Шамалды-Сайда темир жолдун боюндагы талаштуу үйлөр текшерилди
Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Транспорт министринин орун басары Алмаз Тургунбаев Жогорку Кеңештин депутаты Гулшаркан Култаева менен биргеликте Шамалды-Сай шаарынын тургундары тарабынан көтөрүлгөн маселелер менен жеринен таанышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары менен жолугушту Ведомст

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Транспорт министринин орун басары Алмаз Тургунбаев Жогорку Кеңештин депутаты Гулшаркан Култаева менен биргеликте Шамалды-Сай шаарынын тургундары тарабынан көтөрүлгөн маселелер менен жеринен таанышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары менен жолугушту Ведомстводон маалымдашкандай, анда Шамалды-Сай жана Таш-Көмүр темир жол бекеттеринин ортосундагы коргоо тилкесинде жайгашкан 11 үй боюнча маселе көтөрүлдү. Бул үйлөр коопсуздук талаптарына жооп бербегендиктен буга чейин документ берилбей келген. Тургундар курулуштарды мыйзамдаштырууга көмөк сурашты Ошондой эле текшерүү учурунда жаңы курулуп жаткан бала бакчанын имараты темир жолдун коргоо тилкесинин ичине түшүп калганы аныкталды. Коопсуздукту эске алуу менен бала бакчанын курулушун токтотуп, аны коопсуз аймакка которуу сунушу берилди Ошондой эле Аксы районунун Дейрес-Сай айылынын тургундары менен дагы жолугушуу өттү. Жергиликтүү эл 15 чакырымдык кара шагыл жолду министрликтин балансына алып, асфальттап берүүнү өтүнүштү Тургунбаев аталган жол тилкесин министрликтин балансына өткөрүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрүн белгиледи Сапардын жыйынтыгында көтөрүлгөн бардык маселелер министрликтин көзөмөлүнө алынды


