Кыргызстан менен БАЭнин тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү
Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министринин орун басары жана тышкы иштер министри Абдулла бин Заед Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев аймакта турук

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министринин орун басары жана тышкы иштер министри Абдулла бин Заед Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев аймакта туруктуулукту жана коопсуздукту сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, президент Садыр Жапаровдун атынан Бириккен Араб Эмираттарынын элине чын ыкластуу тилектештигин билдирди Тараптар аймактагы чыңалуунун жакын арада басаңдашына, дипломатиялык диалогдун кайра жанданышына, тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоого багытталган конкреттүү конструктивдүү кадамдардын кабыл алынышына үмүт артарын билдиришти


