Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

Мэр ЦУМдун айланасындагы курулуштар боюнча сын-пикирлерге жооп берди

Бишкек, 16.03.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги курулуштарга карата шаардыктардын сынына жооп берди Анын айтымында, буга чейин чара көрүлбөгөндүгүнүн себеби — объектилер үчүн курулуш компаниялары да жоопкерчиликтүү Калаа баш

3 gün önce0 görüntülemekabar.kg
Мэр ЦУМдун айланасындагы курулуштар боюнча сын-пикирлерге жооп берди
Paylaş:

Бишкек, 16.03.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги курулуштарга карата шаардыктардын сынына жооп берди Анын айтымында, буга чейин чара көрүлбөгөндүгүнүн себеби — объектилер үчүн курулуш компаниялары да жоопкерчиликтүү Калаа башчысы кошумчалагандай, “Айчүрөк” соода борборунун (ЦУМ) жанындагы мурдагы фонтандардын ордуна курулган объектини бузууга болжол менен 10 күн талап кылынат. Бул иштер аяктагандан кийин долбоор шаар куруу кеңешинин кароосуна сунушталып, анда долбоорду ишке ашыруунун кийинки мөөнөттөрү аныкталмакчы. Алынган милдеттемелерге ылайык, учурда 1-кабатты демонтаждоо иштери башталды Эске салсак, Айбек Жунушалиев бүгүн Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде көчмө жыйын өткөрдү. Анда жүрүп жаткан курулуштарга үч компания ээлик кылары маалым болду. Жунушалиев аталган көчөлөрдүн кесилишинде жайгашкан Beren Gold имаратынын өкүлүнө да кайрылып, жүрүп жаткан курулуштар менен кошо аталган имараттын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу тапшырмасын берди

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler

Мэр ЦУМдун айланасындагы курулуштар боюнча сын-пикирлерге жооп берди | Tenqri