Tashiev'in görevden alınmasının üzerinden 1 aydan fazla süre geçti... Bu süre zarfında hangi siyasi olaylar yaşandı?
Камчыбек Ташиевдин УКМКнын төрагалык кызматынан алынганына 1 айдан өттү. Саясатчылар жана эксперттер бул аралыкта өлкөдө саясий кырдаал жана кадрдык кризис болгонун белгилешүүдө. SUPER.KG порталы андан бери кандай кадрдык өзгөрүүлөр жана саясий окуялар болгонун тизмектейт Камчыбек Ташиев президент

Камчыбек Ташиевдин УКМКнын төрагалык кызматынан алынганына 1 айдан өттү. Саясатчылар жана эксперттер бул аралыкта өлкөдө саясий кырдаал жана кадрдык кризис болгонун белгилешүүдө. SUPER.KG порталы андан бери кандай кадрдык өзгөрүүлөр жана саясий окуялар болгонун тизмектейт Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун буйругунун негизинде 10-февралда УКМКнын төрагалык кызматынан алынып, анын ордуна ошол эле күнү Жумгалбек Шабданбеков дайындалды. Ал күнү атайын кызматтын башчысынын 3 орун басары да кызматтарынан алынышып, башка адамдар дайындалышты. Бул учурда Ташиев Германияда дарыланып жүргөнү белгилүү болду. Эртеси күнү ал комментарий берип, кызматтан алынышы өзү үчүн күтүүсүз болгонун билдирди Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышына бийлик өз түшүндүрмөсүн берди 10-февралда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Камчыбек Ташиевдин атын жамынып алып Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштап, коомдук ишмер, интеллингенция өкүлдөрүнө чейин бөлүнүп-жарылуу болгонун белгилеп, өлкө башчысы чечимди мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче, биримдикти чыңдоо максатында кабыл алганын маалымдады Бир күн өтүп эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымга президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгеси себеп болгонун билдирди. Ал ошондой эле акыркы жылдары мамлекеттик башкарууда тең салмактуулук жоголуп, УКМКнын айрым кызматкерлери өлкөдө тартип орнотуу шылтоосу менен ыйгарым укуктарынан аша чаап, коомчулукта коркуу сезимин жаратып койгонун кошумчалады Кийин Садыр Жапаров буга өзү комментарий берип, мындай кадамга мамлекеттин туруктуулугу үчүн барганын, чечим кабыл алардын алдында Ташиевге байланышканын айтты. Мамлекет башчысы окуядан кийин да алардын достугу бузулбастыгын белгиледи Ташиевдин Кыргызстанга келип кетиши Камчыбек Ташиев өлкөгө 13-февралда келди. Президент аны кабыл алганын маалымдап, Ташиевди кызматтан алууга себеп болгон адамдар бүдөмүк ишин УКМКнын мурдагы төрагасына билгизбей ишке ашырууга аракеттенишкенин белгилеп, бирок ошол эле учурда "досума тынч жүр дедим" деген табышмактуу билдирүү кылды. Мамлекет башчы Ташиев эч кандай кызматка барбай турганын тактап, "тегерегиндеги “ак сакал, көк сакалдардан” арылсын, тазалансын" деген дагы бир бүдөмүктүү сөз айтты "Албетте, азыр ыракмат айтпайт. Капа болот. Бирок жылдар өткөндөн кийин “досум сен ошондо туура кылыпсың” деп ыракматын айтат",- деди Жапаров Ташиев маалымат жыйын бере турганы тууралуу кептер айтылганы менен, ал эч кандай билдирүү жасабастан 17си күнү өлкөдөн чыгып кетти. Азырынча анын кайсы өлкөдө экени белгисиз, бирок Испанияда жүргөнү тууралуу кептер бар Ташиевдин кызматтан алынышына себеп болду делген 75 адамдын кайрылуусу тууралуу эмне белгилүү? 