Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

Zhany bilgi sayfası

“Эркин Европа/Азаттык" радиосунун (ЭЕ/АР) миссиясы – сөз эркиндиги орной элек жана ага бийлик тыюу салган өлкөлөрдө маалыматты таратуу жана чагылдыруу аркылуу демократиялык баалуулуктарды жана институттарды, ошондой эле адам укуктарын алга сүрөө ЭЕ/АР журналисттери көптөгөн адамдарга өз өлкөсүндө

4 gün önce0 görüntülemeazattyk.org
Zhany bilgi sayfası
Paylaş:

“Эркин Европа/Азаттык" радиосунун (ЭЕ/АР) миссиясы – сөз эркиндиги орной элек жана ага бийлик тыюу салган өлкөлөрдө маалыматты таратуу жана чагылдыруу аркылуу демократиялык баалуулуктарды жана институттарды, ошондой эле адам укуктарын алга сүрөө ЭЕ/АР журналисттери көптөгөн адамдарга өз өлкөсүндө (жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында) жетишсиз болгон цензурасыз маалыматты жеткирет, ачык талкууга жол ачат. ЭЕ/АР басымга жана таасир көрсөтүү аракетине карабастан көз карандысыз журналистиканын эң бийик стандарттарына жетүүнү жана фактыларды чагылдырууну көздөйт "Азаттык үналгысынын" (”Азаттыктын") бардык журналисттери, айрым учурларда салым кошкон калемгерлери жана башка кызматкерлери төмөнкү жоболорго ылайык иш алып баруусу керек: ”Азаттыктын" журналисттери бардык берүүлөр жана башка жарык көрчү (анын ичинде интернет аркылуу жеткирилчү) материалдар факты жүзүндө так болушун камсыздоо үчүн бар аргасын жасайт. Эгерде фактынын олуттуу жагдайына карата күмөн же талаш-тартыштуу жагдай туулса, анда маалымат бери дегенде эки башка көз каранды эмес булакка негизделиши зарыл ”Азаттыктын" журналисттери айың кепке же такталбаган маалыматка таянган маалыматты обого чыгарбайт жана жарыялабайт Фактологиялык каталар мүмкүн болушунча тез арада оңдолушу керек Маалымат фактыга негизделген контекстте сунушталышы керек жана бул контекст окуялар менен ар кыл нерселерди аңдоону арттырып, эч кандай бурмалоо менен бир беткейликке алдырбай, ачык-даана сыпатталышы керек Журналисттер бардык маселелер боюнча каршы айтылган пикирлерди же айырмалуу көз караштарды так жана тең салмактаган усулда чагылдырып турушу керек. Эгерде берүүнү тең салмактоо үчүн пикири жана көз карашы маанилүү болгон кайсы бир топтор же айрым кишилер өз пикирин айтуудан баш тартса, анда баянда же макалада бул тууралуу эскерип өткөн ылайык ”Азаттык" ар кандай саясий партиядан, бийликтеги же оппозициядагы бирикмеден, бозгундагы уюмдан, соода-сатык менен алектенген же башка өзгөчө кызыкчылыкка жетеленген уюмдан, же болбосо диний жамааттан көз каранды эмес болууга тийиш жана эч бир өзгөчөлөнгөн саясий, экономикалык, же диний көз карашты колдоп, ага үндөбөөгө тийиш Сереп. Комментарий. Редактордук макала Бардык берүүлөр жана жарык көрчү материалдар баяндалган маалыматтын олуттуулугун жана анын натыйжасын аудитория дурусураак аңдашы үчүн көмөкчү болгондой деңгээлде тиешелүү окуянын кыртышын чагылдырган жана баяндаган маалыматтык жагдайларды камтышы керек. Журналисттер фактологиялык баяндарды сунуштаганда өздөрүнүн жекече пикирлерин же бааларын кыстара кетпөөгө тийиш Жалпысынан, комментарийден оолак болуу зарыл. ”Азаттык" жекече көз