Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

ТИМ: Жакынкы Чыгыштан кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам Кувейт, Бахрейн жана Катардагы Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча кезектеги авиакаттам уюштурууда.ТИМдин сайтында жарыялангандай, эвакуациянын биринчи этабында мекенине кетүүнү каалаган жарандардын тизмеси түзүлүп, виза ж

1 gün önce0 görüntülemeazattyk.org
ТИМ: Жакынкы Чыгыштан кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда
Paylaş:

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам Кувейт, Бахрейн жана Катардагы Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча кезектеги авиакаттам уюштурууда.ТИМдин сайтында жарыялангандай, эвакуациянын биринчи этабында мекенине кетүүнү каалаган жарандардын тизмеси түзүлүп, виза жана өлкө аймагынан чыгуу үчүн уруксат алынды. 13-март күнү жарандар Эл-Кувейт, Манама жана Доха шаарларынан автобус менен Эр-Рияд шаарына жиберилди Мекеме эвакуация процесси аяктап, жарандар Кыргызстанга кайтып келгенден кийин кошумча маалымат болорун билдирди.ТИМ ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курч бойдон сакталып жаткандыктан кыргызстандыктарды абал толук турукташканга чейин аймактагы өлкөлөргө баруудан карманып турууга чакырды.Ал жакта жүргөн жарандарга жакынкы аралыкта транзиттик өлкөлөр аркылуу жеткиликтүү жана коопсуз каттамдар менен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу сунушталды. ТИМ өзгөчө кырдаал жаралган учурда төмөнкү телефон номурларына байланышса болорун кошумчалады.ТИМдин Консулдук департаменти (күнү-түнү): , ;Ирандагы элчилик: , ;Армениядагы Ардактуу консул: ;Кувейттеги элчилик: ;Катардагы элчилик: ;Сауд Арабиядагы элчилик: ;Бириккен Араб Эмирликтериндеги элчилик: ;Дубай шаарындагы башкы консул: ;Израилдеги элчилик: ;Израилдеги Ардактуу консул: ;Түркиядагы элчилик: , ;Түркмөнстандагы элчилик: , , ;Ооганстандагы элчилик: , , (WhatsApp);Азербайжандагы элчилик: ТИМдин 11-марттагы маалыматына караганда, Жакынкы Чыгышта кырдаал курчугандан бери ал жактан Кыргызстандын 300 жараны алынып келинди.Перс булуңунан кыргызстандык жарандарды эвакуациялоо 4-мартта башталган. Тышкы иштер министрлиги Перс булуңу аймагында 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин 2-марттагы брифингде кабарлаган.АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан сокку урган. Түрдүү чабуулдар токтой элек. (ZKo)