Tenqri
Басты бет
Әлем

Коопсуздук кызматы менен милиция: тазалообу же тирешпи?

Мунун алдында башка бөлүмдөрдөн да бир нече милиция кызматкери кармалган. Айрым басылмалар бул күнү министрликте тинтүү жүргөнүн да жазып чыгышты Бул арада Ички иштер министрлиги, тескерисинче, атайын кызматтын кызматкерин кармаганы жөнүндө маалымат чыкты. Коомчулукта айрымдар муну эки түзүмдүн бир

0 қаралымazattyk.org
Коопсуздук кызматы менен милиция: тазалообу же тирешпи?
Paylaş:

Мунун алдында башка бөлүмдөрдөн да бир нече милиция кызматкери кармалган. Айрым басылмалар бул күнү министрликте тинтүү жүргөнүн да жазып чыгышты Бул арада Ички иштер министрлиги, тескерисинче, атайын кызматтын кызматкерин кармаганы жөнүндө маалымат чыкты. Коомчулукта айрымдар муну эки түзүмдүн бири-бирин тазалоосу катары баалашса, кээлери органдардын тиреши катары кабылдашты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери 21-апрелде Ички иштер министрлигинде тинтүү иштерин жүргүзгөнүн KaktusMedia сайты өз булактарына таянуу менен жазып чыкты Басылма тактагандай, атайын кызматтын алты-жети кызматкери министрликтин борбордук аппаратына кирип, мекеменин Коомдук коопсуздук кызматынын иш бөлмөлөрүн тинтти. Сайт тинтүү эмне менен байланыштуу экенин тактаган жок Ички иштер министрлиги муну ырастаган да, төгүндөгөн да жок. Мекеме маселени комментарийлөөдөн карманууда Министрликтин башкы имаратынын сыртынан мында кандайдыр бир чаралар жүрүп жатканы байкалбайт. Нөөмөтчүлөр кабарчыларды себепсиз ичине киргизген жок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет эртең менен расмий маалымат таратып, Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы жана ыкчам кызматкери чет элдик банк эсептери аркылуу пара талап кылуу жана опузалоо фактысы боюнча кармалганын билдирген. Мекеме тактагандай, алар Орусия жаранынан баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу боюнча кылмыш ишинде жазасын жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүү үчүн акча талап кылышкан “2026-жылдын 17-апрелинде П.М. аттуу бөлүм башчы жана А.А. аттуу ыкчам кызматкер кармалды. Алар Орусия Федерациясынын жаранынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча иште жазаны жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүү үчүн 9 млн рубль (100 миң АКШ доллары өлчөмүндө) талап кылышкан. Аныкталгандай, кармалгандар жашыруун аракеттенүү жана түз далилдерди болтурбоо максатында пара алуунун аралыктан ишке ашырылган схемасын иштеп чыгышкан. Кармалган жарандын үй-бүлөсү мүлкүн сатып тапкан акчасын Орусиядан бөлүп-бөлүп, башка адамдардын атына катталган "Сбербанк" карталарына которуп турушкан”, – деп айтылды УКМКнын маалыматында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 17-апрелде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары К.К.И. жана Тергөө кызматынын тергөөчүсү Т.А.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалганын кабарлаган. Алар 2 000 доллар талап кылышканы кабарланган 17-апрелде ошондой эле Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын инспектору А.Б.Ш. пара талап кылуу фактысы боюнча кармалган Ушул эле 17-апрель күнү үчүнчү факты – Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн үч ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери – Т.Д.Н., К.А.К. жана М.Р.