Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

"Жол кире 900 сом болду". Такси акысын көтөргөн жаңы талап

1-июлдан тартып лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөндөргө айып салына турганы айтылган. Мындай чечимден кийин такси кызматынын жеткирүү акысы жогорулап, кардарлар көпкө чейин күтүүгө аргасыз болууда “Мен жашаган тарапка автобус каттабагандыктан кеч калганда такси чакырам. Чынында эле мурдагыга с

0 görüntülemeazattyk.org
"Жол кире 900 сом болду". Такси акысын көтөргөн жаңы талап
Paylaş:

1-июлдан тартып лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөндөргө айып салына турганы айтылган. Мындай чечимден кийин такси кызматынын жеткирүү акысы жогорулап, кардарлар көпкө чейин күтүүгө аргасыз болууда “Мен жашаган тарапка автобус каттабагандыктан кеч калганда такси чакырам. Чынында эле мурдагыга салыштырмалуу кымбаттап кетти. Мурда 150 сомдун тегерегинде болчу эле азыр 300 сомго чыкты”.“Айни 72 дарегинен №3 балдар ооруканасына баруу үчүн 390 сом төлөдүм. Болгону 15 мүнөттүк жол”.“Эми кымбаттайт да жанагы лицензия деп жатат, салык бар”.“Ала-Тоодо жашайм, такси баасы 900 сомго чейин чыгып кетти. Анысы аз келгенсип бир саат күттүм. Таксилер жетишпей жатат дешти”, - деди "Азаттык" микрофон сунган шаар тургундары “Жорго” компаниясынын өкүлү Максат Саалаев талаптарга ылайык оң рулдуу автоунаалар тейлөө кызматынан алганын айтууда. Мындан улам кызмат көрсөткөн автоунаалардын саны мурдагыга салыштырмалуу азайган “Айдоочулардын көбү лицензия алуу үчүн кезекте турушат. Масштабдуу түрдө кезек көп болгондуктан, жоопторун күтүшүүдө. Лицензия күчүнө киргенден баштап тарифтер мурдагы баа менен сакталып турат. “Жорго” компаниясында баа көтөрүлбөйт. Бул тууралуу буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылып келген. Оң рулдуу автоунаалардын айдоочулары өздөрү машинелерин алмаштырууга аракет кылды. Автоунаалар мурдагыга салыштырмалуу бир аз азайды. Анткени 1-июлдан тартып оң рулдуу унааларды биз линиядан четтеттик”.“Акжол” такси паркынын жетекчиси Сейтек Бегалиев такси кызматын көргөзгөндөрдүн саны мурдагыдан кыскарганын белгиледи:“Бизде иштеген таксилер 5-10 пайызга чейин кыскарды десек болот. Бирок ага деле жетпейт. Биз буга чейин лицензияга байланыштуу күнү-түнү иштедик. Азыркы учурда баа көтөрүлгөн жок. Буга чейин жумушка баратып жана кайтканда кардар алган айдоочулар иштебей калышы мүмкүн. Анткени мамлекеттик кызматкерлер деле ишке чейин иштен кийин кардарларды ала кетчү да. Эми алар иштей албай калат. Аларга иштегенге болбойт экен” Айрымдар баанын көтөрүлүп кеткенин күйүүчү майга байланыштуу абалдан көрүүдө. Бейрасмий маалыматтарда өлкө боюнча такси кызматы менен алектенген айдоочулардын саны 60 миңден ашуун экени айтылып жүрөт Учурда өлкө аймагы боюнча 22 миңден ашык айдоочу такси кызматын көрсөтүүгө лицензия алган. Мындан сырткары 441 такси паркы да ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн каттоодон өткөн Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы таксисттерге рейд жүргүзүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын айтты: “Эгерде лицензиясы жок иш алып барчу болсо, жеке тараптарга 7 500 сом айып салынат. Ал эми юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат. “Түндүк”, “МБанк”, “Элдик Банк” тиркемеси аркылуу документ тапшырган болсо, анда ал жерде билдирүү жибергени көрүнүп турат. Андай айдоочулар ишмердүүлүгүн жүргүзө берсе болот”, - деди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери Нурдин Саанбаев Кыргызстанда 2025-жылдын 22-августунан тартып такси кызматын көрсөткөн айдоочуларды лицензия алууга милдеттендирген жана оң рулдуу автоунаа менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. Кийин лицензия алуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылган. Айдоочулардын өтүнүчү менен бул мөөнөт 1-июлга чейин жылдырылган

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler

"Жол кире 900 сом болду". Такси акысын көтөргөн жаңы талап | Tenqri