Tenqri
Ana Səhifə
Dünya

Азык-түлүк коопсуздугу: Кыргызстан кайсы көрсөткүчтөрдү жакшыртты?

Акыркы жылдары айыл чарба тармагында өндүрүш көлөмүнүн өсүшү байкалууда. Мамлекет тарабынан дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү, айыл чарба техникасын жаңылоо, сугат системаларын реконструкциялоо жана үрөн чарбасын өнүктүрүү боюнча иштер жигердүү жүргүзүлүп келет Мындай иш-аракеттерди

0 baxışkabar.kg
Азык-түлүк коопсуздугу: Кыргызстан кайсы көрсөткүчтөрдү жакшыртты?
Paylaş:

Акыркы жылдары айыл чарба тармагында өндүрүш көлөмүнүн өсүшү байкалууда. Мамлекет тарабынан дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү, айыл чарба техникасын жаңылоо, сугат системаларын реконструкциялоо жана үрөн чарбасын өнүктүрүү боюнча иштер жигердүү жүргүзүлүп келет Мындай иш-аракеттердин натыйжасында бир катар азык-түлүк түрлөрү боюнча ички өндүрүштүн көлөмү көбөйүп, өлкөнүн өзүн-өзү камсыздоо мүмкүнчүлүгү кеңейүүдө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылга карата Кыргызстан негизги 9 азык-түлүктүн алтоосу боюнча өзүн-өзү камсыздоо деңгээлине жетти Алардын катарына төмөндөгү азыктар кирет: Ал эми 2020-жылдан 2025-жылга чейин мамлекеттик колдоонун жана дыйкандардын мээнетинин натыйжасында өлкөнүн өзүн-өзү камсыздоо көрсөткүчү төмөнкүдөй жогорулаган: Маалыматка ылайык, негизги азык-түлүктөр боюнча өзүн-өзү камсыздоо көрсөткүчтөрү төмөндөгүдөй өскөн: 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө картошка менен өзүн-өзү камсыздоо деңгээли 167,1 пайызды, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү боюнча 177,9 пайызды, ал эми сүт боюнча 127,3 пайызды түзгөн. Ошол эле учурда эт (85,7 пайыз), кант (82,1 пайыз) жана жумуртка (79,8 пайыз) боюнча да көрсөткүчтөр жогору болгон. Ал эми нан азыктары боюнча көрсөткүч 49,2 пайызды, мөмө-жемиштер 51,4 пайызды жана өсүмдүк майы 51,7 пайызды түзгөн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев "Кабар" агенттигине билдиргендей, азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө мыйзамга ылайык, азык-түлүк менен камсыздоо деңгээли 80 пайыздан ашса, өлкө өзүн-өзү камсыз кылууга жетишти деп саналат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев “Кабар” агенттигине билдирди Учурда өлкө өзүн-өзү камсыздап жаткан 6 продукциянын быйылкы жылдын январь-апрель айларына карата пайыздык көрсөткүчтөрү төмөндөгүдөй: Ошондой эле пайыздык көрсөткүчтөр жыл мезгилдерге жараша өзгөрүлүп турат Чекирбаев кошумчалагандай, азык-түлүк коопсуздугуна негизинен сырткы жана ички факторлор таасир этүүдө “Алардын катарында геосаясий, макроэкономикалык, анын ичинде инфляция, дүйнөдө баалардын өсүшү, глобалдык жылуулуктан улам температуранын жогорулап деградацияга алып келүүсү бар. Министрлик бул тобокелдиктерди эске алуу менен атайын программаларды иштеп чыгууда”,-деди ал Андан сырткары, бөлүм башчы белгилегендей, өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, жаңы концепция иштелип чыкты Анын белгилешинче, учурда азык-түлүк рыногундагы ар кандай тобокелдиктерге, анын ичинде баалардын өсүшүнө же төмөндөшүнө, товарлардын тартыштыгы жана ашыкча көлөмү жаралган учурларга карата иш-аракеттердин сценарийлери даярдалууда. Ошондой эле бул багыттагы укуктук-ченемдик актылар да иштелип чыгып жатат Чекирбаев ошондой эле ар бир айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган өзүнчө программалар бар экенин белгиледи. Алардын катарына багбанчылыкты өнүктүрүү, ирригациялык системаларды жакшыртуу жана айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча долбоорлор кирет Анын айтымында, учурда негизги басым жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө жасалууда. Ошону менен катар азык-түлүк рыногунда күтүлбөгөн кырдаалдар жаралган учурда ыкчам чара көрүү механизмдери иштелип чыгууда. Азык-түлүккө болгон баалар кескин өзгөргөндө, товар тартыштыгы же ашыкча сунуш пайда болгондо бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын бирдиктүү система аркылуу ыкчам аракеттенүүсүн камсыз кылуу боюнча тиешелүү даярдыктар көрүлүүдө

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler