Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

Кыргызстандын 592 жараны мекенине кайтарылды

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруунун алкагында 14-мартта Кувейт, Бахрейн жана Катардан төртүнчү атайын эвакуациялык авиакаттам менен 142 жаран мекенине аман-эсен кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти Маалыматка ылайык, 24 жаран Стамбу

3 gün önce0 görüntülemekabar.kg
Кыргызстандын 592 жараны мекенине кайтарылды
Paylaş:

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруунун алкагында 14-мартта Кувейт, Бахрейн жана Катардан төртүнчү атайын эвакуациялык авиакаттам менен 142 жаран мекенине аман-эсен кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти Маалыматка ылайык, 24 жаран Стамбул аркылуу каттам менен дагы өлкөгө кайтып келишти Буга чейин маалымдалгандай, Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрүндө болжол менен 22 миңдей кыргыз жараны жүргөндүгүнө байланыштуу мамлекет башчысы мекендештердин коопсуздугун камсыз кылуу жана аларды эвакуациялоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүү тапшырмасын берген.Аймактагы туруксуз кырдаал шартында министрлик тарабынан жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга, кырдаалдын өзгөрүшү тууралуу өз убагында маалымат берүүгө, ошондой эле аталган өлкөлөрдүн аймагынан алып чыгуу иштерин уюштурууга багытталган комплекстүү иштер жүргүзүлдү Жалпысынан 5 атайын эвакуациялык авиакаттам уюштурулуп, алардын жардамы менен Эр-Рияд жана Дубай шаарларынан, ошондой эле Катар, Кувейт жана Бахрейнден Кыргызстандын 592 жараны мекенине кайтарылды. Репатриациялык иш-чаралар артыкчылык принциптерине ылайык, Жакынкы Чыгыш мамлекеттериндеги Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери менен тыгыз өз ара аракеттенүү аркылуу, ошондой эле кабыл алуучу өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынын колдоосу менен жүргүзүлдү Тышкы иштер министрлиги эвакуациялык иш-чараларды уюштурууда көрсөтүлгөн көмөгү, конструктивдүү кызматташуусу жана колдоосу үчүн Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравия, Оман, Кувейт, Бахрейн жана Катардан компетенттүү органдарына ыраазычылык билдирди Атайын эвакуациялык авиакаттамдардан тышкары, жарандардын кыйла бөлүгү мекенине кадимки авиакаттамдар аркылуу өз алдынча кайтуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланышты. Бүгүнкү күнгө карата Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен Кыргызстанга өз алдынча кайтып келген жарандардын жалпы саны 3000ден ашты.Ушуга байланыштуу министрлик Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин аймагында жүргөн жарандарды мүмкүн болушунча жакынкы убакытта жеткиликтүү каттамдар аркылуу мекенине кайтуу маселесин карап чыгууга, ошондой эле кырдаал толук турукташканга чейин бул багыттагы сапарлардан карманууга чакырат Тышкы иштер министрлигинен белгилешкендей, мекенге учуп келүү үчүн негизги транзиттик пункттар болуп Эр-Рияд жана Жидда шаарлары эсептелет. Жарандар Перс булуңундагы коңшу мамлекеттерден Сауд Аравиясына унаа же аймактык авиакаттамдар аркылуу келип, андан ары Бишкек шаарына уча алышат. Каттамдарды Flydubai, Pegasus Airlines, Flynas жана Turkish Airlines сыяктуу авиакомпаниялар аткарып, башка өлкөлөрдүн эл аралык аэропорттору аркылуу транзит менен ишке ашырылышы мүмкүн Министрлик кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо мамлекеттик саясаттын өзгөрүлгүс артыкчылыктуу багыты болуп кала берерин белгилейт

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler

Кыргызстандын 592 жараны мекенине кайтарылды | Tenqri