9-февралда мурдагы саясатчылар, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. Саясий окуялардан кийин өлкө башчысы Конституциялык сотко кайрылды. Сот Жапаров кайрылуусунда президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча Башмыйзамдын жоболорун чечмелөөнү суранганын белигиледи. Жапаров бул боюнча өзү да комментарий берди. Конституциялык сот Ташиев өлкөдөн чыгып кеткен күнү президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтөт деген чечим чыгарып, шайлоо маселесине чекит койду Бул арада кайрылууга кол койгон 6 адам камакта болчу. Алар 11-февраль күнү кармалышкан. Ал күнү кайрылууда аты аталгандардын дагы бир нечесинин үйлөрүндө тинтүү болуп, суракка алынышкан. Бишкектин Биринчи Май райондук соту кармалган Курсан Асанов, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Эмил Узакбаев жана Бекболот Талгарбековду 10-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарган Аталган кайрылуу Жогорку Кеңешке киргени кийинчерээк белгилүү болду. Муну саясий кырдаалдан кийин Жогорку Кеңештин депутаттык мандаты буюрган Талант Мамытов ачыктады. Ал кайрылуунун парламентке кириши туура эмес болгонун айтып, ошол кездеги спикерди ал үчүн сынга алды Саясий кырдаал Жогорку Кеңеште кандай өзгөрүүлөргө алып келди? Эң алгач Ташиевдин артынан эле, тагыраагы, 12-февралда Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин төрагалыгынан кетти. Ал кызматын өз каалоосу менен тапшырып жатканын белгилеп, "мен бир же эки адамга кызмат кылбайм" деген билдирүү жасады. Деген менен Тургунбек уулу көп узабай эле депутаттык мандатын да тапшырды. Ал мандатын ден соолугуна байланыштуу тапшырып жатканын айтып, 75 адамдын кайрылуусуна тиешеси жоктугун билдирди. Бирок, Тургунбек уулунун жообуна карабай, аны саясий абалдын жаралышына айыптагандар да болду. Президент болсо, катка анын түз тиешеси жоктугун айтып, бирок кыйыр түрдө болушу мүмкүндүгүн кыйытты Баса, Тургунбек уулунун төрагалык ордуна Марлен Маматалиев келсе, депутаттык мандатын Жайлообай Нышанов алды Мурдагы спикерди улай анын 2 орун басары да кызматтарын тапшырып беришти. Алардын бири биринчи вице-сикер Чыңгыз Ажибаев болду. Ал кызматын өз каалоосу менен өткөрүп бергенин, ага карата каралоолор болгонун айтып чыкты "Менин айланамда кимдер ушак таратып, каралоолорду уюштуруп жатканы бүгүн дагы бир жолу ачыкка чыкты. 2-3 адам жана 4-5 фейк аркылуу каралоо компаниясын уюштуруп, анысын эң бийик трибунага алып чыккандарга да Кудай бар",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына Анткени кесиптеши анын мандаты да каралышы керектигин айтып чыккан болчу. Ажибаевдин алдында Карим Ханджеза парламенттин төрагасынын орун басарлык кызматын тапшырып берген. Ошентип, Ажибаевдин орудна Медер Алиев, Ханджезанын ордуна Болот Ибрагимов шайланышты Мурдагы спиркеден тышкары, 1 ай ичинде депутаттык мандатын өткөрүп берген 4 эл өкүлү болду. Алсак, февралдын 17синде Элдар Сулайманов мандатын тапшырып берген. Белгилей кетүүчү нерсе, мурунку жубайы аны зомбулук көрсөтүүгө айыптап чыккан. Анын депутаттык орду Азизбек Абдуллаевге тийди Кундузбек Сулайманов алгач "Мекенчил" депутаттык тобунун лидерлигин Талант Мамытовго өткөрүп берип, кийинчерээк мандатынан ажырады Сулайманов депутаттыктан кол жуур алдында социалдык тармактарда анын таанышын кызматка дайындоодо чыккан пикир келишпестик маселеси боюнча аудиожазуу тараган. Анда эл өкүлү дайындап, кызматка алып барган тааныш баланы жетекчиси урушуп койгондугу баяндалат. Ал өзү буга түшүндүрмө берип, "ал бала менен жеке тааныштыгым жок. Мага эч кандай басым же мажбурлоо болгон эмес", - деп жазды ал Facebook баракчасына. Экс-депутат саясий кырдаал жаралардын алдында президентке кыйыр сын айткан. Саясий абалдан кийин өлкө башчысына ыраазычылык билдирген. Сулаймановдун мандаты Райимберди Дүйшенбиевге буюрду 19-февралда Таалайбек