Ормуз кризиси: Трамптын гуманитардык операциясы, Ирандын жообу
Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагына жарыялаган постунда 4-майда "Эркиндик долбоору" деп аталган операция башталарын жарыялады: "Дүйнөнүн чар тарабындагы өлкөлөр Кошмо Штаттарга кайрылып, Ормуз кысыгында топтолуп калган кемелерин бошотууга жардам берүүнү өтүнүштү. Ал өлкөлөрдүн көбүнүн Жа

Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагына жарыялаган постунда 4-майда "Эркиндик долбоору" деп аталган операция башталарын жарыялады: "Дүйнөнүн чар тарабындагы өлкөлөр Кошмо Штаттарга кайрылып, Ормуз кысыгында топтолуп калган кемелерин бошотууга жардам берүүнү өтүнүштү. Ал өлкөлөрдүн көбүнүн Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга эч кандай тиешеси жок, алар бейтарап, ал жердеги окуялардын бейкүнөө күбөлөрү" Трамп гуманитардык максатты көздөгөн миссияга жолтоо кылгандарга каршы күч колдонуларын эскертти Иран парламентинин улуттук коопсуздук боюнча комиссиясынын башчысы Эбрахим Азизи америкалык аскерлердин кысыктын тегерегиндеги иш-аракеттери ок атышпоо макулдашуусун бузуу болуп эспетелерин билдирди “Американын Ормуз кысыгындагы жаңы деңиз режимине кийлигишүүсү келишимди бузуу катары каралат”.АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) жарыялаган маалыматка караганда, “Эркиндик долбооруна” ракеталар менен жабдылган согуштук кемелер, 100дөн ашуун учак, учкучсуз платформалар жана 15 миңдей жоокер катышат. Билдирүүдө ал жабдуулар менен аскерлер кантип колдонулары такталган жок. Axios басылмасы америкалык жогорку эки аткаминерге шилтеме берип жазгандай, Деңиз-аскер флоту соода кемелерин коштобойт, алар ыктымал чабуулду алдын алуу үчүн алыс эмес жерге жайгаштырылмакчы.Ал арада Пакистандын Тышкы иштер министрлиги АКШ ирандык танкердин 22 кишиден турган экипажын Исламабадга өткөрүп бергенин, алар андан ары Тегеранга жөнөтүлөрүн билдирди. Пакистан муну ортодо "ишеним орнотуу аракети" деп сыпаттады.Вашингтондун санкциялык тизмесине киргизилген "Ислам жумуриятынын деңиз жолдору" компаниясына таандык Touska кемеси өткөн айда Оман булуңундагы Чабахар портуна жакын жерде АКШ тарабынан кармалган. Тегеран окуяны эл аралык укукту бузуу катары айыптап, кемени жана экипаж менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүн бошотууну талап кылган.АКШ менен Израил чабуул баштаган 28-февралда Иран кысыкты кемелер менен мунай танкерлери үчүн иш жүзүндө жаап салган. Ок атышууну токтотуу макулдашуусунан кийин бир-эки күнгө ачып, көп өтпөй кайра жапкан. Анын алдында АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү майнапсыз аяктаганда америкалык аскерлер ирандык портторду бөгөттөгөн. 29-апрелде Трамп Тегеран өзөктүк программасы боюнча кепке келбесе деңиз аскерлери Ирандын портторун бөгөттөөнү улантарын билдирди Кээ бир маалыматтарга караганда, согуш башталгандан бери Перс булуңунда калган кеме, танкерлерде 20 миңдей деңиз кызматкерм эки жакка жыла албай суу үстүндө калган. Кемелерде азык-түлүк запастары түгөнүп, экипаждардын психикалык саламаттыгына байланыштуу тынчсыздануу айтылып келатат Куралдуу жаңжалга чейин Ормуз кысыгынан дүйнөлүк мунай менен газдын 20% жакыны ташылчу Тынчтык планыЖекшембиде Иран АКШдан өзүнүн 14 пункттан турган тынчтык сунушуна жооп алганын жергиликтүү мамлекеттик медиа каражаттары кабарлады.Ага ылайык, Тегерандын планында АКШнын аскерлерин Иран менен чек аралаш чөлкөмдөрдөн чыгаруу, порттордун блокадасын алуу, бардык согуштук аракеттерди, анын ичинде Израилдин Ливанга каршы чабуулдарын токтотуу каралган. Андан тышкары 30 күндүн ичинде эки өлкө ортосунда келишим түзүү чакырыгы камтылган Вашингтон Тегеранга жооп кайтарганын расмий бышыктай элек. Бирок Трамп Ирандын планын алышканын, аны четке кагарын кыйытып, “алар 47 жылда адамзатка жана дүйнөгө кылган иштери үчүн жетиштүү кун төлөй электигин” билдирди 4-майда Ирандын Тышкы иштер министрлининин басма сөз катчысы Эсмаил Багаи тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алга жылуусу үчүн АКШны ашыкча талаптардан баш тартууга үндөдү. "Азыркы баскычта биз согушту токтотууга артыкчылык беребиз", - деп айтты дипломат, ошол эле маалда кеп кайсы талаптар тууралу жүргөнүн тактаган жок Вашингтон Ислам жумурияты ядролук куралга ээ болбошу керек деп кайталап келет. Тегеран өзөктүк программасы жарандык максаттарды гана көздөөрүн айтууда Өткөн жумада Трамп Иран Ормуз кысыгын ачтырууну көздөп, атомдук программасын талкуулоону кийинкиге калтырууну көздөп жатканын, бирок андай шартка макул болбостугун билдирген Тараптар макулдашкан убактылуу ок атышпоо режими 8-апрелде күчүнө кирип, көп өтпөй делегациялар Исламабадда жолуккан. Бирок ал сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан эмес. Ок атышпоонун мөөнөтү соңуна чыккандан кийин Трамп анын мөөнөтүн дагы узартканын жарыялаган
Diğer Haberler

SpaceX-ə qarşı qrup davası: Evlərimizə ziyan dəydi - Kıbrıs Qəzeti - Kıbrıs News, KKTC Son Dəqiqə və Gündəm Xəbərləri

Tokayev AEK fəaliyyətinin əsas istiqamətləri üzrə hesabatı dinləyib
