Tenqri
Ana Səhifə
Dünya

Кыргызстан менен Грузия авиация жана транзиттик алаканы өнүктүрөт

Кыргызстандын жарандык авиациясы жана эл аралык саясаты олуттуу өзгөрүүлөрдүн босогосунда турат. Өлкө жогорку деңгээлдеги дипломатиялык байланыштарын бекемдөө менен гана чектелбестен, дүйнөлүк авиациялык картага толук кандуу, ишенимдүү жана коопсуз өнөктөш катары кайтып келүүдө. Акыркы күндөрдөгү не

0 baxışkabar.kg
Кыргызстан менен Грузия авиация жана транзиттик алаканы өнүктүрөт
Paylaş:

Кыргызстандын жарандык авиациясы жана эл аралык саясаты олуттуу өзгөрүүлөрдүн босогосунда турат. Өлкө жогорку деңгээлдеги дипломатиялык байланыштарын бекемдөө менен гана чектелбестен, дүйнөлүк авиациялык картага толук кандуу, ишенимдүү жана коопсуз өнөктөш катары кайтып келүүдө. Акыркы күндөрдөгү негизги окуялар — Грузиянын премьер-министринин тарыхтагы алгачкы сапары, Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгуу жана Жакынкы Чыгыш багытындагы каттамдардын кеңейиши республика үчүн ири экономикалык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрдү ачууда Эки тараптуу мамилелердеги эң маанилүү окуялардын бири Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга расмий сапары менен келиши болду. 11-июнда жогорку даражалуу мейманды “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды Кыргызстандын Азербайжан жана Грузиядагы мурдагы элчиси Кайрат Осмоналиев белгилегендей, бул сапар чындап эле тарыхый мааниге ээ Белгилей кетсек, сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Кобахидзенин жолугушуусу болуп, анын жыйынтыгында кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду. Алардын катарында авиация тармагындагы кызматташуу боюнча меморандум да бар Лидерлер транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга өзгөчө көңүл бурушту. Өзүнүн уникалдуу географиялык жайгашуусу жана Кара деңиздеги өнүккөн порттук инфраструктурасы менен Грузия Азия менен Европанын ортосундагы логистикалык байланыштарды камсыздоодо маанилүү роль ойнойт. Ушул кызыкчылыктардын негизинде тараптар Кыргызстан менен Грузиянын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу келечегин да кеңири талкуулашты Ошондой эле ата мекендик авиация тармагы үчүн негизги жаңылык Кыргызстандын Евробиримдиктин кара тизмесинен расмий түрдө чыгуусу болду. Өлкө бул тизмеде акыркы 20 жыл бою турган Бул чечим Кыргызстандын авиациялык системасы учуу коопсуздугунун эң жогорку эл аралык талаптарына толук жооп берерин дүйнөлүк деңгээлде таануу болуп эсептелет. Бул тарыхый ийгиликке жетишүүдө жарандык авиацияны модернизациялоого багытталган туруктуу мамлекеттик саясат жана тармакты өнүктүрүүнү башкы артыкчылыктардын бири катары белгилеген президент Садыр Жапаровдун ар тараптуу колдоосу чечүүчү роль ойноду И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун директору Улан Курманов бул чечим авиация тармагына, анын ичинде келечектеги жаш адистерге кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачарын айтып берди “Биздин студенттер дагы "кара тизмеден" чыгуу бизге эмне берет деп көп сурашат. Мен аларга аны дүйнөдөгү ири авиакомпаниялардын Кыргызстанга келишине жол ачат деп түшүндүрөм. Өлкө жарандары жана жүргүнчүлөрү дүйнөлүк деңгээлдеги кызматтарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мындан тышкары, атаандаштыктын күчөшү эл аралык каттамдардын баасын төмөндөтүп, авиабилеттерди жеткиликтүүрөөк кылат”, - деди ал Кыргызстандын улуттук авиакомпаниялары эми тиешелүү сертификациядан өтүп жана бардык уруксаттарды алгандан кийин Европа биримдигинин өлкөлөрүнө каттамдарды аткарууга мыйзамдуу укук алышты. Алгачкы ири пландар да белгилүү болду. 2027-жылы Кыргызстан Германияга түз авиакаттамдарды ишке киргизүүнү көздөөдө. Каттамдар заманбап Airbus A321 учактары менен ишке ашырылат Муну менен катар Кыргызстан Жакынкы Чыгыш багытын өнүктүрүү аркылуу дүйнөлүк туристтик картадагы позициясын бекемдеп жатат. “Кыргызстан аэропорттору” ААКсынын төрагасы Манасбек Самидинов Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү Жолугушуулардын негизги практикалык жыйынтыгы катары 2026-жылдын жайкы туристтик сезонуна карата Шарджа — Ысык-Көл (Тамчы айылы) багыты боюнча түз аба каттамын ачуу чечими кабыл алынды. Учурда тараптар каттамдардын башталыш мөөнөттөрүн жана алардын жыштыгын тактап жатышат Мындан тышкары Самидинов буга чейин билдиргендей, бүгүнкү күндө ата мекендик авиакомпаниялар 20дан ашык чет өлкөлүк авиаташуучу менен түз кызматташат “Өлкөнүн негизги авиациялык түйүнү болгон “Манас” эл аралык аэропорту эң кеңири географиялык камтууну камсыздайт. Бул жерден Россияга, КМШ өлкөлөрүнө, Бириккен Араб Эмираттарына, Кытайга жана Түркияга каттамдар жүрүп баштайт. Эми бул багыттарга Европа дагы кошулат”,- деди Самидинов Бүгүн Кыргызстан өзүнүн авиациялык тарыхында таптакыр жаңы баракты ачууда ишенимдүү түрдө айтууга болот. Европанын аба мейкиндигиндеги көп жылдык чектөөлөрдөн чыгуу, инфраструктураны модернизациялоо жана Грузия сыяктуу транзиттик өнөктөштөр менен тарыхый келишимдерге жетишүү өлкөнү Борбор Азиядагы маанилүү авиациялык түйүндөрдүн бирине айландырууда. Кыргызстан асманы дүйнө үчүн барган сайын ачык болуп баратат

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler

Кыргызстан менен Грузия авиация жана транзиттик алаканы өнүктүрөт | Tenqri