Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

Жети-Өгүз районунда жаңы оорукана жана медицина кызматкерлери үчүн жатакана курулат

Бишкек, 14.03.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун абалы менен таанышты Медициналык мекеменин аймагында 11 корпус жайгашкан, алардын бир бөлүгү 1950–19

1 gün önce0 görüntülemekabar.kg
Жети-Өгүз районунда жаңы оорукана жана медицина кызматкерлери үчүн жатакана курулат
Paylaş:

Бишкек, 14.03.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун абалы менен таанышты Медициналык мекеменин аймагында 11 корпус жайгашкан, алардын бир бөлүгү 1950–1970-жылдары курулган. Бир нече имарат авариялык абалда, айрым корпустар капиталдык оңдоого жана инженердик коммуникацияларды модернизациялоого муктаж. 2024-жылы 60 орундуу аймактык оорукананын жаңы корпусу пайдаланууга берилип, анда хирургия, балдар, төрөт жана реанимация бөлүмдөрү жайгаштырылган. Ошол эле учурда, медициналык мекемеге жүктөм көп болгондуктан, учурдагы кубаттуулуктар калктын керектөөлөрүн толук камсыз кылуу үчүн жетишсиз Министрлер кабинетинин башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга заманбап талаптарга жооп берген жаңы оорукананын имаратын, ошондой эле медицина кызматкерлери үчүн жатакана куруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды Жумуш сапарынын алкагында минкаб башчысы "Жети-Өгүз" санаторийин капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен да таанышты. Мекеме президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүп берилген. Санаторийдин инфраструктурасын жаңыртуу жана өнүктүрүү максатында объекттерди реконструкциялоо жана модернизациялоо, жаңы курулмаларды куруу жана эс алуучулар үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Долбоорду ишке ашыруу көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга жана санаторийди заманбап курорттук-саламаттыкты чыңдоо комплекси катары өнүктүрүүгө багытталган. Санаторийди реконструкциялоо ушул жылдын күзүндө аяктайт деп күтүлүүдө Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу аяктоону камсыз кылууну тапшырды