Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

Мунай рыногундагы азыркы кырдаалда ЕАЭБ өзүн кантип коргойт?

Жакынкы Чыгышта кырдаал күчөгөндөн бир нече күн өтөрү менен дүйнөлүк мунай рыногунда абал жакшы эмес нукка бурулду десе болот. Бир катар өлкөлөрдүн энергетикалык инфраструктурасы олуттуу зыянга учурап, кыйроолордун масштабы азырынча белгисиз. Ошол эле убакта каршылашкан тараптар бир пикирге келе эле

4 gün önce0 görüntülemekabar.kg
Мунай рыногундагы азыркы кырдаалда ЕАЭБ өзүн кантип коргойт?
Paylaş:

Жакынкы Чыгышта кырдаал күчөгөндөн бир нече күн өтөрү менен дүйнөлүк мунай рыногунда абал жакшы эмес нукка бурулду десе болот. Бир катар өлкөлөрдүн энергетикалык инфраструктурасы олуттуу зыянга учурап, кыйроолордун масштабы азырынча белгисиз. Ошол эле убакта каршылашкан тараптар бир пикирге келе элек, аскердик операциялар дагы деле уланып жатат Дүйнөлүк мунай соодасынын 20 пайызы ташылып өткөн Ормуз кысыгында ондогон танкерлер чабуулда калып, бөгөттөлдү. Мындан сырткары Сауд Аравиясы, Катар, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары жана башка өлкөлөрдүн мунай өндүрүүчү ишкана комплекстери жапа чекти Бензин жана суюлтулган газ өндүрүүчү ири заводдордун иши токтоду. Глобалдык энергетикалык рыноктун качан калыбына келерин бир да эксперт айта албай турат Евробиримдикте газдын баасы бир жумага жетпеген убакытта эки эседен ашык кымбаттаганын түркиялык "Анадолу" агенттиги билдирди Ал эми россиялык РБК басылмасы мындай деп жазды: Азиянын фондулук рынокторунда да кескин төмөндөө болууда, анткени бул регион Перс булуңунан келген товарларга көз каранды. Аймактын эң ири мунай жана газ импорттоочулары Кытай, Япония, Түштүк Корея жана Индия. Энергоресурстар боюнча белгисиздиктен улам бир топ компаниялар акцияларын сатышты. Күйүүчү майдын баасы кымбаттап, ишкердик активдүүлүк төмөндөөдө. Ал эми каатчылык эми гана башталды Экономисттердин айтымында, күчөгөн соккулардын кесепеттери күтүүсүз болушу мүмкүн. Глобалдык белгисиздиктин мындай татаал кырдаалында Венгриянын өкмөтү тез чечим чыгарып, тышкы иштер министри Петер Сийяртону Россия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү үчүн Кремлге жөнөттү. Ушуну менен Будапешт энергетикалык коопсуздуктун эң орчундуу маселелерин чечип алды. Бул өлкө мунай менен газды туруктуу баада жана керектүү көлөмдө алат Бул арада ЕАЭБ тынч турат. Жакынкы Чыгыштагы күйүүчү май жетишсиздигине байланышкан каатчылык, албетте, өнөктөш өлкөлөргө коркунуч жаратпайт. Бирок мунайдын биржалык баасы көтөрүлүп кетүү кооптуулугу бар. Биз экономикалык бирликтин курамында болгонубуз менен күйүүчү майды рыноктук механизмдер аркылуу сатып алабыз. Бул мурда эле чечилип, кабыл алынган Учурда серепчилер санкцияларга карабай Россиянын мунайына суроо-талап өсө турганын белгилешүүдө. Айтмакчы, Европага мунай жеткирүүдө санкциялар акырындык менен артка кайтарылып же алынып салынууда. "Роснефть" компаниясынын туунду ишканасы Германияда чектөөлөрдөн бошотулган. Бул сөзсүз түрдө баалар көтөрүлөт дегенди билдирет Экономисттердин пикиринде, Европадагыдай же дүйнөдөгүдөй каатчылык бизде мынчалык кескин түрдө болбосо да, энергия ресурстарынын кымбаттоо факторун эске алуу зарыл. Азыртадан эле узак мөөнөттүү кепилденген жеткирүүлөр жөнүндө ойлонушубуз керек, ошону менен бирге баалардын өсүшү экономикабыз үчүн күтүүсүз сокку болбошу үчүн өнөктөштөр менен бааны ооздуктоо механизмдерин талкуулоо максатка ылайык Экономикалык биримдиктин чегинде бирдиктүү өнүгүү мейкиндигине жана анын туруктуулугуна келгенде, өз ара жардам көрсөтүү жана колдоо чаралары мурда колдонулуп келген. Россия ички рынокту жана өнөктөш өлкөлөрдүн суроо-талаптарын камсыздоо үчүн күйүүчү майды ЕАЭБдин чегинен чыгарууга чектөө киргизген учурлар болгон. Азыр да абал ушундай Серепчилер белгилегендей, глобалдык турбуленттик шарттарында тышкы таасирлерден жана глобалдык толкундоолордон жамааттык коргонууну камсыздоо үчүн кызматташуу форматтарын өркүндөтүү зарыл. Бул туруктуулук маселеси