Таласта мал уурулукка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды
Таласта мал уурулукка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция маалымдап, шектүү аймактагы "Мал уурулук" аталышындагы рейддик иш-чаранын алкагында кармалганын билдирди Маалым болгондой, 1981-жылы туулган Т.Н. аттуу жаран кармалган учурда жанынан эки уюлдук телефон, бир

Таласта мал уурулукка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция маалымдап, шектүү аймактагы "Мал уурулук" аталышындагы рейддик иш-чаранын алкагында кармалганын билдирди Маалым болгондой, 1981-жылы туулган Т.Н. аттуу жаран кармалган учурда жанынан эки уюлдук телефон, бир бычак, бир адам сөлөкөтүндөгү бет кап, бир мурч балону, кара түстөгү баштык жана акча каражаты табылды Ага карата 2-февралда Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренесинин (Мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышкердин жүргөн жери анык болбогондуктан издөө жарыяланган Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланып жатканы маалымдалды