Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

Өзбекстанда ЖИ колдонуу боюнча этикалык нормалар бекитилди

Ташкент, 16.03.26. /Кабар/. Өзбекстанда жасалма интеллектке (ЖИ) негизделген технологияларды иштеп чыгуу, киргизүү жана колдонуу боюнча этикалык нормалар бекитилди. Бул тууралуу өлкөнүн Адилет министрлигинин маалымат кызматы билдирди Документте ЖИ системаларын колдонууда мыйзамдуулук, адамдын жана

3 gün önce0 görüntülemekabar.kg
Өзбекстанда ЖИ колдонуу боюнча этикалык нормалар бекитилди
Paylaş:

Ташкент, 16.03.26. /Кабар/. Өзбекстанда жасалма интеллектке (ЖИ) негизделген технологияларды иштеп чыгуу, киргизүү жана колдонуу боюнча этикалык нормалар бекитилди. Бул тууралуу өлкөнүн Адилет министрлигинин маалымат кызматы билдирди Документте ЖИ системаларын колдонууда мыйзамдуулук, адамдын жана коомдун кызыкчылыктарын коргоо, ачык-айкындык, жоопкерчилик, адилеттүүлүк, маалыматтарды коргоо жана коопсуздук сыяктуу негизги принциптер белгиленген Белгиленген эрежелерге ылайык, адамдын укуктарына байланышкан маанилүү чечимдерди кабыл алууда жасалма интеллекттин жыйынтыгына толук таянууга болбойт. Ал эми саламаттык сактоо тармагында, анын ичинде ооруну аныктоо же дарылоо ыкмасын тандоодо мындай системалардын жыйынтыгы сунуш катары гана колдонулат Мындан тышкары, жасалма интеллектти иштеп чыгуучулар жана аны колдонгондор технологиянын мүмкүн болгон каталары жана аны колдонуу тартиби тууралуу алдын ала маалымат берүүгө милдеттүү. Документ бул технологияларды коопсуз жана жоопкерчиликтүү пайдаланууга багытталган

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler

Өзбекстанда ЖИ колдонуу боюнча этикалык нормалар бекитилди | Tenqri