Zhakynky Chygystagy kyrdaal: Kırgızistan үchүn tobokeldikter zhana mumkүnchүlүktor
Жакынкы Чыгыштагы куралдуу жаңжалдар дүйнө коомчулугун жана эл аралык финансы уюмдарын дүрбөлөңгө салды. Нефти, алтын жана баалуу металлдар кымбаттады. Баалардын секириги дүйнөлүк инфляциянын жогорулоосуна салым кошору бышык. Окуялардын глобалдык экономиканын ажырагыс бөлүгү болгон Кыргызстанга таас

Жакынкы Чыгыштагы куралдуу жаңжалдар дүйнө коомчулугун жана эл аралык финансы уюмдарын дүрбөлөңгө салды. Нефти, алтын жана баалуу металлдар кымбаттады. Баалардын секириги дүйнөлүк инфляциянын жогорулоосуна салым кошору бышык. Окуялардын глобалдык экономиканын ажырагыс бөлүгү болгон Кыргызстанга таасирин "Кабар" агенттиги экономисттер менен талкууга алды Учурда Иран менен АКШ, Израил ортосундагы аскердик операциялар Перс булуңунун башка мамлекеттерине да кыйратуучу таасирин тийгизип, кескин чечимдерди кабыл алууга түртүп жатат. Эксперттер араб дүйнөсү инвесторлук, экономикалык өнөктөштүк ишмердигин жайлатышы же кайра карап чыгышы мүмкүндүгүн белгилешүүдө. Бул жагдай Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга да таасирин тийгизбей койбойт Акыркы жылдары Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрү жогорулап, фискалдык саясаты жөнгө салынып, инвесторлор үчүн атайын шарттар түзүлгөнү Араб дүйнөсү менен алаканы жаңыртканы белгилүү. Перс булуңунун өлкөлөрү дүйнө үчүн "мунай гиганттары" болсо, биздин чөлкөм калың капчыктуу инвесторлор үчүн жагымдуу мамлекет катары карала баштаган Иранды Кыргызстандын бизнес ачуудагы жеңилдиктери, салыктар боюнча шарттары кызыктырса, бизге ирандык порттор аркылуу жүктөрдү дүйнөлүк рынокторго өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү маанилүү. Ал эми Бириккен Араб Эмираттары үчүн Кыргызстандын транспорттук-логистикалык инфраструктура, энергетика, минералдык ресурстар жана чийки заттар, телекоммуникациялык жана санариптик инфраструктура, азык-түлүк жана агробизнес багытында инвестициялык потенциалы олуттуу экени белгиленген Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанда турак жай курулушуна 100 млн доллар бөлгөнү маалым. Мындан сырткары, мектептерди салуу, жол куруу сыяктуу социалдык долбоорлор ишке ашырылууда Жакынкы Чыгыштагы тынчтык Кыргызстан үчүн маанилүү экенин экономист Искендер Шаршеев белгиледи Анын айтымында, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу бүтсө, Ирандын Мешхед порту аркылуу биздин өлкө товарларды дүйнөлүк логистика жана эң кыска транзит аркылуу өткөрө баштайт "Кырдаал Кыргызстанга кайсы бир деңгээлде кесепетин тийгизет. Биринчиден, Ормуз кысыгы толук жабылса, мунайдын баасы жогорулайт. Өткөн жуманын бешинчи күнү мунайдын баасы 4%–8%га чейин өскөн. Бул дүйнө жүзүндөгү инфляцияга 3%–4% таасир этсе, биздин инфляцияга 2%–3% кошулушу ыктымал. Эмоцияларды жана согуштун кесепеттерин эске албаганда, биз үчүн мүмкүнчүлүктөр да бар. Ормуз кысыгы жабылса, кургак жол аркылуу биз аркылуу жүк ташуулар көбөйөт. Кыргызстанга транзиттен акча түшүп турат. Эгер аскердик операциялар узакка созулуп кетсе, Кытайдан Европаны көздөй Кыргызстан аркылуу өткөн транзиттик жүктөр кошумча 30%–90%га чейин өсүшү мүмкүн. Эгер жаңжалдар тез арада аяктап, санкциялар алынса же режим өзгөрсө деле, темир жол же башка жолдор аркылуу Кыргызстандын Жакынкы Чыгыш менен экономикалык алакасы өсүп, позитивдүү эффект жаралат", — дейт Искендер Шаршеев Акыркы жылдары Кыргызстан менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн, өзгөчө Булуңдагы араб мамлекеттеринин (БАЭ, Сауд Арабиясы, Катар) ортосундагы экономикалык мамилелер жаңы стратегиялык деңгээлге чыкканын экономист Кубан Чороев кошумчалады "Бирок азырынча биз бул кызматташтыктын институционалдык жана түзүмдүк калыптануу фазасындабыз. Инвестициялык активдүүлүктү ала турган болсок, Абу-Даби өнүктүрүү фонду менен биргелешкен холдингдик компаниянын түзүлүшү, Сауд өнүктүрүү фондунун социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоосу биздеги реалдуу кадамдар. Экспорт боюнча биз үчүн Жакынкы Чыгыш — сатып алуу жөндөмдүүлүгү жогору болгон зор рынок. Өзгөчө "Халал" индустриясы, органикалык айыл чарба азыктары жана ичүүчү сууну экспорттоо багытында келечегибиз чоң. Ал эми геосаясий чыңалуу жана куралдуу жаңжалдар Кыргызстанга эки тараптуу таасирин тийгизет. Биринчиден, күйүүчү-майлоочу май кымбаттап, логистикалык чыгымдардын өсүшү аркылуу инфляцияга кыйыр таасир этет. Экинчиден, аймактагы ири инвесторлор коопсуздук тобокелдиктеринен улам тышкы долбоорлорун кайра карап чыгышы же каржылоону жайлатышы мүмкүн", — дейт Кубан Чороев Инвестициялык агымдардын кайра бөлүштүрүлүшү Жакынкы Чыгыштагы белгисиздик айрым инвесторлорду альтернативдүү аймак издөөгө мажбур кылышы ыктымал. Мындай пикири менен стратегиялык туризм боюнча серепчи Максат Чакиев бөлүштү. Анын айтымында, Борбор Азиянын капитал салуу үчүн жагымдуу аймак болуу мүмкүнчүлүгү бар "Эгер Борбор Азия бейтарап жана туруктуу аймак катары кабыл алынса, жаңы каржы агымдарын тарта алат. Астана каржы борбору катары бекемделсе, Ташкент өндүрүш жана бизнес-хаб болууга умтулат. Ал эми Кыргызстан климаттык туризм жана экинчи резиденция рыногунда артыкчылыкка ээ боло алат. Ички саясий туруктуулукту сактай алсак, биздин аймак “Тынч гавань” статусуна жетип, капиталдын жана туризмдин жаңы багыты боло алат. Жакынкы Чыгыштын премиалдык туризм рыногунун 30–50%ы тынч жана климаттык жактан ыңгайлуу аймактарга агышы мүмкүн. Кыргызстан үчүн бул тоолуу резиденциялар жана премиалдык ретрит долбоорлору сыяктуу багыттарды өнүктүрүүгө жол ачат. Эгер биздин регион проактивдүү саясат жүргүзүп, бизнес-климатты жакшыртса, анда Борбор Азия глобалдык кайра бөлүштүрүү процессинен утуш алат", — дейт Максат Чакиев