Сарыбашов ант берди. Ал Ош шаарына мэр болуп кеткен Жанар Акаевдин ордуна келди. Акаев жетектеген "Ала-Тоо" депутаттык тобунун лидерлиги Талайбек Масабировго тийди. Ал күнкү отурумда "Ата-Журт" депутаттык тобу да лидерин алмаштырды. Тагыраагы, Нурланбек Азыгалиевдин ордуна Дастан Жумабеков шайланды 10-мартта Кубанычбек Конгантиев Жогорку Кеңештин депутаттык күбөлүгүнөн ажыратылып, ошол эле күнү УКМК тарабынан кармалды. Айта кетсек, социалдык тармактарда Кубанычбек Конгантиевдин 100дөн ашык мүлкү бар экени тууралуу видео тараган. Эми анын ордуна Чыңгыз Айдарбеков депутат болуп келиши ыктымал Парламентте аталышын өзгөрткөн депутаттык топтор дагы болду. Алсак, "Ата-Журт" депутаттык тобунун аталышы "Эл үмүтү - Ата-Журт" деп өзгөртүлдү. "Адилет Кыргызстан" атын "Ишеним" кылса, "Мекенчил" тобу "Ынтымак-Мекенчил" аталды Эң кызык окуя №13 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгынын кайра жарактуу деп табылганы болду. Муну менен парламенттеги 90 орундун 3үнүн бош калганы толукталды. Жыйынтыгында Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабековага мандат буюрду. Саясий кырдаалдан кийин БШКнын чыгарган чечими коомчулукту таң калдырды. Ал округ боюнча эмнелер белгилүү? бул шилтемеден окуңуз 1 ай ичинде бир катар мамлекеттик кызматтарда, министрликтерде да кадрдык өзгөрүүлөр жүрдү Жогоруда жазганыбыздай, 10-февралда Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгынан алынган күнү эле анын 3 орун басары, тагыраагы, Даниэл Рысалиев, Курбанбек Авазов жана Элизар Смановдор кызматтарынан бошотулушту. Буга улай эле президенттин буйругу менен Рустам Мамасадыков коопсуздук кеңешинин катчысы кызмат ордунан бошотулуп, УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Уранбек Шадыбеков УКМКнын төрагасынын орун басары, киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп бекитилсе, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Эрбаев улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын антитеррордук борборунун директору болуп дайындалды.Ошол эле күнү УКМКнын курамынан Чек ара кызматы чыгарылса, атайын кызматтын 9-кызматы президенттин алдындагы Мамлекеттик коргоо кызматы болуп түзүлдү. Мындан улам 11-февралда Сыргак Бердикожоев жаңы түзүлгөн мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы болуп дайындалса, Абдикарим Алимбаев УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, жаңы түзүлгөн чек ара кызматынын төрагасы болуп бекиди 12-февралда коопсуздук кеңешинин катчысы УКМКга кеткенине байланыштуу анын ордуна Адилет Орозбеков дайындалды.13-февралда Бектур Зулпиев президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулуп, президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Буга чейин бул кызматты Алмасбек Абытов аркалап келген. Ал өз каалоосу менен кызматтан кетти. 14-февралда башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатов кызматынан бошотулуп, ал кызматка Залкарбек Акназаров барды. Маатов 2024-жылдын июнь айында бул кызматка дайындалган 16-февралда Абсаттар Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулганы кабарланып, министрдин милдетин аткаруу Талантбек Солтобаевге жүктөлдү. Көп өтпөй Жогорку Кеңеш Солтобаевдин талапкерлигин карап, колдоп берди. Буга улай аны министр кызматына дайындоо тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Таланбек Солтобаев кызматка келгиче УКМК тарабынан кармалган болчу.16-февралда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кызматынан бошотулду. Ал бул министрликти 2020-жылдан бери жетектеп келген. Ошол эле күнү президенттин тиешелүү тескемесине ылайык, анын ордуна Урматбек Шамырканов дайындалды. Парламенттин 18-февралдагы жыйынында Шамыркановдун министр кызматына талапкерлиги жактырылды. Ушул эле күнү президенттин тиешелүү тескемеге кол коюп, Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри болуп бекитилди. Бирок ал 1 ай өтпөй, тагыраагы, 10-мартта кызматтан алынды. Ага карата кылмыш иши козголду. Ошентип, өзгөчө кырдаалдар министри 1 ай 2 жолу алмашууга жетишип, Шамыркановдун ордуна Канатбек Чыныбаевди келди Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулуп, анын ордуна Акыл Токтобаев барды 16-февралда Болот Жусупбеков жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Айвар Монолдоров Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргыз мунай компаниясы” мамлекеттик ишканасынын директорлугунан алынып, Тимур Малбашев аталган кызматка барды Ал эми УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңы жетекчиси болуп Жоомарт Токтогулов барды. Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматта Салмоорбек Жумабеков иштеп келген. Тимур Шабданбеков УКМКнын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулуп, анын ордуна Акылбек Намазов дайындалды. 18-февралда Айбек Мамыралиев Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болду 18-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеткендиги белгилүү болду. Ош калаасын жетектөө милдети эми Жанар Акаевге жүктөлдү Чуулуу аудиожазуу 2 министрди кызматтан алган өңдүү. 24-февралда президенттин администрациясы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев кызматтан алынганын кабарлады Маалыматта алардын кызматтан бошотулушунун себептери ачыкталган эмес. Бирок аталган эки министрдин тең кызматтан алынышы социалдык тармактарга тараган аудиожазуудан соң болду. Аудиожазуудан Төрөбаев менен инисинин сүйлөшүүсүн угууга болот. Анда Досмамбетов менен Таймурас Ташиевдин аттары аталат. Төрөбаев аудио жазуу боюнча түшүндүмө берип, президентке ыраазычылык билдирди. Ошентип, анын ордуна Эрлист Акунбеков келсе, Досмамбетовдун кызматы Дамирбек Осмоновго тийди 20-мартта кезинде Ташиевден муштум жегенин айткан Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков кызматынан алынып, ордуна Абдупата Маткаликов аталган калаанын башчысы болуп бекигени белгилүү болду "Ал киши урушабы, урабы, биз жүргүзүп жаткан саясатын колдойбуз. Биз туура кабыл алып эле иштеп жатабыз го",- деген эле Ормоков 5-мартта Казыбек Молдажиев Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорлугунан алынды. Анын кызмат орду Урмат Асанбаевге тийди. Булардан тышкары да 1 ай ичинде кызматтан алынган акимдер жана башка мамлекеттик кызмат адамдары болушту УКМКнын кызматкерлеринин кармалышы, атайын кызмат тарабынан кармалгандардын бошотулушу жана УКМКда боло турган реформалар боюнча убадалар 16-февралда УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Элдар Жакыпбеков кармалып, 15-апрелге чейин камакка алынды. Буга удаа эле социалдык тармактарда "Эдунун кырк чоросу" деп аталган топ тууралуу маалыматтар тарады. Анда топтогу адамдардын лакап аттары жана сүрөттөрү көрсөтүлөт. Пито, Вазелин, Капчык, Пахта, Сүмбүл ага, Лизун жана башка каймана аттар тизмектелген. Алардын арасынан "Пито", "Вазелин" каймана аттуулары кармалышты. УКМКнын 6-башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков да жемкорлукка шектелип камакка алынды.