Жогорку Кеңеш Дүйнөлүк банк менен мыйзамдарды жакшыртууну кеңешет
Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрага Марлен Маматалиев Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Хью Ридделди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти Жолугушууда төрага Кыргызстан Дүйнөлүк банк менен тыгыз кызматташып, бир катар долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып ке

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрага Марлен Маматалиев Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Хью Ридделди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти Жолугушууда төрага Кыргызстан Дүйнөлүк банк менен тыгыз кызматташып, бир катар долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келе жатканын белгиледи "Андыктан, биз калыптанган өнөктөштүктү өнүктүрүп, экология, климаттын өзгөрүүсүн жөнгө салуу, тоо тутумун жакшыртуу өңдүү тармактарда кызматташууга кызыкдарбыз. Ал эми Жогорку Кеңеш айрым мыйзам актылары боюнча пикир алмашып, консультациялык кеңештерди алууга артыкчылык беребиз", – деди ал Буга жүйө катары мамлекеттик сатып алууларга байланышкан мыйзамдарды жакшыртуу маселесине токтолду Ал эми Хью Риддел аталган мыйзамга карата айрым пикирлерин айтып, аны жакшыртуу жаатында сунуштары менен бөлүшүүгө даяр экенин кошумчалады Тагыраагы, тараптар мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушуп, киргизилген соңку өзгөртүүлөр боюнча пикир алмашты