"Оскар - 2026". Сыйлык тапшыруу аземине келген дүйнөлүк жылдыздардын образы (сүрөт)
Дүйшөмбү күнгө караган түнү Лос-Анжелес шаарындагы Dolby Theatre театрында "Оскар" сыйлыгын 98-жолку сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Анда "Эң мыкты тасма" номинациясын режиссёр Пол Томас Андерсон тарткан "Кармаш артынан кармаш" тасмасы жеңип алды Учурда дүйнө жүзүндө "Оскар" сыйлыгынын жеңүүчүлөр

Дүйшөмбү күнгө караган түнү Лос-Анжелес шаарындагы Dolby Theatre театрында "Оскар" сыйлыгын 98-жолку сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Анда "Эң мыкты тасма" номинациясын режиссёр Пол Томас Андерсон тарткан "Кармаш артынан кармаш" тасмасы жеңип алды Учурда дүйнө жүзүндө "Оскар" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү тууралуу талкуу болууда. Ал эми мода сынчылары адаттагыдай эле кызыл килемдеги жылдыздардын образдарына көз салышууда Салтанатка келген дүйнөлүк өнөр адамдары жыл сайын өзгөчө стилдеги кийимдерди тандап, коомчулукка жаңы мода тенденцияларын көрсөтүүгө аракет кылышат. Алардын айрымдары классикалык жана элеганттуу образдарды тандаса, башкалары өзгөчө образы менен элдин көңүлүн бурат "Оскар" сыйлыгын алган "Кармаш артынан кармаш" тасмасында роль жараткан актриса Теяна Тейлор кызыл килемге Chanel брендинин кара түстөгү кечки көйнөгүн кийип келген. Мындай көйнөк актриса айымдын келбетине жарашып, мода сынчыларынын мыкты баасына татый алган Атактуу дүйнөлүк актриса Николь Кидман быйылкы "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземине конок катары чакырылган. Ал салтанатта сахнага чыгып, режиссёр Пол Томас Андерсонго "Кармаш артынан кармаш" тасмасы үчүн "Жылдын эң мыкты тасмасы" номинациясын тапшырды Ал эми кызыл килемде актриса өзүнүн жарашыктуу образы менен көпчүлүктүн көңүлүн бура алды. Актриса айым Chanel мода үйү даярдаган ачык саргыч түстөгө көйнөктү кийип келген. Мындай образ кымбат баалуу шакектер жана бриллиант саат менен толуктап, аземдин эң стилдүү конокторунун бири боло алган Актриса Эль Фаннинг "Сентименталдык баалуулук" тасмасындагы ролу үчүн "Экинчи пландагы мыкты актриса" номинациясына көрсөтүлүп, "Оскар" сыйлыгынын тапшыруу аземине катышкан. Салтанатка актриса Givenchy мода үйү даярдаган ак түстөгү көйнөк менен келген. Мындай ак түстөгү көйнөктү актриса бала кезиндеги көрүнүштөрдү эскерүүдөн улам кийип келгенин айткан. Бала чагында Эль Фаннингдин үйүндө жаз айында гүлдөгөн ак түстөгү бадал болгон, анын гүл желектери түшкөн учурда жердин бети акка боёлгон. Аталган көйнөк менен ал дал ушундай көрүнүш чагылдырууну каалаган Белгилүү актриса Жесси Бакли Chanel мода үйүнүн ачык кызыл жана кызгылт түстөгү узун көйнөгүн тандаган. Анын мындай ачык түстүү көйнөгү элдин көңүлүн биринчи бурары талашсыз. Актриса образын кымбат баалуу таштары тагынчактар менен толуктаган Белгилүү дүйнөлүк актриса Деми Мур быйыл "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземине талапкер катары көрсөтүлгөн эмес. Ошентсе да ал салтанатка конок катары келип, кызыл килемден өттү Актриса аземге Gucci мода үйүнүн көйнөгүн кийген. Көйнөк кара жана жашыл түстөрдүн айкалышында "русалка" стилинде тигилген. Мода сынчылары мындай образды өзгөчө деп баалабаганы менен, актриса айымга жарашыктуу тандалганын белгилешкен Белгилүү актриса Энн Хэтэуэй быйыл аземге алып баруучу катары катышты. Ал салтанатка Valentino Haute Couture мода үйүнүн көйнөгүн тандаган Актриса гүлдүү сайма менен кооздолгон көйнөк кийип, образын кымбат баалуу таштардан жасалган сөйкө жана моюн шурусу менен толуктаган. Мындай гүлдүү көйнөк актриса айымдын келбетине жарашып, өзгөчө көйнөктөрдүн катарын толуктай алды Ал эми "Кармаш артынан кармаш" тасмасында роль жараткан актриса Чейз Инфинити аземге сирень түстөгү Louis Vuitton мода үйүнүн көйнөгүн тандаган. Аталган көйнөктү даярдоо үчүн дизайнерлер 30 күндөн ашык убакыт коротушкан. Мындан тышкары актриса De Beers London Summer брендинин 18 караттык алтындан жасалган бриллиант ташы бар моюн шурусун тагынып, кымбат образдардын катарын толуктады
Diğer Haberler

Paralimpik şampiyonu: "Sporun Onurlu Ustası" unvanını kendime bayram hediyesi olarak aldım
yaklaşık 5 saat önce
Stone Chronicle Müzesi'nde "Çerçevenin Ötesi" adlı kapsamlı sanat sergisi açıldı
yaklaşık 5 saat önce