Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

Кытай жарандарына визасыз режим киргизилиши мүмкүнбү?

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда визасыз режим ишке киргизилиши мүмкүнбү? Бул маселе 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлдү. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев бул маселе боюнча талкуу болгонун маалымдады. Маалыматка таянсак, аз

3 gün önce0 görüntülemesuper.kg
Кытай жарандарына визасыз режим киргизилиши мүмкүнбү?
Paylaş:

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда визасыз режим ишке киргизилиши мүмкүнбү? Бул маселе 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлдү. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев бул маселе боюнча талкуу болгонун маалымдады. Маалыматка таянсак, азыркы учурда пилоттук негизде Кыргызстанга Кытайдын айрым административдик аймактарынын жарандары гана визасыз кире алышат, алар: Гонконг жана Макао райондору. Калган аймактарынын жарандарына кадимки виза тартиби иштейт. Чиновник Кытай коңшу өлкөлөрдүн жарандары үчүн визасыз режимди ишке киргизгенин белгиледи – Кытай Казакстан, Өзбекстан жана Орусиянын жарандары үчүн визасыз режим киргизди. Бүгүн Кыргызстан дагы бул боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө. Бирок биздин талап – визасыз режимдин эки тарапка бир убакта киргизилиши. Кытай тарап биринчи Кыргызстан киргизишин талап кылууда, буга биз макул эмеспиз,- деди Имангазиев

Kaynak: super.kg

Diğer Haberler

Кытай жарандарына визасыз режим киргизилиши мүмкүнбү? | Tenqri