Жерде жаздын алгачкы узак магниттик бороону катталды
Бишкек, 16.03.26 /Кабар/. Жер планетасында жаз мезгилинин алгачкы узак магниттик бороону башталды. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясына таянып, Интерфакс билдирди Маалыматка ылайык, Күндөн келген шамалдын ылдамдыгынын кескин

Бишкек, 16.03.26 /Кабар/. Жер планетасында жаз мезгилинин алгачкы узак магниттик бороону башталды. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясына таянып, Интерфакс билдирди Маалыматка ылайык, Күндөн келген шамалдын ылдамдыгынын кескин жогорулашынан улам пайда болгон. Мунун себеби - Күндөгү “короналдык тешик” аймагы Адистердин айтымында, магниттик бороон 9 сааттан бери дээрлик өзгөрүүсүз уланып жатат. Анын деңгээли G1.7 болуп, бул орточо күчтөгү геомагниттик кубулушка кирет Учурда Күн шамалынын ылдамдыгы секундасына болжол менен 700 чакырымга жетти. Ал эми адатта бул көрсөткүч саатына 300-400 чакырым чамасында болот. Башкача айтканда, шамалдын ылдамдыгы дээрлик эки эсе көбөйгөн. Ошондуктан геомагниттик толкундоолор дагы бир нече күнгө созулушу мүмкүн. Бирок жакынкы сааттарда абал убактылуу турукташышы да ыктымал Окумуштуулардын маалыматына караганда, мындай деңгээлдеги магниттик бороон негизинен жогорку кеңдиктерде электр системаларына жана радиобайланышка таасир этиши мүмкүн. Ал эми орто жана түштүк аймактарда анын таасири анча күчтүү болбойт Адистер бул март айындагы экинчи магниттик бороон экенин белгилешти. Биринчиси 4-мартта катталган, бирок ал кыска убакытка гана созулган Маалыматка ылайык, жыл башынан бери Жерде жалпысынан 17 күн магниттик бороон болду. Бул жыл геомагниттик активдүүлүк боюнча рекорд коюшу мүмкүн экенин окумуштуулар белгилешүүдө
Diğer Haberler

Trump, ölü Amerikan askerlerinin cesetlerinin bulunduğu uçakla şahsen tanıştı - FOTOĞRAF
yaklaşık 5 saat önce
Paralimpik şampiyonu: "Sporun Onurlu Ustası" unvanını kendime bayram hediyesi olarak aldım
yaklaşık 5 saat önce