Ш. 220 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалышканы маалымдалган Атайын кызмат 20-апрель күнү Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү 25 миң доллар пара талап кылганы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген. Кармалгандардын баары убактылуу кармоочу жайларга киргизилди Мунун фонунда 20-апрелде Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгында ыкчам кеңешме өткөрүлүп, жыйынтыгында 14 жетекчиге катуу сөгүш берилди, эки жетекчи кызматынан алынды. Кызматынан алынган жетекчилердин аты-жөнү аталган жок Ички иштер министри Улан Ниязбеков милиция кызматкерлеринин кармалышы боюнча 18-апрелде жергиликтүү маалымат каражаттарына комментарий берип, мындай жагдайларда эң катаал жана принципиалдуу чара көрүлөрүн, кызматы, алган наамы жана мурда жасаган иштери жоопкерчиликтен качууга негиз боло албай турганын айткан “Чынында эле айрым аймактарда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери удаа кармалганын белгилеп койгум келет. Муну жашырган да жокпуз, унчукпай койгон да жокпуз. Тескерисинче, коррупцияны жана тутумдун ичиндеги бардык мыйзам бузууларды жок кылуу Ички иштер министрлигинин принципиалдуу позициясы. Көпчүлүк фактылар боюнча иш министрликтин өзүнүн бөлүмдөрү, анын ичинде Ички иликтөө кызматынын катышуусунда аткарылууда. Мунун өзү мыйзам бузуулар көбөйгөнүн эмес, ички көзөмөл, тартип жана тутумду тазалоо жыйынтык берип жатканын көрсөтөт” Ички иштер министрлиги тактагандай, 2026-жылдын башынан бери коррупциялык фактыларга байланыштуу 23 кылмыш иши козголуп, милициянын 36 кызматкерине айып тагылган. 10 ишти министрлик өзү козгосо, 13 ишти атайын кызмат козгогон Жогорудагы маалыматтарга оро-пара Ички иштер министрлиги, тескерисинче, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин бөлүмдөрүнүн биринин башчысын кармаганы жөнүндө кабар чыкты. Анын чоо-жайы расмий тактала элек Атайын кызмат милиционерлерди удаа кармаганы, ички иштер органдарынын өкүлдөрү тыңчыларды кармаганы жөнүндө маалыматтар мурда деле чыгып келген. Соңкусу удаа келгени коомчулукта айрым талкууларды жаратты. Социалдык түйүндө пикир жазгандардын бир бөлүгү муну эки түзүмдүн бири-бирин тазалоосу катары баалашса, кээлери органдардын тиреши деп кабылдашты.Юрист Канат Хасанов “Азаттыкка” берген комментарийинде буларга токтолду: "Муну эки органдын тиреши деп ойлобойм. Бирок ошол сыяктуудай көрүнүп жатат. Бул органда да ыкчам кызматы бар, тигисинде да бар. Балким ошолордун кармоо жүргүзүшү, маалыматтары бири-бири менен дал келип калышы да мүмкүн. Бирок мындай нерселерди жоюш керек. Эки түзүм, бири-бирине каршы резонанстуу иштерди алып бара берсе ал мамлекеттин коопсуздук маселесин жаратып коюшу мүмкүн. Мурдараак Садыр Жапаров Тергөө комитети деп сунуштаганын билебиз, ошол орган түзүлсө ушундай карама-каршылыктар жоюлат го деген ойдомун" Февралдын башында Кыргызстанда президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин саясий тандеми урап, Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулган. Мындан соң атайын кызматтын бир катар ыйгарым укуктары алынган Бул окуядан кийинки интервьюсунда президент Кыргызстанда Тергөө комитети түзүлөрүн билдирген Мамлекет башчы тактагандай, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде чалгындоо, контрчалгындоо, конституциялык түзүлүштү коргоо, терроризм, экстремизм, бандитизм, баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөш жана башка иштер каларын тактаган. Ушул багыттар боюнча иштерди тергөө атайын кызматтын өзүндө калат ИИМ дагы өздөрүнө түздөн-түз тиешелүү милдеттер менен гана иш алып барып, ал боюнча тергөө укугун сактап калат деп айтылган Жаңы Тергөө комитетин түзүүгө бейкүнөө кишилерге адилетсиз кылмыш иши козголуп калган учурлар себеп экенин, мындай жагдайга тергөөчүлөргө жогорудан берилген тапшырмалар түрткү болорун түшүндүргөн “Ошентип азыркы учурда адилетсиз болуп жаткан фактылар жок эмес. Ал эми Тергөө комитети болсо түздөн-түз президентке баш иет. “Оперативник” менен министр алып келген чийки иштерди кабыл албай коёт. Иш козгобойт. Албетте, адилетсиздикке кабылып жаткан жарандарыбыз камалбайт. Дароо коё берилет. Мына ушундай кылганыбызда гана адам укуктары 100 пайыз болбосо дагы 