Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

Çin-Kırgızistan-Özbekistan demiryolu: projenin inşaatına yeniden başlandı

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун маршруту боюнча Кыргызстандын тоо тилкелеринде төрт маанилүү туннелди казуу иштери башталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Дастан Усубакунов билдирди “Долбоор азыр активдүү к

3 gün önce0 görüntülemekabar.kg
Çin-Kırgızistan-Özbekistan demiryolu: projenin inşaatına yeniden başlandı
Paylaş:

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун маршруту боюнча Кыргызстандын тоо тилкелеринде төрт маанилүү туннелди казуу иштери башталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Дастан Усубакунов билдирди “Долбоор азыр активдүү курулуш фазасында турат. Адистер үч нөөмөт менен, дем алышсыз иштөөдө. Бул 24/7 режими долбоордун керектүү ылдамдыкта ишке ашуусун камсыз кылуу үчүн киргизилген. Суук мезгилде бетон жумуштары убактылуу токтотулганы менен туннель казуу жана анын топурагын чыгаруу иштери план боюнча жүрүүдө”,-деди Усубакунов Долбоордун өзгөчөлүгү - темир жолдун 300 чакырымга жакын бөлүгү өтө татаал рельеф аркылуу өтүп жатканы. Темир жол чындыгында тоолор, кыялар, каньондор жана жарлар аркылуу салынат. Бул үчүн 90 эстакадалык көпүрө жана узундугу 200 чакырымдан ашкан 50 туннель курулат. Темир жолдун үчтөн эки бөлүгү атайын тилке болуп эсептелет, аларды ишке ашыруу алдыңкы инженердик чечимдер менен атайын техниканы талап кылат. Эксперттердин айтымында, бул долбоор дүйнөлүк практикадагы эң татаал долбоорлордун бири болуп калышы мүмкүн Евразиялык геоэкономикалык байкоочу, Кытай жана Кыргызстан ортосундагы экономикалык жана соода кызматташтык боюнча аналитик Юэ Хэфу “Кабар” агенттигине комментарий берип жатып, долбоордун активдүү фазасы 2026-жылдын жаз айларын туура келерин белгиледи. Атап айтканда, бул убакта долбоор темир жол өтө турган бардык багыттар боюнча, өзгөчө маанилүү жана өтө татаал бөлүктөрдө жүргүзүлөт Ушул аптада эле биргелешкен долбоордук компания биринчи транш катары 500 миллион долларды алып, ал эми Кыргызстан долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн жерлерди бөлүштүрүү процессин аягына чыгарды. Бул темир жолдун толук маршруту боюнча активдүү курулуш иштеринин башталганын билдирет "Инспекциянын маалыматына ылайык, Төш-Кутчу аймагында өткөн жылдын аягында 5 миң 695 ири курулуш техникасы жана 5 миңден ашык куруучулар келген. Жерлер бөлүнүп берилгенден кийин курулуш иштери олуттуу түрдө алдыга жыла баштаган Долбоордун бул активдүү башталышы жергиликтүү керектөөлөргө болгон суроо-талапты көбөйтөт. Миллиондогон тонна цемент, болот арматура, кум-шагыл аралашмасынын керектелиши, ири курулуш логистикасы жана жумушчулардын лагерлерин тейлөө жергиликтүү камсыздоо түзүмүнө таянары чын. Ошондой эле долбоор инженердик долбоорлоо жана курулуш стандарттарын жаңылоого чоң салым кошот Аталган темир жол курулушунда тоо шартында туннель казуу боюнча алдыңкы дүйнөлүк технологиялар жана көпүрө куруу стандарттары колдонулууда. Долбоордун жүрүшүндө жергиликтүү куруучулар жана долбоорлоо институттары дүйнөлүк деңгээлдеги инженердик командалар менен тыгыз кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул жөн гана подрядчы болуу эмес, замандын талабына ылайык долбоорду башкаруу жана алдыңкы курулуш концепцияларын үйрөнүүнүн практикалык мектеби боло алат. Инфраструктураны курууда жергиликтүү курулуш жана долбоор индустриясы радикалдуу модернизациядан өтөт”, - деп белгиледи Юэ Хэфу Эксперттер ошондой эле бул темир жол Кыргызстан аркылуу өтүп, Европа менен Азиянын ири транспорттук системаларын эң кыска жол менен туташтыра турганын белгилешет. Жаңы жана ыңгайлуу логистика көптөгөн мамлекеттерге өнүгүү стимулун берет Негизги маанилүү жагдай - магистраль Кыргызстан аркылуу Евразиянын ар кайсы бөлүктөрүн туташтырып, убакыт менен чыгымдарды азайтат. Бул маршрут суроо-талапка жооп берет жана логистиканы жеңилдетет, эл аралык соода үчүн маанилүү багыттарды колдонот Бул долбоор татаал келип, каражатты көп талап кылат. Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров белгилегендей, Кыргызстан тоолуу аймактардан жол өткөрүү, узун көпүрөлөрдү куруу боюнча баалуу тажрыйбага ээ болот. Ошондой эле транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө, эл аралык жана ички деңгээлде, экономикадагы башка секторлорго - айыл чарба, өндүрүш, машина куруу, логистика, кызмат көрсөтүү жана туризмге стимул берет “Бул долбоор биз үчүн жөн гана деңизге чыгуу же дүйнөлүк рынокторго жетүү эмес, өлкө ичинде да күчтүү инфраструктураны түзөт. Жолду салуу 18 станцияны, жүктү кайра жүктөө жана логистикалык борборлорду курууну камтыйт. Факультативдүү транзиттен өлкө жыл сайын болжол менен 200 миллион доллар каражат таап турат. Бул жол аркылуу биз бир тараптан Кытай жана Түштүк-Чыгыш Азия менен, экинчи тараптан Кавказ, Перс булуңу жана Европа өлкөлөрү менен байланыша алабыз. Бул эң кыска багыт болгондуктан, баары андан пайдалангысы келет. Ошондой эле товар экспорттоодо багыттарды ар тарапка кеңейтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот Буга чейин биз глобалдык жеткирүү чынжырларына катышып көргөн эмеспиз. Бизде чоң магистралдарга жана деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Дүйнөлүк соода процесстерине кирүү жагынан темир жол чоң мааниге ээ. Бул аркылуу биз экономикалык өнүгүүнүн жаңы форматтарына интеграция боло алабыз”,- деди Төлөнбек Абдыров Аймак үчүн туруктуу жана ишенимдүү транспорттук коридорлорду өнүктүрүү абдан маанилүү экендигин эксперттер белгилешет. Темир жол жана автожолдордун туруктуу, ишенимдүү жана тармактуу системасын түзүү экономиканын өнүгүү багыттарын аныктап, аны алдыга жылдырууга жардам берет. Континенттин борборунда үзгүлтүксүз логистиканы орнотуу жана аны эл аралык транспорттук тутумга кошуу - глобалдык өзгөрүүнүн башталышы жана өлкөлөрдүн экономикалык деңгээлин жаңы сапатка чыгарып, өнүгүүнүн жаңы баскычына жеткирүү дегенди билдирет