Ошто аймактар аралык таксилер үчүн жаңы тартип киргизилди
Ош шаарында аймактар аралык каттамдагы унаалар үчүн жаңы тартип киргизилди. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди Маалыматка ылайык, мэр Жанарбек Акаев Курманжан датка муниципалдык аймагындагы Монуев көчөсүндө жайгашкан жаңы унаа токтоочу жайды жеринен көрүп чыкты. Шаар башчысы бул жайды Өзгөн, Кара-К

Ош шаарында аймактар аралык каттамдагы унаалар үчүн жаңы тартип киргизилди. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди Маалыматка ылайык, мэр Жанарбек Акаев Курманжан датка муниципалдык аймагындагы Монуев көчөсүндө жайгашкан жаңы унаа токтоочу жайды жеринен көрүп чыкты. Шаар башчысы бул жайды Өзгөн, Кара-Кулжа, Алай жана Чоң-Алай райондоруна каттаган таксилер үчүн пайдаланууга берүү чечимин кабыл алды Мындан тышкары мэр Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын аймагындагы унаа токтоочу жайга орнотулган жаңы технологиядагы тосмону тез арада ишке киргизүүнү тапшырды Ошондой эле оорукананын жанынан өткөн Увам каналынын жээгин көрктөндүрүп, шаар тургундары үчүн эс алуучу сквер уюштуруу пландалып жатканы белгиленди


