Президенттин тапшырмасы: Кыргыз жарандарын мекенге кайтаруу иштери уланууда
Бишкек, 14.03.26. /Кабар/. Кыргыз жарандарын мекенге кайтаруу иштери уланууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында, министрлик тарабынан Кувейт , Бахрейн жана Катардын аймактарындагы Кыргызстандын жарандарын меке

Бишкек, 14.03.26. /Кабар/. Кыргыз жарандарын мекенге кайтаруу иштери уланууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында, министрлик тарабынан Кувейт , Бахрейн жана Катардын аймактарындагы Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча кезектеги атайын эвакуациялык авиакаттам уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө Эвакуациянын биринчи этабында, жарандардын тизмеси түзүлүп, виза жана өлкө аймагынан чыгуу үчүн уруксаттар алынган. Күн мурун, 13-мартта жарандар Эль-Кувейт, Манама жана Доха шаарларынан автобустар менен Эр-Рияд шаарына багыт алды Эвакуация процесси аяктап, жарандар мекенге кайтып келгенден кийин ТИМ кошумча маалымат берет