Өзбекстанда 3 миңден ашык туроператор иш алып барат
Ташкент, 16.03.26 /Кабар/. 2026-жылдын 1-февралына карата Өзбекстанда туризм тармагында кызмат көрсөткөн 3 миң 143 туроператор, турагент жана башка уюмдар иштеп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети маалымдады Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу туристтик

Ташкент, 16.03.26 /Кабар/. 2026-жылдын 1-февралына карата Өзбекстанда туризм тармагында кызмат көрсөткөн 3 миң 143 туроператор, турагент жана башка уюмдар иштеп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети маалымдады Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу туристтик тармакта иштеген компаниялардын саны 551ге көбөйүп, өсүш 21,3 пайызды түзгөн Статистика туристтик бизнестин акыркы жылдары туруктуу кеңейип жатканын көрсөтөт. Маселен, 2022-жылдын 1-февралына карата өлкөдө туризм тармагында 1 миң 841 компания иш алып барган. 2023-жылдын башында алардын саны 2 миң 374кө, 2024-жылдын 1-февралына карата 2 миң 539га жеткен. Ал эми 2025-жылы бул көрсөткүч 2 миң 592 компанияны түзгөн Белгилей кетсек, 2026-жылы Өзбекстан 12 миллион чет элдик туристти кабыл алууну пландоодо


