Кыз-келиндерге IT тармагы боюнча гранттык окуу уюштурулат
Бишкек, 16.03.26 /Кабар/. IT тармагына кызыккан кыз-келиндер үчүн жаны гранттык окуу уюштурулууда. Бул тууралуу Жасалма интеллект академиясынын директору Эрхан Адаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди Анын айтымында, гранттык окуунун тандоосуна 14 жаштан 60 жашка чейинки айымдар катыша алат

Бишкек, 16.03.26 /Кабар/. IT тармагына кызыккан кыз-келиндер үчүн жаны гранттык окуу уюштурулууда. Бул тууралуу Жасалма интеллект академиясынын директору Эрхан Адаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди Анын айтымында, гранттык окуунун тандоосуна 14 жаштан 60 жашка чейинки айымдар катыша алат “Биздин долбоор “Programmer Ayimdar” деп аталат. Долбоор IT тармагы боюнча айымдардын окусуна мүмкүнчүлүк түзөт. Биринчиден бизге бул тармакка кызыккандар керек. IT адис катары иштейм деп пландап жүргөн айымдар бизге келип тандоого катышса болот. Жогорку технологиялар паркынын жардамы менен уюштурулган гранттык окуу толугу менен акысыз болуп, бир гана тандоодон өтүү талап кылынат”,- деди Адаев Бул жолку гранттык окуу дата-инженер багыты боюнча болоору маалым болду “Негизи Борбор Азия аймагында IT багытын эркектердин кесиби деп эсептешет, бирок бул туура эмес. Айымдардын арасынан да мыкты IT адистер чыгууда. Бул жолку үчүнчү грант дата-инженер багыты боюнча болмокчу. Буга чейинки долбоорлор да чоң натыйжаларды көрсөттү”,- дейт ал Жасалма интеллект академиясынын директору гранттык окууга өзгөчө аймактардагы айымдарды тартууга кызыкдар экендигин кошумчалады


