Кыргыз Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов 89 жашында дүйнө салды (некролог)
Кыргыз Эл жазуучусу, II даражадагы “Манас” орденинин ээси, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Эмгек баатыры Кеңеш Жусупов 89 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди Кеңеш Жусупов 1937-жылы 14-апрелде Нарын облусунун Тянь-Шань районуна караштуу Эчки-Б

Кыргыз Эл жазуучусу, II даражадагы “Манас” орденинин ээси, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Эмгек баатыры Кеңеш Жусупов 89 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди Кеңеш Жусупов 1937-жылы 14-апрелде Нарын облусунун Тянь-Шань районуна караштуу Эчки-Башы айылында туулган. 1954-жылы Оттук айылындагы орто мектепти бүтүргөн. 1956-жылы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз тил жана адабият факультетине тапшырып, 1961-жылы аяктаган. Эмгек жолун 1961–1963-жылдары Нарын шаарындагы Тянь-Шань облустук гезитинен баштаган. Жазуучу чыгармачылык жолун 1958-жылы алгачкы “Түш” аттуу аңгемесин “Ленинчил жаш” гезитине жарыялоо менен баштаган. Тунгуч китеби 1965-жылы “Жашоо кумары” деген ат менен жарык көрүп, 1966-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. Ага удаа “Каралдым тоолор”, “Жүрөгүм менин тоолордо”, “Ыр сабындагы өмүр”, “Күлгүн курак”, “Тоолуктар баяны” аттуу китептери басылып чыгып, окурмандарга өз үнү жана өзгөчө чыгармачыл изи бар калемгер катары таанылган. 1975-жылы залкар акын Алыкулдун улуу сүйүүсүн, инсандык терең кайгысын жана калемгердик эрдигин чагылдырган “Ыр сабындагы өмүр” китеби Кыргызстан Ленин Комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон. Ошол эле жылы “Лесорубы” (“Карагайчылар”) аталышындагы аңгемелер жана повесттер жыйнагы Москвадан орус тилинде жарык көргөн. Кеңеш Жусупов Ашым Жакыпбеков менен бирге “Манас” эпосунун кара сөз вариантын даярдаган. Кыргыз элинин этнографиясы, маданияты, тарыхы, оозеки жана жазма адабияты камтылган кырк томдук “Кыргыздар” аттуу фундаменталдык эмгектин демилгечиси жана түзүүчүлөрүнүн бири. Жазуучунун айрым көркөм чыгармалары түрк, украин, өзбек, чех, орус, казак, татар, араб жана француз тилдерине которулган Бүтүндөй өмүрүн улуттук маданияттын жана адабияттын өнүгүшүнө арнаган Кеңеш Жусуповдун эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланган. Ал “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, II даражадагы “Манас” орденинин ээси болуп саналат, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын “Эмгек Баатыры” артыкчылык даражалары ыйгарылган. Андан тышкары Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун алтын медалы менен сыйланган жана бир топ эл аралык сыйлыктардын ээси болгон Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, ошондой эле бир катар башка окуу жайлардын ардактуу профессору болгон. Кеңеш Жусупов кыргыз жазуучуларынын жана маданият ишмерлеринин арасында мээнеткеч, сыпайы мүнөзү жана интеллигент инсан катары өзгөчө сый-урматка ээ болгон. Жаш акын-жазуучулардын көбү аны устат деп аздектеп урматташат Кеңеш Жусуповдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. С.Н. Жапаров, М.А. Маматалиев, А.А. Касымалиев, А.К. Койчиев, Э.Ж. Байсалов, А.С. Кадыралиев, Таалайбек кызы Жылдыз, Т.А. Ашымбаева, Ч. Абыкеев, А.М. Салымбеков, М.К. Мамбеталиев, Д.Ш. Кендирбаева, Н.Б. Сатаров, А.Дж. Джунушалиев, С.А. Раев, Т.С. Садыков, С. Токтакунова, К.К. Иманалиев, К.А. Ашымбаев, Т.М. Мамеев, Т.С. Самидинов, С.Ж. Жетимишов, К.Ж. Жусубалиев, М.М. Мамазаирова, А.Ж. Жакшылыков, Ш.Д. Дүйшеев, А.Р. Рыскулов, Н.А. Алымбеков, С.А. Акматбекова, А.Ө. Өмүрканов, Т.З. Закирова, Б. Усубалиев, М.А. Ааматов, К.Б. Бакиров, А.Э. Эркебаев, М. Мусаев, К.К. Кулуев, Ж.И. Саалаев, Ж.О. Кулмамбетов, А.М. Матисаков, Т.К. Чоротегин, Н.К. Капаров, К.Б. Чекиров, Н.Ө. Калыбеков жана башкаралар