Tenqri
Басты бет
Әлем

"Кальян паашасы". Данияр Үсөновдун уулу Алматыда кармалды

Урмат Үсөнов соцтармактарда өзүн Урмат Монгол деп атап жүрөт жана чакан чөйрөдө "кальян паашасы" деген каймана ат менен таанымал 2024-жылдын башында Кыргызстандын атайын кызматы Данияр Үсөновдун улуу баласы, Бишкектеги бир нече ресторан жана кафелердин ээси Мурат Үсөновго издөө жарыялаган. Аны атай

0 қаралымazattyk.org
"Кальян паашасы". Данияр Үсөновдун уулу Алматыда кармалды
Paylaş:

Урмат Үсөнов соцтармактарда өзүн Урмат Монгол деп атап жүрөт жана чакан чөйрөдө "кальян паашасы" деген каймана ат менен таанымал 2024-жылдын башында Кыргызстандын атайын кызматы Данияр Үсөновдун улуу баласы, Бишкектеги бир нече ресторан жана кафелердин ээси Мурат Үсөновго издөө жарыялаган. Аны атайын операция маалында атып өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышта болгон деп айыптаган Курманбек Бакиев президент кезинде эң таасирлүү аткаминерлердин бири болгон Данияр Үсөнов 2010-жылы бийлик алмашуу менен аяктаган Апрель ыңкылабынан кийин Кыргызстандан чыгып кетип, дээрлик дайын-дарегин билгизбей жүргөн. Учурда Беларуста жашары, атын Даниил Урицкий деп өзгөртүп алганы, Казакстанга маал-маалы менен келип-кетип жүрөрү тууралуу маалыматтар чыккан.Айрым басылмалардын билдиришинче, Урмат Үсөнов менен дагы эки кыргыз жана бир казак жаранына "мыйзамсыз ишкерлик кылуу" жана "трансулуттук топ түзүүгө" байланыштуу айып тагылган. Алматы шаарынын Мамлекеттик киреше департаментинин эсебинде, казынага келтирилген чыгым 26 миллион теңге деп бааланган. Ошондой эле жалпы баасы 46 миллион теңгеден ашык, көлөмү 1,6 тонна кальян тамекиси алынган Алматыдагы райондор аралык тергөө соту алардын бөгөт чарасын карап, эки айга камоо тууралуу чечим чыгарган Бул кылмыш ишине байланыштуу казак укук коргоо органдары кеңири маалымат бере элек "Азаттыктын" казак кызматы да азырынча расмий жооп ала элек Урмат Үсөнов Mongol Group компаниясынын негиздөөчүсү, Бишкектеги "Монгол бар" эс алуу жайынын ээси экени айтылып жүрөт. Ошондой эле Алматыда дагы бир нече кальян барларды ачканы белгилүү.Анын үйлөнүү үлпөтү 2021-жылы жайында Түркияда кымбат баалуу ресторандардын биринде өткөнү жана ага атасы Данияр Үсөнов катышканы тууралуу маалыматтар чыккан Данияр Үсөновдун дагы бир уулу, Mayram Group холдингинин негиздөөчүсү Мурат Үсөновго Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 2024-жылдын башында издөө жарыялаган. Атайын кызмат аны кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун акчасын адалдаштырууга байланыштуу айыптаган Атайын кызмат бул иштин тергелиши, жыйынтыгы тууралуу маалымат берген эмес. Былтыр октябрда жергиликтүү сайттардын биринде Мурат Үсөновду мактап, кыйын ишбилги бизнесмен экени тууралуу кыскача билдирүү чыккан. Анда ал Кыргызстандан сырткары Казакстанда, Өзбекстанда жана Бириккен Араб Эмираттарында дагы ишкерлик кылары белгиленген Мурат Үсөнов өзүнө издөө жарыяланып, кылмыш иши козголгону тууралуу комментарий берген эмес.Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев Данияр Үсөновдун балдарынын бизнеске батыл киришип келгенин кайсы бир топтордун калкалоосунда болгон деп боолголойт: "Данияр Үсөнов сыртынан өмүрүнүн акырына чейин кесилген. Эгер балдары бул жакта бизнес кылып жүрсө анда аларды калкалагандар болгон да. Ээн-эркин бизнес кылышканына караганда, үлкөн аткаминерлер калкалаган болушу мүмкүн. Устүндө бирөө турбаса мындай бизнес кыла алышмак эмес. Атасы ууру, качкын болсо балдары кантип эле чоң бизнесмен болуп кетишмек эле".Данияр Үсөновдун мурдагы аялы Динара Исаева Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты болгон. Ал маектеринин биринде өзүн Даниил Урицкий деген адам мурдагы күйөөсү экенин ырастаган, экөө 2010-жылдан бери чогуу жашабай калышканын билдирген. Ошондой эле 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин укук коргоо органдары анын бизнесин бир канча жолу текшергенин, Данияр Үсөновдун ага эч кандай тиешеси жоктугу такталганын маалымдаган Данияр Үсөнов аты-жөнүн Даниил Урицкий деп өзгөртүп алганы, Беларуста ири мамлекеттик ишкананы жетектеп жатканы тууралуу маалыматтар 2017-жылдын этегинде эле чыккан. Буга байланыштуу "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү Бишкектеги Беларус элчилигинин алдында нааразылык акциясын да өткөргөн.Ошол кезде беларус медиасында Кыргызстандын экс-премьер-министри Данияр Үсөновго куюп койгондой окшош адамдын сүрөттөрү жарыяланган. Анда бул киши мурдагы жылы президент Александр Лукашенконун жардыгы менен түзүлгөн "Беларус улуттук биотехнология корпорациясын" башкара турганы, өзүн Даниил Урицкий деп тааныштырганы маалым болгон. Ал адам тек-жайын, жердигин такып сураган жергиликтүү журналисттерге "Данияр Үсөнов 2013-жылы Малайзияда өлгөн" деген кабары бар экенин маалымдаганга үлгүргөн.2020-жылы август айында Беларустун президенти Александр Лукашенко Даниил Урицкий жетектеген ишканага барган жана аны менен чогуу түшкөн сүрөттөрү жарыяланган.Кыргыз бийлик өкүлдөрү Данияр Үсөновду өткөрүп берүү тууралуу беларус тарапка бир канча жолу кайрылганы, расмий Минск андан баш тартканы белгилүү.Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоонун катышуучуларына каршы кылмыштары үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою абакка кесилген

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler