Tenqri
Басты бет
Экономика

Мамлекеттик карыздын деңгээли коопсуз чекте. Экономика өсүп, карыз жүгү жеңилдеди

Кыргызстандын мамлекеттик карыздарынын негизги бөлүгү энергетика, транспорт жана инфраструктура тармактарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоого жумшалууда. Экономисттер өлкөнүн мамлекеттик карыздарды жабууга дарамети жетиштүү экенин, бирок алынган насыялар узак мөөнөттүү болгондуктан, бе

0 қаралымkabar.kg
Мамлекеттик карыздын деңгээли коопсуз чекте. Экономика өсүп, карыз жүгү жеңилдеди
Paylaş:

Кыргызстандын мамлекеттик карыздарынын негизги бөлүгү энергетика, транспорт жана инфраструктура тармактарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоого жумшалууда. Экономисттер өлкөнүн мамлекеттик карыздарды жабууга дарамети жетиштүү экенин, бирок алынган насыялар узак мөөнөттүү болгондуктан, белгиленген убагында гана төлөнөрүн айтышат. Ошондой эле алар Кыргызстандын тышкы карызы 2035-жылдары толугу менен төлөнүп бүтөрүн болжолдошууда. “Кабар” агенттиги мамлекеттик карыздын учурдагы абалы жана көрсөткүчтөрүнүн айланасында сөз кылат Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызынын ИДПга (ички дүң продукцияга) болгон катышы 41%ды түзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыз жана активдер башкармалыгынын башчысы Абданбек Абдыбапов билдирди Анын айтымында, мамлекеттик карыздын абалын туруктуу деп ишенимдүү айтууга болот. Мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясына ылайык, ИДПга болгон белгиленген көрсөткүч 70 пайызды түзөт. Эгерде 70%га жакындаса, демек мамлекет өз карызын төлөөдө кандайдыр бир маселе бар экенин билдирет. Кыргызстанда бул көрсөткүч 41%дык деңгээлде турат Ошондой эле Абданбек Абдыбапов белгилегендей, мамлекеттик карызды төлөөгө кеткен чыгымдар жалпы республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн 30 пайызынан ашпашы керек деген индикатор бар. 2025-жылдын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч Кыргызстанда 12,6 пайызды түздү. Бул өтө төмөн көрсөткүч болуп саналат Мамлекеттик карыз ички жана тышкы карыздардан турат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мамлекеттик ички карыздар көбөйтүлүүдө. Анткени мамлекеттик ички карыздарды тартууда валюталык тобокелдиктер алдын алынат, тышкы кредиторлорго болгон көз карандылык азайтылат. 2017-жылы жалпы мамлекеттик карыздагы ички карыз болгону 10%ды түзгөн. Бүгүнкү күндө ички карыздын көлөмү 46,5%га жетти Ички карыздар мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу менен тартылып келген каражаттардан турат. Баалуу кагаздарды инвесторлор жана жарандар сатып алат. Алар кошумча киреше табуу менен өлкө экономикасы өсөт, республикалынын киреше бөлүгү көбөйөт Ал эми тышкы карыздардын негизги бөлүгү узак мөөнөттүү, жеңилдетилген насыялар катары тартылып келет. Алар өлкө эгемендүүлүк алгандан бери келген каражаттар. Мамлекеттик тышкы карыздын көбөйүшүнүн негизги себеби катары чет өлкөлүк валюталардын курсунун өсүшүн айтууга болот, анткени мамлекеттик карыздарды тартып келип жатканда 1 АКШ доллары улуттук валюта сомдун курсу менен 4 сомго барабар болгон. Бүгүнкү күндө 1 АКШ доллары 87,5 сомду түзүүдө. Мамлекет өз карыздарын мөөнөтүндө төлөгөнүнө карабастан, баары бир тышкы карыз курска байланыштуу болот. Мына ошондуктан валюталык тобокелдиктерди алдын алуу максатында Кыргызстан ички карыздарды көбөйтүп жатканы белгиленүүдө Экономисттердин баамында, эгемендүүлүк алган жылдары Кыргызстанда мамлекеттик карыздарды эл аралык финансы институттарынан алып, бюджеттин күнүмдүк чыгымдарына айлык акы, пенсия жана жөлөк пулдарга жумшалган же мурдагы карыздарды жабууга каражаттарды табууга өлкө мажбур болгон. Жыйынтыгында киреше булагы аз, чыгашалар көп болуп бюджеттин тартыштыгына алып келген Экономист Кубан Чороев “Кабар” агенттигине билдиргендей, 2020-жылы мамлекеттик карыздын ИДПга болгон катышы 68%га жеткен. Муну мындан ары карыз алууга болбой турган белги катары түшүнсө болот. 2025-жылдын жыйынтыгында карыз 8,92 млрд долларга жеткени менен, ИДПга карата катышы 41%га чейин төмөндөгөн. 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе азайган. Экономика тез өсүш менен дээрлик үч эсе жогорулагандыктан карыз жүгү реалдуу маанисинде жеңилдеген Ошондой эле экономисттин айтымында, Кыргызстандын мамлекетти карызды төлөө дарамети жогорулады. 2025-жылы алтын-валюта резерви 69,1%га өсүп, 9 млрд долларга жеткен. Бул тышкы карыздын деңгээлине жакын, башкача айтканда резерв тышкы милдеттенмелерди дээрлик толук камсыздай алат дегенди билдирет Кыргызстанда 2023-жылдан баштап республикалык бюджет өсүп, мамлекет өзүнүн ички керектөөлөрүн жабууга каражатка муктаж эмес. Бүгүнкү күндө өлкө карыздарды жалаң гана экономиканы өнүктүрүүгө багыттап жатат. Экономиканы өнүктүрүүгө салым кошуучу долбоорлорду ишке ашырууга басым жасалууда. Келечекте ошол ири долбоорлор пайда алып келет деп белгиленүүдө Кыргызстандын тышкы карыздарды төлөөгө учурда резервдери жетиштүү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине экономист Искендер Шаршеев билдирди Анын пикиринде, тышкы карыздардагы алынган каражаттар узак мөөнөтүү жеңилдетилген шартта берилгендиктен, аны мөөнөтүнөн мурда эрте кайтарууга болбойт. Бул үчүн келишимдерге ылайык, айып пулдар да каралган Искендер Шаршеев Кыргызстандын тышкы карызына улай эле ЕАЭБ, КМШ өлкөлөрүнүн тышкы карыздарына да токтоло кетти

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler

Мамлекеттик карыздын деңгээли коопсуз чекте. Экономика өсүп, карыз жүгү жеңилдеди | Tenqri