Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

Жайкы аптап: Ден соолукка кантип кам көрүү керек?

Бишкек, 08.07.26 /Кабар/. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору жарандар үчүн жайкы ысыктан коргонуу боюнча сунуштарды даярдады Борбордон белгилешкендей, абанын температурасынын ашыкча көтөрүлүшү адамдын организмине, өзгөчө жүрөк-кан тамыр системасынын абалына терс та

0 görüntülemekabar.kg
Жайкы аптап: Ден соолукка кантип кам көрүү керек?
Paylaş:

Бишкек, 08.07.26 /Кабар/. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору жарандар үчүн жайкы ысыктан коргонуу боюнча сунуштарды даярдады Борбордон белгилешкендей, абанын температурасынын ашыкча көтөрүлүшү адамдын организмине, өзгөчө жүрөк-кан тамыр системасынын абалына терс таасирин тийгизет. Организм жогорку температурага кан тамырларды кеңейтүү менен реакция жасайт, натыйжада кан басымы төмөндөйт. Мындан улам, жүрөк кан айланууну нормалдуу сактап калуу үчүн күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт Жайдын ысык күндөрүндө организмдин суусуздануусун, ошондой эле ысык урууну жана күн өтүүнү алдын алуу үчүн күндүн астында узак убакыт жүрүү сунушталбайт Ысык уруу – бул дененин ашыкча ысып кетүүсүнөн улам келип чыккан курч оорулуу абал. Ысык уруу жогорку температура шарттарында, мисалы, мончодо, сырттан аба кирбеген думуккан бөлмөдө же тыгында турган унаанын ичинде болушу мүмкүн Күн өтүү – бул ысык таасиринин бир түрү. Ысык уруудан айырмаланып, күн өтүү күндүн астында көпкө туруудан жана күн нурларынын башка түз тийүүсүнөн улам дененин ашыкча ысып кетүүсүнөн келип чыгат Төмөнкү шарттарда күн өтүү коркунучу жогорулайт: Ысык уруунун кесепетинен дененин нормалдуу температурасы бузулуп, баш оору, баш айлануу, кускусу келүү, кусуу байкалат, адамдын жалпы абалы начарлап, дене табы +40…+41 градуска чейин көтөрүлүп, дем алуусу тездейт Күн өткөндө да баш оору, кускусу келүү, жалпы алсыздык, ошондой эле дем алуу менен пульстун тездеши, көздүн карегинин кеңейиши жана мурундан кан агуу байкалат Дарыгерлер ысык уруунун жана күн өтүүнүн симптомдорун оордугуна жараша үч баскычка бөлүшөт. Үчүнчү баскычта жөөлүү, галлюцинация, калтыроо жана эс-учун жоготуу пайда болушу мүмкүн Адаттан тыш жогорку температурада өнөкөт жугуштуу эмес оорулар курчуп, инфаркт жана башка татаалдашуулардын учурлары көбөйөт Ысык уруу тез жана байкалбай калышы мүмкүн: Ысык ошондой эле адамдын психикасына жана жүрүм-турумуна да таасирин тийгизет: Үйлөр жыш салынган жана көп кабаттуу имараттары бар мегаполистерде абанын температурасы шаар четине караганда орточо эсеп менен 5-10 °C жогору болот. Шаарларда күндүз ысык болсо, түнкүсүн жогорку нымдуулуктан улам салкындабайт Бул организмдин калыбына келишине тоскоолдук кылып, чарчоонун топтолушун шарттайт. Мындай абал өзгөчө кош бойлуу аялдар, өнөкөт оорулары курчуп кетиши мүмкүн болгон кары-картаңдар үчүн кооптуу Ысыктан коргонуу боюнча сунуштар Адистер ысык урууну же күн өтүүнү алдын алуу үчүн аномалдуу ысыкта өзүн кандай алып жүрүү керектиги боюнча жөнөкөй, бирок натыйжалуу кеңештерди чогултушту: Тамактануу боюнча сунуштар Жайында жогорку температурадан улам организм стресске кабылат: тер бездери аркылуу маанилүү микроэлементтер активдүү жоголот, жүрөк-кан тамыр системасына жана бөйрөккө күч келет Төмөнкүдөй тамактануу аркылуу организмди колдоого болору айтылды: Күн өткөндө жана ысык урганда эки учурда тең биринчи жардам көрсөтүү бирдей. Алгачкы белгилер пайда болгондо тез чара көрүү зарыл: Эгерде сизге же башка адамга транспортто бара жатканда абал начарлап кетсе (баш айлануу, алсыздык, көздүн караңгылашы, кускусу келүү, аба жетпей жаткандай сезилүү): Абал начарлап кеткен учурда 103 номери боюнча тез жардам чакыруу зарыл

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler

Жайкы аптап: Ден соолукка кантип кам көрүү керек? | Tenqri