда айлык акынын ордуна түрдүү-түрдүү буюмдарды таркаткан учурлар да болгон. Эсептеп көрдүк, кээ бир мугалимдердики 100%да а шыгыраак көтөрүлгөн. Айрымдарыныкы ага жетпей калган, айрыкча менин жамаатымдагы математика сыяктуу STEM предметинин мугалимдери “биздики 100% жетпей калыптыр” деп атышат. Негизинен мугалимдер аябай сүйүнүп, жакшы кабыл алышты” Президенттин мартта чыккан жарлыгына ылайык, эмгек акынын базалык бөлүгү 60% өсүп, ага президенттик компенсациялык төлөм да кошумча болду. Маселен, президенттин эсебинен мугалимдерге 15 000 сом, техникалык жумушчуларга 5000 сом берилери кабарланды. Аларды кошуп эсептегенде эмгек акынын өсүүсү 100% жетерин айтып атышат. Агартуу министрлигинин маалыматы боюнча, тоолуу райондо жашаган, 30 жылдан ашык эмгек тажрыйбасы бар мугалим, бардык кошумча төлөмдөрдү жана президенттин кошумчасын кошкондо жана салыктарды төлөгөндөн кийин колуна 80 миң сомдой маяна алат Деген менен "президенттик компенсация" деген механизм көпчүлүк үчүн түшүнүксүз бойдон калууда. Президенттик компенсация бир жолу эле берилеби же туруктуу берилип турабы? Ага каражат бюджеттин кайсы бөлүгүнөн каралат? Президенттик фонддун каражатынан берилеби, андай болсо ал фонддун көлөмү ошончолук чоңбу? Бишкек шаарындагы медициналык мекемелердин биринин дарыгери Жылдыз маянасы мурдагыга караганда 25 миң сомго өскөнүн айтат “Менин 10 жылдык тажрыйбам, категориямды эсепке алганда, салыктардын баарын чыгарып, анан президентин кошумчасын кошкондо жалпысынан 25 миңдин тегерегинде кошулуптур. Мисалы, мурдагы айларда 35 миң сомдой айлык алган болсок, апрелде 60 миңдин тегерегинде чыкты. Бул эми Бишкектин шарттарына албетте аздык кылат. Айрыкча өзүңдүн үйүң болбосо, тамак-ашты шаарда негизинен сатып алып жешет, айылдагыдай кээ бир нерселер өзүңдөн чыкпайт, бүт сатып жегенге туура келет. Төрт-беш кишиден турган үй-бүлөгө аздык кылат, бирок үй-бүлөлүк бюджетке жакшы эле киреше болду” Өкмөттүн маалыматына ылайык, эмгек акыны көтөрүү эки этапта ишке ашат. 1-апрелден тарта мугалимдердин, дарыгерлердин, социалдык коргоо, маданият, спорт кызматкерлеринин, ошондой эле техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акысы 50% кем эмес көтөрүлөт. 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы категориясына кирбеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын техникалык жана кенже тейлөөчү персоналына жана күч түзүмдөрүнүн жарандык кызматкерлерине кошумча төлөмдөр 50%га чейин көбөйөт Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев көтөрүүлөрдүн биринчи этабы бюджеттик чөйрөнүн 200 миңден ашуун кызматкерин камтый турганын жана ага 18 млрд сом кошумча каражат сарпталарын билдирген. Экинчи этабына 39 млрд сом керектелет Эмгек акыны көтөрүү жараянына бул жолу мамлекеттик медиалардын кызматкерлери да камтылды “Ынтымак Ордонун” маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков мамлекеттик медиалардын шарттары барган сайын жакшырып, рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү артып баратканын айтат “Жакшы билесиздер, буга чейин биздин мамлекеттик телеканалдарда, “Кабар” сайтында иштегендер айлык-маяна аз болгондуктан, көпчүлүгү жеке медиаларга өтүп кеткен учурлар болгон. Көпчүлүгү жумушун таштап кеткен. Бүгүнкү күндө айлык-маяна сезилерлик деңгээлде жогорулады. Кеминде 40 миңдин тегерегинде, алды 100 миңден ашык эмгек акы алып калышты. Бул иштөөгө шыктануусуна, изденүүсүнө түрткү берет деп ишенем. Президентибиз Садыр Нургожоевичтин колдоосу менен мамлекеттик телеканалдардын имараттары толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат. Жаңы техника, кызматтык унаалар алынып жатат. Мурда мамлекеттик телеканалдарда иштейбиз деген журналисттердин кызыгуусу көп деле жок болчу. Азыр айлык-маяна жогорулагандан кийин суроо-талаптар дагы күчөдү. Бул эң ириде иштөөдөгү кесипкөйлүк, изденүү жана атаандаштыкка жакшы шарт түзөт” Экономикалык серепчи Искендер Шаршеев мамлекет билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарын жеке көлгө өткөрүп бербей, совет доорунан калган система боюнча өз мойнуна ашыкча түйшүктү көтөрүп келатканын айтат. Ошондуктан, бул жааттагы эмгек акы ар дайым рыноктогу атаандаштыкта артта калып келатканын белгилейт “Эгерде өлкөдө акчанын саны чектелүү болсо, анда финансы рыногуна таасири жагымдуу болот. Эгерде мындай көтөрүүлөрдүн аркасы менен акчанын саны өссө, анда бул инфляцияны дагы да камчылайт. Эң негизгиси, өлкөдө акчанын массасын аябай тең салмакта кармаш керек. Эгерде эмгек акыны көтөрүү бюджеттик кирешелердин эсебинен болсо, масса көбөйбөйт. Эгерде бюджеттик кирешелерди колдош үчүн басма станогу иштесе же кошумча эмиссия чыкса, анда инфляция көтөрүлөт. Маянаны көтөрүүдө ушундай инфляциялык акча колдонулбаса, анда абал жакшырат. Анткени, ансыз деле экономиканын ылдамдыгы өскөнү менен, инфляция кошо өсүп, анын артынан индексация үлгүрбөй жатпайбы. Бирок, бул “кыз куумай” сыяктуу десек болот. Элге маянаны көтөрөсүң, инфляция өсөт, дагы көтөрөсүң, дагы өсөт, ошентип бири-биринин артынан кууп кете берген нерсе. Бул жерде кыска мөөнөттө жакшы болот, андан кийин баа кайра өсүп кетет” Айткандай эле, Кыргызстандагы эмгек акынын жогорулашы базар баасын кууп жете албай, калктын жашоосу татаал бойдон калып келатканы көп талкууланат. Өкмөт бюджеттик кызматкерлердин кирешесин көбөйтүүгө канчалык аракет жасабасын, инфляциянын арышы алда канча алдыда жүрөт Кыргызстанда инфляциянын деңгээли соңку кездери кайрадан өсүү жолунда барат. Улуттук банктын эсебинде 2026-жылдын апрель айына карата расмий инфляциянын көрсөткүчү 11,3% жетти. 2023-жылдын башында 16% чукулдап, 2024-жылдын августунда кайра 3,6% чейин түшкөн болчу. Адистердин көз карашында бейрасмий эсептеги инфляция иш жүзүндө мындан алда канча жогору болот


