Tenqri
Басты бет
Әлем

БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчөлүк: Мааниси жана артыкчылыктары

2026-жылдын 3-июну Кыргызстандын тарыхында маанилүү күндөрдүн бири болуп калды. Бул күнү Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Шайлоого жалпысынан 191 мамлекет катышып, жыйынтыгында өлкөбүз 142 добуш менен ишенимдүү же

0 қаралымkabar.kg
БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчөлүк: Мааниси жана артыкчылыктары
Paylaş:

2026-жылдын 3-июну Кыргызстандын тарыхында маанилүү күндөрдүн бири болуп калды. Бул күнү Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Шайлоого жалпысынан 191 мамлекет катышып, жыйынтыгында өлкөбүз 142 добуш менен ишенимдүү жеңишке жетти. Кыргызстандын аталган кеңештеги туруктуу эмес мүчөлүгүнүн расмий иши 2027-жылдын 1-январынан тартып башталат. Эксперттер БУУга мүчө мамлекеттердин басымдуу бөлүгүнүн Кыргызстанга көрсөтүлгөн мындай ишеними өлкөнүн эл аралык аброюнун жогорулаганын көрсөтөт деп белгилешүүдө. “Кабар” агенттиги дал ушул БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуунун артыкчылыктары тууралуу айтып берет Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши дүйнөлүк тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого жооптуу БУУнун негизги органы болуп саналат. Коопсуздук кеңеши 15 мүчөдөн турат, анын бешөө туруктуу, ону туруктуу эмес Күн мурун, 3-июнда уюмдун Нью-Йорктогу штаб-квартирасындагы түз эфирдеги жыйынында шайлоого жалпысынан 191 мамлекет катышып, жыйынтыгында Кыргызстан 142 добуш менен алдыга озуп чыкты. Ал эми Филиппин 49 добуш алды Кыргызстан сыяктуу туруктуу эмес мүчө болуп ушул эле күнү Австрия, Португалия, Тринидад жана Тобаго, Зимбабве эки жылдык мөөнөткө шайланды Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы эгемендүү өлкөнүн тарыхындагы тышкы саясаттын чоң ийгилиги. Бул тууралуу саясат таануучу Шерадил Бактыгулов “Кабар” агенттигине билдирди Ал белгилегендей, Кыргызстан мындай эң чоң жетишкендикке президент Садыр Жапаров жүргүзгөн тышкы саясаттын аркасында жете алды Ошондой эле саясат таануучу Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен бир катар мүмкүнчүлүктөргө ээ болорун айтты “Кабар” агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Элвира Сурабалдиева БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайлануу өлкөгө көрсөтүлгөн жогорку ишенимдин белгиси экенин билдирди Эл өкүлүнүн пикиринде, өлкөбүз биринчи жолу дүйнөлүк тынчтык жана коопсуздук маселелери каралуучу эң маанилүү эл аралык органга мүчө болуп жатат. Бул Кыргызстанга глобалдык деңгээлдеги маселелерди талкуулоого жана чечимдерди кабыл алууга катышууга, ошондой эле Борбор Азиянын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде илгерилетүүгө мүмкүнчүлүк берет Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен өлкөнүн эл аралык аренадагы ордун жана кадыр-баркын мындан ары да бекемдетет деп айтылууда Мурдагы тышкы иштер министри, коомдук жана саясий ишмер Аликбек Жекшенкуловдун баамында, бул тарыхый окуяны өлкөдө аткарылган көп жылдык эмгектин үзүрү деп атасак болот БУУга мүчө 191 өлкө добуш берүүдө талапкер болгон мамлекеттин туруктуулугун, экономикасын, эл аралык мамилелерин, дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрүн эске алышканын эксперттер белгилешет Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Бактыбек Аманбаев да өлкөнүн уюмдун жогорку органына мүчө болушу соңку жылдардын ичинде жүргүзүлүп жаткан тышкы саясаттын туура жүргүзүлгөнүнүн жыйынтыгы деп айтат Анын пикиринде, Кыргызстан соңку жылдары биздин региондо, жалпы эле дүйнөлүк маселелерде мамлекет катары өзүнүн позициясын, көз карашын туура айтып, көз карандысыз эгемен өлкө катары туруктуу алдыга кетип жаткандыгынын белгиси Ошондой эле ал эми БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары Кыргызстан 2 жылдын ичинде олуттуу маселелерди чечүүдө кызмат кыларына токтолуп өттү Эксперттер жана коомдук ишмерлер 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болгон Кыргызстан эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, чыр-чатактарды алдын алууга, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууну колдоого, чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ролун күчөтүүгө, ошондой эле глобалдык климат маселелеринин чечүүгө артыкчылык берерине ишеним билдиришүүдө

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler