Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

Kundoluk 2 (mansapka zhetu үchүn baaryna dayar bolgon kyzdyn sezimin, okuyalaryn bayandagan serisi)

(Башы өткөн сандарда) 31.12.ХХХХ. Бүгүн Жаңы жыл. Көчөгө чыксам эл жыргап, бири-бирин кубалап ойноп жүрүшөт. Баары бактылуу. Бир гана менин маанайым жок. Эмне кылайын, жашоомдогу эң жакын адамдарым менден баш тартып кетишсе?! Үмүтү жок жашоо жаман экен. Эч нерсеге көңүлүн келбей калат тура. Бүгүн б

4 gün önce0 görüntülemesuper.kg
Kundoluk 2 (mansapka zhetu үchүn baaryna dayar bolgon kyzdyn sezimin, okuyalaryn bayandagan serisi)
Paylaş:

(Башы өткөн сандарда) 31.12.ХХХХ. Бүгүн Жаңы жыл. Көчөгө чыксам эл жыргап, бири-бирин кубалап ойноп жүрүшөт. Баары бактылуу. Бир гана менин маанайым жок. Эмне кылайын, жашоомдогу эң жакын адамдарым менден баш тартып кетишсе?! Үмүтү жок жашоо жаман экен. Эч нерсеге көңүлүн келбей калат тура. Бүгүн базарга бардым. Атайын үйгө өсүүчү гүлдөрдү сатып алып келдим. Үйүмдү кооздодум. Мен кеткенде кызыма ушул гүлдөр мени эстетип турсун деп. Ар бир гүлдүн идишине өзүмдүн сүрөттөрүмдү тарттырдым фотостудияга барып. Качандыр бир кезде Данек баары бир мени энеси катары кабыл алуусу керек. Өзүмдү колго алып, аз өмүрүмдө кызыма көп нерсени дайындап кетким келди. Бул ай ичи мен аябай өзүмдү түшүрүп койдум. Ичтим... Клуб, барларда жүрдүм түндөп, ар кимдин чөнтөгүнүн эсебинен. Адилет да келе элек. Ал жанымда жок, өзүмдү таштап жибердим. Анан... Бир күнү негедир таң атпай туруп, үйдүн жанындагы аллеяга баргым келди. Парк сыяктуу жер. Барып, скамейкада отуруп ары-бери чуркап жаткан жашы элүүгө таяп калган аялды көрүп, суктанып кеттим. Карачы! Максаты, үмүтү бар адам кандай сонун! Күндө таң эрте туруп, ден соолугуна кам көрүп, чуркайт. А мен? Жаш туруп соолудум. Ыйладым. Жаман болдум, ызама чыдабай кеттим. Кайсы бир күнү өлүп калар экем деп корктум. Өлүмдү күткөн мынчалык азап болорун билбептирмин. Кайсы күнү менин кызылы тараган денемди үйдөн көтөрүп чыгышат болду экен? Көз жашымды төгүп, өпкө-өпкөмө батпай ыйладым. Бүрүшүп, бетимди жаап алып отурсам эженин боору ачыды окшойт. Айтор, энтигип жаныма чуркап келип отура кетти. Бир аз эс алып анан: – Ай, кызым, эмне болду? Таң атып-ата элек жатып ыйлабайт да?!- дегенде ичимдеги сырдын баарын төгүп салгым келди. Бейтааныш да, ал мени түшүнсө керек – Эже, менде үмүт жок – Ай, ошол элеби? Кел, үмүттү тез эле пайда кылабыз,- деп жылмайып, мени колдон кармай “жүрү, чуркайбыз” дегендей тартты. Мен кетенчиктедим – Жок, эже. Менин саналуу эле өмүрүм калды – Толук айтчы? Эмне менен ооруйсуң, кызым? – Мен рак менен ооруйм... Акыркы стадиясы... Эч кимге айта алган жокмун... Бул жөнүндө жакындарым билбейт – Ошол да оорубу?!- деп эже мени таң кала карап: – Мени мындан отуз жыл мурун “өлөсүң” деп больницадан чыгарып коюшкан. Мен жашап кеттим. Карачы азыркы акыбалымды. Же эмне, жаман көрүнөмбү? – Көрдүңбү? Эч бир дартты тоготпош керек, алтыным. Эч качан чөкпө. Врач божомолдоп айтат. Ал эми биздин келечегибиз бир гана...- деп сөөмөйүн асманды каратып: – Бир гана Жараткандан. Кааладыбы? Сени кызыл чоктон сууруп алат. Сенин жашооңду токтотууну кааласа, азыр түз жерден кетип бара жатып деле чалынып кетип, каза болуп калышың мүмкүн. Сенин жашооң бир Жараткандан жана өзүңдөн көз каранды. Сен жашоону сүйүп, аны каалап турсаң, ал мээримдүү зат, тилегинди албетте орундатат – Бирок мен өлөм да – Ай, антпе! Сен депрессияга түшүп кеткен окшойсуң. Жүр мени менен. Үйүмө конок болуп кет. Кызым чалды эле, пирог жасап койдум деп, жүр, жүрө гой,- деп мени ээрчитип кетти. Мен баарлашкан адам шаардын эң мыкты психологу экенин ошондо билдим. Бактымды кара... Жолдуумун. Ошол күндөн баштап ал эженин сеанстарына бара баштадым. Баары жакшы болуп жаткан. Ал эже мага көп мотивация берди, күчтөндүрдү. Ошол үчүн болсо да, ичимдик ичип жүргөн жаным өзүмө келип, бир аз тыңып калдым. Бирок муздак, жалгыздык каптаган үйгө келсем эле жан дүйнөм ооруй түшөт. Баса, унутуп бара жатыптырмын... Эрнисттин аялы менен жолуктум. Ал мени таап келиптир. Дарбазадан баш баксам, турат! Жүрөгүм дүкүлдөп барып өзүнө келди – Жакшыдай түрүң жок го?- деп бир күлүп алып сөзүн улантты: – Мдаа... Эрнист жок, акыбалың кетип калыптыр го. Сени мен тарткан азаптын кусуру урсун! Мени нааразы кылган адам эч оңбойт. Ошону бил,- деди. Унчукпай кутулдум – Сени менен баарлашып отурганга убакыт жок. Сенде бир документтер бар экен. Үйдүн документи. Ошол үчүн келдим – Көк-Жардагы үй. Мени алдайм деп ойлобо – Мен андай үйдү билбейм. Документ да жок – Шүмшүк, жанагы айдоочусу да качып кетпедиби?! Көп нерсени билет эле. Сен Асылкан? – Жок, Асылкан – риелтор. Күйөөңүз менен кызматташчу – Жер албас! Кайсы бир ойношун атарыңды дагы билбейсиң!- деп жинденип машинасын көздөй бара жатып, мени бир карап: – Бир күнү сен да мендей картаясың. Мен тарткан азапты сен да тартып кал,- деп унаасын зуулдата айдап кетип калды. Мен мындай сөздөрдүн далайын уккам. Мен үчүн бул кеп эмес. Жүрөгүмө да жакын кабыл алган жокмун. Бүгүн Жаңы жыл... Ай караган текедей жалгыз отурам. Столдо бир гана шампан жана мандарин. Бул менин акыркы Жаңы жылым болсо керек. Акыркы... Аз күндө картая түшкөнсүдүм. Же мен өтө арыктап кеттим. Чачымды төшөгүмдөн тутамдап эле алып жатам. Балким, дарылансам айыгып кетер белем? Акыркы күндөрүмдү өз үйүмдө тоскум келет. Аманчылык болсо көрүшөбүз 04.02.ХХХХ. Күндөлүгүм! Сага жазып, сени менен сырдашып отурганыма ыраазымын! Көзүмдөн жаш агып жатат. Колдорум араң кыймылдайт. Мен азыр ооруканадамын. Баары угушту. Билишти. Сүйүнгөнүм, байкем менден кечирим сурап, көз жашын төгүп жанымда болгону. Ушунча жыл көрбөй сагыныптырмын! Байкем менен кайра жакындашуу үчүн мен өлүм алдында калышым керек турбайбы?! Угары менен учуп келди. Балдары чоң жигит болуп калышыптыр. Баары эмнеден башталды? Жаңы жылдан кийин Ошко сапар алгам. Жакындарымдын, эжемдин ысык уясына баргым келди. Эжемдин үйү ушунчалык шаңга, жакшылыкка толгон үй эле. Барсаң, эч чыккың келбейт. Ал үйдө жылуулук бар. Канча жыл кыйынчылыкты да, жакшылыкты да урушпай ынтымакта жеңип, жолдошу менен бирге өткөргөн күндөрүнүн акыбетидир. Ал үй сүйүүгө толгон. Мени адатынча кучак жайып тосуп алышты. Кучакташтык. Жездем дале ошол бойдон – Балдызым, жашынбай тез-тез келип турсаң,- деп күлмүңдөдү – Сени турмушка бергени жатам. Эркелеткен сайын, өз оюңа койгон сайын болбойсуң. Өзүм жакшы балага узатам сени,- деп күлдү. Баарыбыз каткырдык. Бул үйдө жасалмалуулук жок! Баары чын жүрөктөн чыгат. Сени сатып кетет же алдап кетет деп ойлобой, жүрөгүң тынч болот. Алардын жанында аябай бактылуу болдум. Көп өтпөй жездем досунун инисин үйгө алып келди. Оор басырыктуу, жыйырма сегиз жаштагы бойдок бала экен. Стол үстүндө баарыбыз кобурашып отурдук. Мырза мага гүл белек кылды. Жагымдуу болду. Бирок баары ушул кечтен башталды. Столдо отурган мен өзүмдү жаман сезип, сырттан бир аз дем алып келейин деп ордумдан туруп эле башым тегерене кулап түштүм. Бул менин дартымдын чеги эле. Түндөп шаарга алып келишти. Баары дартым жөнүндө билишти. Башкы врач менен жездем сүйлөштү Мени Турциядан дарылатмак болушту. Бирок көп акча керек болгондуктан, баары ызы-чуу түшүп калышты. Эжемди көрүп жүрөгүм канжалады. Эжеме неге мынча көз жашты да, боорукерликти да аябай берген? Байкушум кыйналды. Байкеме угузушту. Ал угар замат үй-бүлөсү менен учуп келди. Жүзүмдөн өөп, кечирим сурады (Уландысы кийинки санда)