95 пайыз сакталат. Келечек муунга коопсуздук камсыздалат”, - деген Садыр Жапаров Атайын кызматтын ыйгарым укуктарынын кыскарышы ошол тушта укук коргоо органдарындагы реформа кылуу боюнча талкууну да кайрадан күчөткөн Саясатчы Адахан Мадумаров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып акыркы беш жыл ичинде укук коргоо органдары козгогон кылмыш иштерди кайра кароо демилгесин бийлик колго алышы керектигин айткан: “Соңку беш жыл ичинде Башкы прокуратура, УКМК, Ички иштер министрлиги козгогон кылмыш иштердин баарын иликтеп, ак менен караны ажырата турган учур келди. Мамлекеттик структураларга ишеним жоголгондо мамлекет алсыз болуп калат. Эч бир нерсе мамлекетти адилеттүүлүктөн башка бекемдей албайт. Бийлик элдин ишенимин кайтарып, купулуна толом десе, бейтарап, саясий кызыкчылыгы жок топ түзүлүп, чуулгандуу иштердин баарын чечкиндүүлүк менен карап чыгышы керек”.Өлкө боюнча бир жыл ичинде жалпы 34 467 кылмыш иши катталса, анын 4 миңден ашыгы оор кылмыштар экени айтылды. Бирок бул кылмыш иштердин канчасы мыйзамдуу катталганы белгисиз. Анткени буга чейинки козголгон кылмыш иштери боюнча камалгандар, өлкөдөн чыгып кеткендер, темир тор артына киргендер - саясатчылардан, ишкерлерден тартып катардагы жарандарга чейин, мыйзамсыз кылмыш иши ачылганын айтып, социалдык тармактарга күн сайын чыгууда 22-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Жумгалбек Шабданбековдун "Укук коргоо органдарын абийирсиз кызматкерлерден тазалоо боюнча биргелешкен системалуу иши тууралуу" комментарийи жарык көрөрү менен Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Коррупцияга каршы күрөш системалуу жана ведомстволор аралык мүнөзгө ээ" деген маалыматын расмий таратты.Билдирүүлөрдө эки мекеме өз катарын коррупцяга аралашкан, кызматынан кыянат пайдаланган, абийирсиз кызматкерлерден тазалоо иши чогуу жүргүзүлүп жатканы айтылды.Коопсуздук кызматынын төрагасы комментарийинде президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен УКМК, ИИМ жана прокуратура биргелешип, укук коргоо тармагын "абийирсиз, коррупцияга малынган жана мамлекеттик кызматтын беделин түшүргөндөрдөн тазалоого багытталган ырааттуу, системалуу жана активдүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын" маалымдады."УКМК, ИИМ жана прокуратура органдарынын ортосунда эч кандай тирешүү жок жана болушу да мүмкүн эмес. Бардык укук коргоо органдары мыйзамдын алкагында жана Жогорку Башкы командачы койгон милдеттердин негизинде бирдиктүү байланышта иш алып барышат. Бул жерде мекемелер аралык күрөш жөнүндө эмес, укук коргоо тутумун абийирсиз кызматкерлерден тазалоо боюнча биргелешкен иш тууралуу сөз болуп жатат. Биздин жалпы максатыбыз — системаны алсыратуу эмес, аны чыңдоо, мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти бекемдөө жана жарандардын укук коргоо органдарына болгон ишенимин арттыруу болуп саналат. Ошондуктан, жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды айрым мекемелердин башкаларга каршы күрөшү катары көрсөтүү аракеттери негизсиз жана чындыкка дал келбейт", деп билдирди Шабданбеков.ИИМ тараткан маалыматта да "акыркы убакта маалымат каражаттарында укук коргоо органдарынын ишин координацияланбаган жана карама-каршы көрүнүш катары чагылдырууга аракет жасалып жатканы" белгиленди. Ошондой эле бул чындыкка дал келбеси эскертилип, мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөш мекемеден көз карандысыз жүргүзүлөрү айтылды."Ушуга байланыштуу ИИМ УКМК жана прокуратура жүргүзүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чаралары мамлекеттик институттарды тазалоого жана жарандардын ишенимин жогорулатууга багытталган координацияланган иштин жыйынтыгы болуп саналат", - деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler