Талибдер Брюсселде: Батыш оогандардын жаңы режимин тааныйбы?
Андан бери беш жыл өтүп, талибдер Брюсселде европалык аткаминерлер менен техникалык жолугушууларды өткөрө баштады. Расмий сүйлөшүүлөр ооган качкындарын кайтаруу маселесинин айланасында жүрүүдө. Бирок ошол эле маалда алар буга чейин коюлган шарттарды аткарыша элек. Бул бийликке күч менен келген радик

Андан бери беш жыл өтүп, талибдер Брюсселде европалык аткаминерлер менен техникалык жолугушууларды өткөрө баштады. Расмий сүйлөшүүлөр ооган качкындарын кайтаруу маселесинин айланасында жүрүүдө. Бирок ошол эле маалда алар буга чейин коюлган шарттарды аткарыша элек. Бул бийликке күч менен келген радикалдуу режимдер менен сүйлөшүү столуна отурган тарыхтагы жалгыз мисал эмес. Талибдер өлкөдөгү реалдуу бийликтин ээси экенин далилдей алышты "Ооган аялдары менен балдары үчүн эч ким деле өзгөчө кайгырбайт" Ооганстанда "Талибан" радикалдык тобу 2021-жылдын августунда бийликке кайра келген. Ошондон бери дүйнө коомчулугу азыркы замандын эң катаал режимдеринин биринин бекемделишине көз салып келет. БУУ Ооганстанды "адам укуктарынын көрүстөнү" деп атайт. Аялдар дээрлик бардык укуктарынан ажыратылды, БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк белгилегендей, алардын коомдук турмушка аралашуусу иш жүзүндө кылмышка тете иш катары карала баштады Өлкөдө уруп-согуу, өлүм жазасына тартуу күч алып, ачкачылык жана жакырчылык өкүм сүрүүдө. Жергиликтүү тургундарга музыка угууга, эркектерге "талапка жооп бербеген" чач коюуга жана сакалын алууга тыюу салынган. Бул оогандыктар акыркы беш жылда күбө болгон окуялардын чети гана Ооганстан боюнча эксперт, өлкөнүн Орусиядагы элчилигинин мурдагы катчысы Гаус Жанбаздын айтымында, талибдердин учурдагы жоруктары ооган элинин маданиятына туура келбейт "Мен дайыма "Талибан" - атайын кызматтар ойлоп тапкан исламдагы кандайдыр бир орден деп айтып келем. Бул адамдар азыр ошол тарикатка (суфизмдеги руханий өнүгүү жолу) же “талибанизм” орденине баш ийүүдө", - дейт Жанбаз Ооганстан - көп улуттуу өлкө. Калкынын басымдуу бөлүгүн пуштундар түзөт. Калганы тажиктер, хазарлар, өзбектер жана түркмөндөр Негизги бийлик пуштундардын колунда. Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш институтунун маалыматына ылайык, жогорку жана орто катмардагы жетекчилик курамынын 90 пайызын пуштундар ээлейт. Калган улуттар чечим кабыл алуу процесстерине дээрлик катышпайт Бул теңсиздик ресурстардын адилетсиз бөлүнүшүнө, чыңалууга, айрым учурларда катаал репрессияларга жол ачууда Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму талибдер хазарларды кыйнап, өлүм жазасына тартып жатканын билдирген. АКШнын New Lines стратегия жана саясат институту хазарларды куугунтуктоону "геноцид" деп атайт. Буга диний фактор себеп болушу мүмкүн. Сунниттер көпчүлүктү түзгөн өлкөдө хазарлардын көбү шииттер Эл аралык изилдөө борборлорунун маалыматы боюнча, ооган талибдери "Техрик-и-Талибан Пакистан" (ТТП) тобу менен тыгыз байланышын сактап келет. Бул террордук уюм Ооганстандын аймагын база катары колдонуп, Пакистан өкмөтүнө каршы согушат. Алардын максаты - өлкөдө исламды өздөрүнчө чечмелөөгө негизделген эмирлик орнотуу. Бул үчүн ТТП жергиликтүү армияга кол салып, Пакистандын саясий ишмерлерин өлтүрүп келет. Кабул менен Исламабаддын мамилеси ушул топтун айынан тарыхтагы эң терең кризистердин бирин баштан кечирүүдө Бул азыркы талибдердин жүзү. Жакында эле алардын делегациясын Брюсселде кабыл алышты. Гаус Жанбаз Батыш өлкөлөрү ушундай жол менен Ооганстандагы кырдаалды өзгөртүүгө аракет кылып жатат деп эсептейт "Бул үчүн алар менен диалог жүргүзүү, ынандыруу керек. Акыры келип реалдуулукту түшүнүп, өзгөрүүсү үчүн кээ бир жерде катуу, кээ бир жерде жумшак сүйлөшүүгө туура келет. Бул абдан узак, акырындык менен жүрүүчү процесс экени белгилүү. Жыйынтык чыгабы же жокпу белгисиз. Бирок Ооганстандын мурдагы дипломаты катары түшүнөм, ооган аялдары менен балдары үчүн эч ким деле өзгөчө кайгырбайт", - дейт Жанбаз Талибдерге чейинки режимдерди кантип таанышкан? "Талибан" өкмөтү - Батыш өлкөлөрү башында кызматташуудан баш тартып, бирок убакыттын өтүшү менен мамиле курууга аргасыз болгон биринчи режим эмес 1917-жылы күзүндө Орусияда бийликке большевиктер келген. Алардын лидери Владимир Ленин дүйнөлүк революцияны жана капитализмдин кыйрашын көздөгөн. Революционерлер алгач Убактылуу өкмөттү кулатып, кийинчерээк өлкөнү үч жүз жылдан ашык башкарган Романовдор династиясынан чыккан падышанын үй-бүлөсүн атып салышкан. Бул окуялардан кийин жарандык согуш, кызыл террор, репрессия жана киши өлтүрүүлөргө жол ачылган. Большевиктер Орусия империясынын ири тышкы карыздарын төлөөдөн баш тартып, мурунку бийликтин эл аралык милдеттенмелерин жокко чыгарышкан Германиядагы Бохум университетинин тарыхчысы Алексей Уваров большевиктерди азыркы талибдер менен салыштырууга болбойт деп эсептейт. Бул өзгөчө аялдардын укугу жана билим берүү маселесине тиешелүү. Ошентсе да, алгачкы жылдары большевиктерди Батыш өнөктөш катары кабыл алган эмес "Большевиктер бийликке аскердик төңкөрүштүн жыйынтыгында келген. Демек, Убактылуу өкмөттөн бийликтин мыйзамдуу түрдө өткөрүлүп берилиши болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес. Андан кийин большевиктер Уюштуруу жыйынын таратып жиберген. Теориялык жактан алганда, бул жыйын кандайдыр бир жол менен бул процессти тариздеп же бийликти өткөрүп берүүнүн укуктук мүнөзүн көрсөтүп бере алмак. Мындан улам бул адамдардын өздөрүн Орусиянын өкүлү катары көрсөтүүгө, өлкөнүн атынан сүйлөөгө кандай укугу бар деген суроо жаралган. Аларга сүйлөө укугун ким берди? Аларда Орусиянын атынан иш алып барууга таасир этүү рычагдары жана укук каяктан пайда болду? 1917-жылдын ноябрь айы үчүн бул таптакыр түшүнүксүз жагдай болчу", - дейт Уваров Кеңеш бийлигин алгачкылардан болуп коңшулары - Балтика өлкөлөрү жана Финляндия тааныган. Бул Октябрь революциясынан үч жыл өткөндөн кийин болгон. 1924-жылы режимди Британия, Италия, Франция тааныйт. АКШ бул кадамга 1933-жылы арадан 16 жыл өткөндөн кийин гана барган. Тарых илимдеринин доктору Андрей Зубов бул чечим Батышка большевиктер жаккандыктан кабыл алынбаганын айтат "Бул алп өлкө, абал ого бетер начарлап кетпеши үчүн алар менен экономикалык, соода, саясий мамилелерди түзүү зарыл болчу. Ошондуктан Советтер Союзу Улуттар Лигасына кабыл алынган, ушул себептен Экинчи дүйнөлүк согушка чейин АКШ, Югославия баштаган бардык өлкөлөр СССР менен мамиле түзүүгө жетишкен. Бул кадимки тажрыйба", - деп эсептейт Зубов 1949-жылы Кытайдагы жарандык согушта Мао Цзэдун жетектеген коммунисттер жеңип, Кытай Эл Республикасы түзүлгөн. Чан Кайши башында турган Гоминьдан партиясы Тайванга чегинген. Батыш өлкөлөрү узак убакыт бою дал ушул Тайвандагы бийликти мыйзамдуу өкмөт деп эсептеп келген. АКШ Кытай революциясын коммунизмдин глобалдык чабуулу катары бааласа, Бээжин менен Москванын достугу жаңы кытай режимин тааныбоонун негизги фактору болгон. Бирок СССР менен Кытайдын ортосуна жик кетери менен Кошмо Штаттар коммунисттик Бээжин менен жакындаша баштаган Өлкөлөр дипломатиялык мамилелерди 30 жылдан кийин - 1979-жылы орноткон. Европа өлкөлөрүндө бирдиктүү позиция болгон эмес Маселен, Британия Кытайды 1950-жылы эле тааныса, Франция 1964-жылы, ал эми Германия 1970-жылдардын башында гана мамиле түзгөн "Саясатта деле адамдардын ортосундагыдай, биз алар менен дайыма эле ачык тирешпейбиз. Эгер адам жакпаса, жөн гана мамилени токтотобуз. Ал эми иренжитпеген адамдар менен муктаждыкка же каалоого жараша байланышып турабыз. Дипломатиялык тажрыйбада деле ушундай, бирок бул жерде бир чоң айырма бар - кайсы гана мамлекет болбосун, белгилүү бир күчкө жана таасирге ээ. Аны узак убакытка тоготпой коюу - кооптуу. Бул аймактагы же жалпы дүйнөдөгү