Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы эмне себептен кымбаттоодо?

Өлкөдөгү нефтетрейдерлердин ар бири өз алдынча иш алып барып, күйүүчү-майлоочу майга болгон бааны өздөрүнүн ишмердүүлүгүнө жараша жогорулатып же арзандатышат. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди Анын айтымында, баанын кымбатташы

3 gün önce0 görüntülemekabar.kg
Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы эмне себептен кымбаттоодо?
Paylaş:

Өлкөдөгү нефтетрейдерлердин ар бири өз алдынча иш алып барып, күйүүчү-майлоочу майга болгон бааны өздөрүнүн ишмердүүлүгүнө жараша жогорулатып же арзандатышат. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди Анын айтымында, баанын кымбатташынын биринчи себеби — Россияда жайгашкан мунайды кайра иштетүүчү заводдор бүгүнкү күндө Кыргызстанга дүң бааны 18-20%га жогорулатышкан Белгилей кетсек, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экендигин буга чейин Канат Эшатов "Кабар" агенттигине билдирген. Бүгүнкү күнгө карата күйүүчү майдын баасы өсүп, май куюучу жайлардын биринде 1 сомго, айрымдарында 2 сомго жогорулаганы байкалган. Мында баалар орточо төмөнкүдөй болууда: Күйүүчү-майлоочу майдын баасы жогору бойдон калып, айрыкча күн сайын жеке транспорт менен жүрүүгө аргасыз болгон айдоочулар каражатынын көп бөлүгү күйүүчү майга кетип жатканын белгилешет. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы белгилегендей, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын кесепетинен Россия тарап бааларды жогорулатууда Маалымдалгандай, Кыргызстанга жылына 1,5 млн тоннадан ашык күйүүчү-майлоочу май керектелет. Ал эми бааларды Салык кызматы жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көзөмөлдөйт Өткөн аптанын соңунда экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов өлкөдө күйүүчү май баасынын көтөрүлүшүнө жол берилбестигин жана бул маселе министрлер кабинетинин өзгөчө көзөмөлүндө экендигин билдирген. Ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу баа тобокелчиликтери изилденип чыккандыгы кошумчаланган. Бирок учурда баалардын көтөрүлгөнү байкалууда Экономист Эркин Абдыразаков товар өндүрүүдө жана кызмат көрсөтүүдө транспорт каражаты кеңири колдонулуп, мында күйүүчү май эң башкы ролдо экендигин белгиледи Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2 миллионго жакын автоунаа катталып, анын жарымын бензин менен жүргөн унаалар түзөт. Ал эми электр унааларынын саны 15 миңден ашып, жалпы сандын 0,8 пайызын гана түзөт

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы эмне себептен кымбаттоодо? | Tenqri