Талас университетинин жаңы имаратынын курулушу кызуу уланууда
Бишкек, 14.03.26 /Кабар. Талас шаарындагы Талас университетинин 5 кабаттуу жаңы имаратынын курулушу активдүү уланууда. Бул тууралуу аталган облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти Маалыматта белгиленгендей, имарат президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен курулууда. Учурда жалпы аянты 5 миң 600 чарчы мет

Бишкек, 14.03.26 /Кабар. Талас шаарындагы Талас университетинин 5 кабаттуу жаңы имаратынын курулушу активдүү уланууда. Бул тууралуу аталган облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти Маалыматта белгиленгендей, имарат президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен курулууда. Учурда жалпы аянты 5 миң 600 чарчы метрди түзгөн 5 кабаттуу имараттын пайдубалы түптөлүп, экинчи кабатынын курулушу активдүү уланууда. Жаңы кампус бардык заманбап окуу куралдары менен жабдылып, студенттер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт Имарат 31-августта мамлекет башчысынын катышуусунда ишке берилери пландалууда Белгилей кетсек, Талас мамлекеттик университети 1994-жылы түзүлгөн. Ал совет мезгилинен бери иштеп келген Талас педагогикалык окуу жайынын базасында уюштурулган. Ал эми бул педагогикалык окуу жай 1930-жылдары эле өз ишин баштаган. Университеттин билим берүү тарыхы 90 жылдан ашуун убакытты камтыйт