кырдаалдын начарлашына алып келиши мүмкүн", - дейт Андрей Зубов Дүйнөгө "Талибан" эмне үчүн керек? Жаңы бийлик өлкөнүн негизги аймагын иш жүзүндө көзөмөлдөп жатканы, ансыз коопсуздук, соода жана аймактык саясат маселелерин чечүү мүмкүн эместиги айкын болгондо, алар менен диалог башталат Учурда Ооганстан менен ушундай жагдай кайталанууда Бээжин Кабул менен элчилерин алмашкан - бул иш жүзүндө таануу катары бааланат. Индия да талибдер менен байланыш орнотту. Астана, Ашхабад, Бишкек жана Ташкент Кабул менен практикалык мамилелерди карманып келет. Аймактагы өлкөлөрдүн ичинен талибдердин башкаруусундагы Ооганстанга Тажикстан гана сыртын салууда Талибдер өлкөдөгү жалгыз күч экенин далилдешти, алардын саясий режимин армия да коргойт. Ар кандай баалоолор боюнча, аскерлердин саны 165 миң жоокерге жетиши мүмкүн. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн көбүнүн армиясынан көп. БУУнун маалыматы боюнча, талибдердин тушунда Ооганстанда апийим өндүрүү болжол менен 95 пайызга кыскарган Ачкачылыкка, адам өмүрүн алган жаратылыш кырсыктарына жана өлүм жазаларына карабастан, Ооганстандын калкынын саны өсүүдө. Бул өсүш качкындардын мажбурлап кайтарылышынан улам дагы болууда. БУУнун маалыматы боюнча, 2023-жылдан бери коңшу өлкөлөрдөн дээрлик алты миллион адам кайтып келген. Уюмдун эксперттери 2026-жылы мекенине дагы 3 миллионго чейин оогандык кайтып келерин болжолдойт, алардын көбүнүн жашоого каражаты жок. БУУ мамлекеттерди ооган качкындарын депортация кылбоого чакырып келет "Талибдер мурда кандай жакпаса, азыр деле ошондой жакпайт" Евробиримдиктин талибдер менен "техникалык" байланышы дал ушул миграция маселесине арналган. Брюсселдеги европалык аткаминерлер коопсуздукка коркунуч туудурат деп эсептелген оогандыктарды депортациялоо маселесин талибдер менен жабык режимде талкуулашты. Алар бул сүйлөшүүлөр бийликти таанууну билдирбейт деп ырасташууда."Европа Биримдигинин кеңеши ЕБге Ооганстандын де-факто бийлиги менен жумушчу байланыштарды кармап турууга ыйгарым укук берген. Кеп техникалык деңгээлдеги өз ара аракеттенүү жөнүндө гана болуп жатат. Бул эч кандай таанууну билдирбейт", - деп билдирди Европа комиссиясынын басма сөз катчысы Маркус Ламмерт.Ынанымдуу жүйөлөрүнө карабастан, европалык аткаминерлер кесиптештери жана укук коргоочулар тарабынан катуу сынга кабылды. Сүйлөшүүлөр өткөн күнү Amnesty International уюмунун активисттери "Талибандын" делегациясынын келишине нааразылык билдирип, Брюсселдеги Европа комиссиясынын имаратынын алдына "Уят" деген жазуусу бар баннерди илишти. Алар бул жолугушууну "Европа Биримдиги менен Бельгия коргогон баалуулуктардын бетине түкүрүү" деп аташты "Мындай аракеттер менен биз режимди мыйзамдаштырганы жатабыз. Иш жүзүндө эл аралык укукта жана Адам укуктары боюнча Европа конвенциясында бекитилген кайтарып бербөө принцибин бузуу менен адамдарды артка жөнөтүүгө макул болуп жатабыз", - деп билдирди Amnesty International Belgium уюмунун өкүлү Людовик Лос Азырынча талибдер Ооганстандын БУУдагы ордун ээлей элек жана дүйнөдөгү мамлекеттердин көбү аларды тааныбайт. Бирок алар менен дипломатиялык байланыштар үзгүлтүксүз мүнөзгө ээ болууда. Андрей Зубовдун айтымында, Евробиримдиктин талибдер менен мамиле түзүп жатканы бул режим европалык аткаминерлерге жагып калды дегенди билдирбейт "Мурда кандай жакпаса, азыр деле ошондой. Бирок Ооганстан ириде Иранга, Пакистанга жана Борбор Азия өлкөлөрүнө таасир этип жатат. Бул мааниден алганда мамиле керек. Ал режимди колдоону эмес, анын иш-аракетин көзөмөлдөөнү түшүндүрөт", - деп кошумчалады Зубов Тарых кайталанууда: жаңы бийликтин келиши менен аны эл аралык деңгээлде таанууга кээде ондогон жылдар өтөт. Дүйнө "Талибанды" тааныйбы же жокпу деген суроо ачык бойдон калууда. Бирок Брюсселдин талибдер менен байланыш түзүү ниети "техникалык сүйлөшүүлөр" деген расмий түшүндүрмөгө карабай ачык көрүндү


