Өзбекстанда күйүүчү майдын баасы бир күндө 7 пайызга өстү
Өзбекстанда күйүүчү майдын баасы бир күндө эле кескин өстү. АИ-92 үлгүсүндөгү бензин биржада 7,4 пайызга көтөрүлүп, тоннасы 12,72 миллион сумдан ашты. Бул баанын өсүшү негизинен сатылган көлөмдүн кескин азайышы менен байланыштуу экенин жергиликтүү басылмалар маалымдашты Статистикага ылайык, биржада

Өзбекстанда күйүүчү майдын баасы бир күндө эле кескин өстү. АИ-92 үлгүсүндөгү бензин биржада 7,4 пайызга көтөрүлүп, тоннасы 12,72 миллион сумдан ашты. Бул баанын өсүшү негизинен сатылган көлөмдүн кескин азайышы менен байланыштуу экенин жергиликтүү басылмалар маалымдашты Статистикага ылайык, биржада сатыкка чыккан күйүүчү майдын көлөмү эки эсе азайып, мурдагы 3784 тоннадан 1835 тоннага түшкөн "Баанын өсүшүнө дүйнөлүк мунай баасынын көтөрүлүшү жана ички энергетикалык маселелер, анын ичинде метан бекеттеринин убактылуу жабылышы да таасир эткен. Бул айдоочуларды бензинге көбүрөөк өткөрүп, суроо-талапты күчөттү", - деп белгиленген маалыматта Экономист Отабек Бакиров бул баа өсүшүн толук дүйнөлүк рынок менен түшүндүрбөй, ички монополисттик факторлор да таасир эткенин белгилейт. Учурда Министрлик автогаз бекеттериндеги чектөөлөрдү качан жоюла турганын так айткан жок, ошондуктан бензин базарындагы чыңалуу жакынкы күндөрдө деле сакталышы мүмкүндүгү маалыматта кошумчаланды