Жээнбек Кулубаев БАЭнин тышкы иштер министри менен телефон аркылуу сүйлөштү
Бүгүн, 16-мартта тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаев Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министринин орун басары жана тышкы иштер министри Абдулла бин Заед Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жээнб

Бүгүн, 16-мартта тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаев Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министринин орун басары жана тышкы иштер министри Абдулла бин Заед Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Садыр Жапаровдун атынан БАЭ элине тилектештик билдирди Тараптар аймактагы чыңалууну жакын арада басаңдатуу, дипломатиялык диалогду жандандыруу жана тынчтык менен туруктуулукту бекемдөөгө багытталган конкреттүү кадамдарды кабыл алуу зарылдыгын белгилешти


