"Манастагы" кырсык учактардын коопсуздугу боюнча маселени козгоду
Кырсыктаган учактан 181 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү аман-эсен эвакуацияланды. Олуттуу жаракат алгандар жок "Айрымдары жеңил жаракат алышкан. Жүргүнчүлөрдүн баары эвакуацияланып, аэропорттун медициналык бөлүмүнө жеткирилди. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Учак азыр перрондо. Бардык учу

Кырсыктаган учактан 181 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү аман-эсен эвакуацияланды. Олуттуу жаракат алгандар жок "Айрымдары жеңил жаракат алышкан. Жүргүнчүлөрдүн баары эвакуацияланып, аэропорттун медициналык бөлүмүнө жеткирилди. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Учак азыр перрондо. Бардык учуу-конуулар токтотулду. Себеби ал жерге авиакоросин төгүлдү. Кырсыкка кабылган учак дагы учуп-конуу тилкесине тоскоолдук жаратып жатат. Ошондуктан азыр аэропорт учуп конууларды кабыл ала албайт", - деди "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын коомдук байланыш бөлүмүнүн башчысы Алена Хоменко "Манас" эл аралык аэропорту шаршембидеги таңкы саат алтыга чейин жабык болору кабарланды “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынын президенти Манасбек Самидинов Фейсбуктагы баракчасына авиакырсыктын техникалык себебин кыскача түшүндүрдү McDonnell Douglas MD-83 учагы абага көтөрүлүүгө камданып жатканда "сол жактагы негизги шасси таянычы сынып кетип, сол канаты менен учуп-конуу тилкесине боортоктоп токтоп калганын" жазды Жүргүнчүлөр социалдык тармактарга сүрөт, видеолорду жарыялашты. Анда учактын канаты сынып, бир капталы кыйшайып, “Манастын” учуу-конуу тилкесинде турганын көрүүгө болот "Азаттыктын” журналисти учактагы жүргүнчүлөрдүн бири Аман Ибраев менен телефондон байланышты. Ал бул каттамга кызы менен кошо чыкканын айтты “Учакка отурдук, самолёт жыла баштады. Саат туптуура 13:45те жылды. Кырсык 13:48дер чамасында болду да. Эки-үч мүнөттүн аралыгында болуп кетти. Ылдамдыгын эми күчөтө баштаганда сол канаты сынып, “карс” дей түштү. Биз учактын ортоңку бөлүгүндө болчубуз. Алгач анчейин корккон жокпуз, бирок күйүүчү майдын жыты келгенде кабатыр боло баштадык. Ысыктын күнүндө… Дүрбөлөң башталды. Биз эч нерсени күтпөй эле, “кошумча чыгуучу жактарды ачкыла” дей баштадык. Ачышты, эл трап менен түшө баштады”, - деп айтып берди Ибраев Бул кырсык Кыргызстандагы ички каттамдарды аткарган учактардын сапаты, алардын эскилиги жеткени тууралуу талкууларга жем таштады “Кудай сактады, учак көтөрүлүп жатканда сынып кетсе эмне болмок? Асманда учуп баратканда же конуп жатканда сынса эмне болмок? Биз эмне болмокпуз? Сүйлөй да албай жатам. Учак капталдап калды. Күйүүчү май дароо төгүлдү. Күйүп кетсе эмне болот эле? Биздин өмүрүбүзгө ким жооп берет эле? Авиакомпаниялар билетти кымбат сатышат, учуу убактысын каалаган маалга жылдырышат. Учактын ичи ысык. Бул окуядан муну айтканга туура келип жатат. Качан оңолобуз? Учактар көзөмөлдөнөбү? Жаңыраак учак алып келиш керек да. Жума сайын учам. Учак конуп жатканда, учарда кантип титирейт, буга көнүп бүткөнбүз. Мына, бул кырсыктан канча адам стресс болду, психологиялык сокку алды. Жаш балдар, энелер ыйлап жатышат. Өкмөт, "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы жаңы учак алып келсе болбойбу?” - деп суроо салды жүргүнчү Аман Ибраев TezJet компаниясы окуя тууралуу комментарий бере элек. Аталган компаниянын сайтындагы маалыматтарга ылайык, анын учактары Бишкек-Ош-Бишкек каттамдарын күн сайын бир нече ирет аткарат, мындан тышкары Бишкек — Баткен, Бишкек — Раззаков (Исфана), Бишкек — Тамчы (Ыссык-Көл, мезгилдик учууулар) каттамдары бар. Эл аралыктардан Бишкек — Ташкент, Бишкек — Дели каттамдарына чыгып жүрөт Ачык булактарга таянсак, TezJet 2013-жылдын 23-апрелинде негизделген Авиакомпаниянын негизги хабы "Манас" эл аралык аэропортунда жайгашкан TezJet авиакомпаниясынын аба флоту эки BAe 146 жана эки McDonnell Douglas MD үлгүсүндөгү учактан турат Кырсыктаган учак 1996-жылы АКШнын Калифорния штатынан чыккан. 1996-жылдын 1-мартында биринчи каттамын аткарган "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы кырсыктын себептерин, чоо-жайын иликтеп жатат Окуянын себеби иликтөө бүткөндөн кийин жарыяланышы мүмкүн Туура бир ай мурда, 8-июнда Кыргызстан авиа коопсуздук боюнча Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгарылганы белгилүү болгон. Европа Комиссиясынын Мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы башкармалыгы Кыргызстанда сертификация алган бардык аба компаниялар тизмеден чыкканын билдирген Чечим шаркеттин Авиа коопсуздук боюнча комитетинин (ASC) 2026-жылдын 19-21-майындагы жыйынында кабыл алынган Европа Биримдигинин “Аба коопсуздугу тизмеси” алгачкы жолу 2006-жылы жарыяланып, Кыргызстан ага дароо эле киргизилген. Буга өлкөдөгү учактардын абалы, аларды техникалык тейлөөнүн сапаты, учуу коопсуздугун көзөмөлдөө системасы жана адистерди даярдоо өңдүү жарандык авиациясы тармагындагы кемчиликтер себеп болгон Тизмеге киргизилген авиакомпанияларга Евробиримдиктин аймагында учууга тыюу салынат. Кайсы бир өлкөнүн жарандык авиация мекемеси коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча өзүнүн эл аралык милдеттемесин аткарууга жөндөмсүз болсо, анда андан сертификат алган бардык авиакомпаниялар “кара тизмеге” киргизилет. Евробиримдиктин комитети адатта жылына 2-3 жолу чогулуп, зарылчылык болсо жаңыланууларды киргизип турат “Кара тизме” 2006-жылдан бери 47 жолу жаңыланган. Евробиримдиктин Учуу коопсуздугу боюнча комитетинин 2025-жылдын соңундагы маалыматына ылайык, “кара тизмеде” жалпысынан 22 мамлекеттин жарандык авиация мекемелеринен сертификатталган 170тен ашуун авиакомпания бар болчу. Арасында Кыргызстандын 16 авиакомпаниясы жүргөн. 9-июнда ал тизме жаңыланып, Кыргызстан андан көрүнбөй калган