УКМКнын төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев атайын кызматтын өкүлдөрүнө каймана аттарды бербей турагын белгилеп, "каймана аттарды эл коюп жатса керек, биз койгон жокпуз. Бизде андай маалымат жок. УКМКда ар кимдин мыйзам чегинде өзүнүн орду, чини бар. УКМКда эч кандай топтор кызмат өтөбөйт жана өтөбөшү керек",- деди Коомчулукта УКМКнын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз иштер, коркутуулар болуп келген деген айыптоолор айтыла баштады. Жогорку Кеңеште да маселе көтөрүлдү. 11-мартта депутат Элвира Сурабалдиева УКМК тарабынан ишкерлерге негизсиз басым-кысымдар болгонун айтып, президент Садыр Жапаровдон муну териштирүүнү суранды Депутат айым убагында УКМКнын кысымына кабылгандар кайрылуудан коркуп жатышканын айтып, алардын көпчүлүгү мүлктөрүн тарттырып жиберген ишкерлер экенин белгиледи. Сурабалдиева алар арыз жазышса, президентке өзү жеткирерин убадалады. Эл өкүлү андан тышкары, УКМК тарабынан мамлекетке алынган мүлктөрдүн тизмеси жарыяланышы керектигин кошумчалады Садыр Жапаров ИИМге, УКМКга, Башкы прокуратурага ишкерлерден түшкөн арыздарды дыкат кароо тапшырмасын бергенин, кезинде УКМКнын кызматкерлери тарабынан жасалган иштерди да териштирүү талабын койгонун билдирди "Ким эгер акчасын, үйүн, мүлкүн тартып алса, кайра кайтартып бергиле" дегем. Азыр мунун үстүндө иштер жүрүп жатат",- деди өлкө башчы Убагында УКМК тарабынан кармалгандар бошотулган учурлар болду. Алсак, Ташиев жыйын учурунда карматкан Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусубалиев үй камагына чыкты. Көк бөрү федерациясынын мурдагы президентти Талас Бегалиев да абактан бошотулду. Ал эми УКМК тарабынан камакка алынган ишкер Имамидин Ташовдун ишин Бишкек шаардык соту кайра кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна кайтарды. Ал 2 жыл мурун УКМКнын кызматкерлеринин кысымына кабылганын айтып чыккан Акыркы беш жылда УКМК тарабынан тергелген бардык кылмыш иштерин кайра карап чыгуу үчүн мекемелер аралык комиссия түзүү демилгелери көтөрүлүп келет. Бирок буга атайын кызмат каршы экенин билдирген УКМКда реформа болобу? 21-февралда өлкө башчы Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде күч түзүмдөрүндө, айрыкча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тутумунда олуттуу реформалар жүргүзүлөрүн билдирди. Президент акыркы мезгилде УКМК кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө байланыштуу коомчулукта түрдүү сын-пикирлер айтылып жатканын белгилеп, убагында эскертүү бергенин айтты "Бул боюнча тээ мурдатан эле досума бир нече жолу эскертип келгем. “Досум, УКМКнын кадыр-баркын көтөр. Мурдагы СССРдин КГБсындай баркы болуш керек. Антпесең эл арасында “УКМКнын кызматкеримин” деп күбөлүгүн “камокторго” да көрсөткөн учурлар бар. Ушундай сын-пикирлерден арылалы” деп бир топ жолу айткам",- деди Жапаров УКМК бардык тармактарга кийлигишпеши керектигин да белгиледи. Айрыкча интимдик кызмат көрсөткөндөргө каршы күрөш боюнча жарыяланган видеодон кийин бул багыт ички иштер органдарынын иши экенин өлкө башчысы УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге айтканын да эскерди "Дал ушул “интимдик кызмат көрсөткөндөргө каршы күрөш” боюнча видео жарыялашкан күнү эле чакырып алып: “Досум, бул тармакты ИИМге бер, бул алардын иши. Сен УКМКнын деңгээлин түшүрбө” деп айттым эле",- деди Жапаров. Мамлекет башчы УКМК эми өзүнө тиешелүү гана иштерди алып барарын кошумчалады Саясатчылар, саясий талдоочулар Жапаров менен Ташиевдин тандеми мурунку бийлик убактарында түзүлгөн тандемдерден узакка созулганын белгилешүүдө. Айрымдары мындай кырдаал эртеби-кечби жаралмактыгын, себеби бийликти бөлүшүү мүмкүн эместигин айтышууда