Өлкөдө ак илбирстин саны 550дөн ашты
Кыргызстанда азыркы тапта 550дөн ашык ак илбирс бар. Маалыматты 9-мартта парламенттин комитет жыйынында жаратылыш министринин орун басары Асел Райымкулова билдирди. Айтымында, кам көрүүнүн натыйжасында илбирстердин саны көбөйүүдө Өлкөдө 2030-жылга чейин ак илбирсти сактоо боюнча иш-чаралардын планы

Кыргызстанда азыркы тапта 550дөн ашык ак илбирс бар. Маалыматты 9-мартта парламенттин комитет жыйынында жаратылыш министринин орун басары Асел Райымкулова билдирди. Айтымында, кам көрүүнүн натыйжасында илбирстердин саны көбөйүүдө Өлкөдө 2030-жылга чейин ак илбирсти сактоо боюнча иш-чаралардын планы кабыл алынганы маалымдалды. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын абалын жакшыртуу үчүн жалпы аянты 792 миң гектарды түзгөн “Ак илбирс коридору” түзүлгөн. Бул аймак Хан-Теңири, Сары-Чат - Ээрташ мамлекеттик жаратылыш коругун жана Нарын облусунун чөлкөмдөрүн бириктирет Эскерте кетсек, Кыргызстандын аймагында илбирстер кескин азайып бара жаткан. 2015-жылы “НАБУ” жаратылышты коргоо уюму өлкөдө 300-350дөй илбирс калганын кабарлаган эле. 23-октябрь – Ак илбирсти коргоонун эл аралык күнү. Бул датага карата Кыргызстанда да ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет. Мындан 3 жыл мурун Кыргызстанда “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө” президенттин жарлыгы чыккан. Быйылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына да ак илбирс символ катары тандалды


