Tenqri
Ana Səhifə
Dünya

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан улуттук бренд

Кыргызстан туризмди өнүктүрүүдө өзүнүн уникалдуу маданий брендине таянып, дүйнөлүк аренада өз ордун бекемдөө аракетинде. Бул багыттагы эң ири долбоорлордун бири — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Ал өлкөнү эл аралык деңгээлде таанытууга, туристтерди өлкөгө тартууга жана экономиканы өнүктүрүүгө чоң салым

0 baxışkabar.kg
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан улуттук бренд
Paylaş:

Кыргызстан туризмди өнүктүрүүдө өзүнүн уникалдуу маданий брендине таянып, дүйнөлүк аренада өз ордун бекемдөө аракетинде. Бул багыттагы эң ири долбоорлордун бири — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Ал өлкөнү эл аралык деңгээлде таанытууга, туристтерди өлкөгө тартууга жана экономиканы өнүктүрүүгө чоң салым кошмокчу. Быйылкы оюндардын ЮНЕСКО тарабынан колдоого алынышы кыргыз мурасынын дүйнөлүк деңгээлде таанылганынын далили болуп саналат VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов “Кабар” агенттигине билдиргендей, Кыргызстанда туризм тармагы экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет. Анын айтымында, бүгүнкү дүйнөдө ар бир мамлекет өзүн таанытуу үчүн маркетингдик ыкмаларды активдүү колдонууда Эл аралык масштабдагы долбоор Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандыруу жана дүйнөгө жайылтуу максатында Кыргызстан тарабынан демилгеленген ири эл аралык иш-чара болуп саналат. Оюндар 2014, 2016 жана 2018-жылдары Ысык-Көлдө, 2022-жылы Түркияда, 2024-жылы Казакстанда өткөрүлгөн. Ал эми быйыл VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт. Иш-чара 31-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунун бир нече локациясында уюштурулат. Расмий маалыматка ылайык, 100дөн ашык өлкөгө чакыруу жөнөтүлүп, бүгүнкү күндө 50дөн ашуун өлкө катышарын тастыктаган Көчмөндөр оюндарынын туризмге тийгизген таасири Көчмөндөр оюндары өлкөгө туристтерди массалык түрдө тарткан уникалдуу долбоор катары таанылып келет. Иш-чара негизинен Ысык-Көл облусунда өтүп, келген коноктор кыргыз маданияты менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул жерде этнотуризм, спорттук туризм жана экотуризм айкалышат Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатовдун айтымында, Кыргызстан дүйнөлүк туристтик картада толук ачыла элек, бирок абдан келечектүү багыт болуп саналат Ал туристтерге Ысык-Көл менен гана чектелбестен, Баткендеги Каравшин капчыгайы, Нарындын бийик тоолуу аймактары, Сары-Жаз өрөөнү, Чүйдүн Кара-Балта, Сокулуктагы жапайы жаратылышы жана Таластагы Беш-Таш улуттук паркы сыяктуу аймактарды да сунуштады Экономикалык жана инфраструктуралык таасир Көчмөндөр оюндарынын эң маанилүү натыйжаларынын бири – экономикалык активдүүлүктүн өсүшү: Иш-чаралар негизинен Ысык-Көлдө өтүп жаткандыктан, бул аймакта инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда Мисалы, “Кыргызавтожол” ишканасы быйыл Кырчын жайлоосуна баруучу 18 чакырым жолду асфальттады Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан бренд Дүйнөдүк көчмөндөр оюндары жөн гана спорттук мелдеш эмес, бул – кыргыз маданиятын дүйнөгө тааныткан ири фестиваль жана улуттук бренд Адистердин баамында, бул иш-чара аркылуу Кыргызстан көчмөн цивилизациясынын борбору катары өз ордун бекемдеп келет. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин айтымында, быйыл оюндар ЮНЕСКОнун колдоосуна ээ болду Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстан үчүн жөн гана маданий иш-чара эмес, өлкөнүн эл аралык имиджин көтөргөн, туризмди жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык инструмент болуп саналат. Бул уникалдуу ири иш-чара өлкөнү дүйнөгө таанытуу менен туристтердин агымын көбөйтөт, экономиканы жандандырып, инфраструктураны өнүктүрөт

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler