"Zhashyl" enerji enerjikalyk koopsuzduktun zhany kadamy - Kyrbasheva
Кундус Кырбашева өлкөдө алгачкылардан болуп шамал электр станциясын ишке киргизип, альтернативдүү энергетиканын өнүгүшүнө салым кошуп келет. Ошондой эле экология жана "жашыл" экономика багытында активдүү иш алып барат. Алдыдагы маекте ишкер айым бул тармакка келүүсү жана күн жана шамалдан энергия өн

Кундус Кырбашева өлкөдө алгачкылардан болуп шамал электр станциясын ишке киргизип, альтернативдүү энергетиканын өнүгүшүнө салым кошуп келет. Ошондой эле экология жана "жашыл" экономика багытында активдүү иш алып барат. Алдыдагы маекте ишкер айым бул тармакка келүүсү жана күн жана шамалдан энергия өндүрүү жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүшөт — Энергетика тармагын тандаганыңызга эмне себеп болду? Кандай кыйынчылыктар коштоду жана аларды кантип жеңдиңиз? — Биз энергетиканы жөн гана бизнес катары эмес, өлкө үчүн маанилүү стратегиялык тармак катары карадык. Акыркы жылдары электр энергиясына болгон суроо-талап кескин өсүп жатканы жалпыбызга маалым. Ошондуктан бардык жүктү бир гана гидроэнергетикага жүктөй бербей, энергиянын башка булактарын пайдалануу зарылчылыгы келип чыкты. Альтернативдүү булактарды өнүктүрүү — бул энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуунун негизги жолу Ал эми шамал электр станциясын тандаганыбыздын негизги себеби — бул багыт өлкөдө буга чейин дээрлик пайдаланыла элек. Жаңы тармакта алгачкылардан болуу оңой эмес экен. Албетте, кыйынчылыктар жаралды. Биринчиден, укуктук базанын жетишсиздиги. Экинчиден, станцияны электр тармагына техникалык жактан кошуу маселеси келип чыкты. Баштапкы этапта жер тилкелерин бөлдүрүү жана долбоорду кеңейтүү учурунда каржылоо маселелери да жаралды Бул көйгөйлөрдү биз системалуу түрдө чечүүгө аракет кылдык. Тийиштүү министрликтер, тармактык компаниялар жана инвесторлор менен тыгыз иш алып бардык. Ар бир кадам документтештирилип, мыйзамдуу жана институционалдык негизде жүргүзүлүүдө — Азыр долбоор кайсы этапта турат? Станциянын иши планга ылайык жүрүп жатабы? — Станцияны 72 сааттык тесттик режимде ишке киргизип, улуттук электр тармагына коштук. Энергетикалык көзөмөлдүн алдында жүргүзүлгөн сыноо ийгиликтүү аяктады Андан соң станция үчүн атайын эсептөө жабдуулары орнотулуп, бүгүнкү күндө мамлекеттик стандарттан өтүү жараянын аяктап жатабыз. PPA (Power Purchase Agreement) келишими түзүлгөнү менен, кошумча лицензия алуу процедуралары дагы каралган экен. Учурда ошол жөнгө салуучу (регулятордук) документтерди өткөрүп жатабыз Бул долбоор биз үчүн пилоттук гана эмес, институционалдык тажрыйба да болуп берди. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын, айрыкча шамал станцияларын тармакка кошууда канча документ жана уруксат кагазы талап кылынарын практика жүзүндө көрдүк. Мисалы, күн электр станциясына 15 документ керек болсо, шамал долбооруна да ошончого жакын талап кылынат экен Кийинки этаптарда кубаттуулукту кеңейтүү менен бирге процедураларды оптималдаштыруу жана документтерди кыскартуу багытында иш алып баруу маанилүү экенин байкадым. Эгер энергиянын кайра жаралуучу булактарын тезирээк өнүктүргүбүз келсе, мыйзамдык көзөмөл заманбап жана натыйжалуу болушу шарт — Сиздин тажрыйбаңызда башка өлкөлөрдөн алынган сабактар кайсы көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берди? — Жеке тажрыйбамда биз башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү долбоорлорун гана эмес, кетирген каталарын да изилдедик. Азырынча биз изилдөө баскычындабыз, ошондуктан негизги натыйжа долбоор толук ишке киргенден кийин гана көрүнөт деп ойлойм. Негизи, бул жерде "велосипед ойлоп табуунун" кереги жок. Башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү тажрыйбасын интеграциялап, шартыбызга ылайыкташтырсак, көптөгөн көйгөйлөрдү алдын ала чече алабыз — Жалпысынан Кыргызстан үчүн энергиянын кайра жаралуучу булактарынын, анын ичинде күн жана шамал энергиясынын келечеги кандай? Жакынкы 5–10 жылда кандай өзгөрүүлөрдү күтсө болот? — Бул жаатта Кыргызстандын потенциалы абдан чоң. Шамал ресурсу да, күн радиациясы да жетиштүү. Учурда өлкөдө негизги басым гидроэнергетикага жасалууда. Келечекте, жакынкы 5–10 жылда чакан жана орто кубаттуулуктагы генерацияны көбөйтүүнү, чатырларга күн панелдерин активдүү орнотууну, жылуулук насосторун киргизүүнү жана тармакты модернизациялоону күтсөк болот. Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын үлүшүн жок дегенде 5–7 пайызга жеткирип алсак, бул чоң жетишкендик болмок. Мен муну стратегиялык маанилүү багыт деп эсептейм — Кыргыз айымдарына кандай кеңештерди берет элеңиз? — Кыргыз айымдарына айтарым: өзүңүздөрдү эч качан чектебеңиздер. Илимге, каржыга, инженерияга аралашуудан коркпоңуздар. Биз өлкөнүн өнүгүшүн кааласак, аялдар экономиканын бардык тармактарында активдүү болушу керек. Бул — узак мөөнөттүү эмгекти жана катуу тартипти талап кылган жол