карашты таңуулаганга караганда, окуяга жалпы баа берүүнү ылайык көрөт. ”Азаттыктын" кызматкерлери өзгөчө учурларда гана Сырткы байланыштар бөлүмүнүн директорунун, же анын орун басарынын алдын-ала жактыруусуна ылайык гана комментарий бериши мүмкүн. Мындан башка ар бир адистин комментарийи ”Азаттык" жетекчиликке алган кесиптик стандартка жооп берүүгө тийиш Берүүнү алып баруу маанайы жана сый мамиле Бардык берүүлөр жана жарык көрчү материалдар сабырдуу жана байистүү маанайды карманышы керек, ошондой эле олуттуу талкуу-баарлашууларда цивилизациялуу, жүйөгө негизделген мамилесин жана бардык инсандардын укуктарын сыйлоосун көрсөтүүдө өрнөк болушу керек. Берүүлөр жана жарык көрчү материалдар ар кандай кишиге же жамааттарга карата диний, улуттар аралык, социалдык-экономикалык же маданий өңүттөгү кемсинтүүгө жол бербөөгө тийиш жана жүрүм-турум мамилелери менен табит жаатында жалпы коомчулукка таандык стандарттарды карманышы керек Берүүлөр жана жарык көрчү материалдар бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген же зомбулук аракеттерге шыкактай турган жагдайларды оолак болууга тийиш. Тополоңдорду же башка курч, тирешкен учурларды чагылдырууда берүүлөр жана жарык көрчү материалдар тең салмакталышы жана фактыга негизделиши керек Жаатты жактоодон обочо болуу ”Азаттык" демократиялык өлкөлөрдө жалпы жайылгандай демократиялык түзүлүштү жана адам укуктарын жактайт, бирок ”Азаттык" өзгөчө бир максатты көздөгөн саясатты же мыйзамды кабыл алдырууну бир тараптуу жактабашы керек жана берүүлөрүндө шайланма же дайындалма кызматка талапкер болгон кишилерди бир тараптуу колдоого алууга же ага каршы чыгууга жол койбошу керек ”Азаттык" ”Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Хелсинки корутунду актында" белгиленген бардык элдердин өзүн-өзү аныктоо укуктарын колдойт. Бирок берүүлөр жана жарык көрчү материалдар жикчил же бөлүп-жаргыч тараптарды жактап, колдоо көрсөтүүдөн алыс болушу керек ”Азаттык" эл аралык деңгээлде кабыл алынган нормага ылайык бардык кишилердин жер кезүү жана көчүү (миграция) эркиндигин жактайт, бирок ”Азаттык" даярдаган берүүлөр жана жарык көрчү материалдар элдин кайсы бир тобунун качып чыгышына жана көчүүсүнө шыкак болгон жагдайларды камтыбашы керек Этикалык (адеп-ахлактык) жүрүм-турум ”Азаттыктын" кызматкерлери жана башка анын берүүлөрү менен жарык көрчү материалдарына салым кошуп жаткан адистери жүрүм-турумунда эң жогорку деңгээлдеги адеп-ахлактык стандартты карманышы керек. Алар берүү аймагынын алкагындагы же андан сырткаркы жерлердеги жеке адамдар, топтор, саясий же соода-сатыктык кызыкчылыктары бар жактар менен алака жүргүзгөн маалда өздөрүнүн кызматтык ишине кайчы келе турган же ошондой белги камтылган ар кандай учурлардан обочо болууша астейдил көңүл бурууга тийиш. ”Азаттыктын" кызматкерлери жана башка анын берүүлөрү менен жарык көрчү материалдарына салым кошуп жаткан адистери өздөрүнүн коомдук ишмер катары макамына жана ”Азаттыктын" дурус беделине өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөө менен көлөкө түшүрбөшү керек. Кызматтык ишке кайчы келе турган жагдайлар тууралуу эрежени караңыз