Сот аткаруу кызматы: Капаловдун өлүмү кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу эмес
Бишкек, 14.03.26 /Кабар/. Алдын ала маалыматтар боюнча Кубанычбек Капаловдун өлүмү кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу эмес. Бул тууралуу Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы билдирет Маалым болгондой, күн мурун Бишкек шаарындагы Байтик айылынан Капаловдун сөөгү жеңил унаанын ичине

Бишкек, 14.03.26 /Кабар/. Алдын ала маалыматтар боюнча Кубанычбек Капаловдун өлүмү кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу эмес. Бул тууралуу Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы билдирет Маалым болгондой, күн мурун Бишкек шаарындагы Байтик айылынан Капаловдун сөөгү жеңил унаанын ичинен ок атылган абалда табылган. Окуя тууралуу билдирүү Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына келип түшкөн. Бүгүн бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Андан тышкары, бул окуя боюнча кызматтык иликтөө да башталды Сот аткаруу кызматы коомчулуктан жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн тергөөнүн расмий жыйынтыгын күтүп, мөөнөтүнөн мурда тыянак чыгарбоо өтүнөт Белгилей кетсек, Кубанычбек Капалов буга чейин Сот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары болгон Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаардык милициясы Бишкекте унаанын ичинде эркек киши өзүн атып алганы боюнча маалымат берген. Ал эми айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматтарына ылайык, аталган жаран Сот аткаруучулар кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Капалов болгондугу айтылган