Kemelova: Globaldyk ltd diplomasi alysky ayildardagy zashoonu ozgortushu kerek
Кыргызстанда деңиз деңгээлинен 1000 метр жана андан жогору бийиктикте жайгашкан 1196 калктуу конуш бар. Тоо калкы жана тоо экосистемасы менен мөңгүлөр баштаган тоо табияты тынымсыз өзгөрүп жаткан климаттын терс таасиринде калууда. Алыскы аймактарда экологиялык эле эмес, экономикалык жана социалдык к

Кыргызстанда деңиз деңгээлинен 1000 метр жана андан жогору бийиктикте жайгашкан 1196 калктуу конуш бар. Тоо калкы жана тоо экосистемасы менен мөңгүлөр баштаган тоо табияты тынымсыз өзгөрүп жаткан климаттын терс таасиринде калууда. Алыскы аймактарда экологиялык эле эмес, экономикалык жана социалдык көйгөйлөр жаралуу кооптуулугу бар. Бириккен Улуттар Уюму жарыялаган Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер (2023-2027) биздин тоолуктар үчүн реалдуу мүмкүнчүлүк экени айтылган эле. Жараяндын алкагында аткарылып жаткан иштер туурасында президенттин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова "Кабар" агенттигине курган маегинде айтып берди — Динара Амантуровна Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин алкагында Кыргызстанда ушул кезге чейин жүргүзүлүп жаткан иштер кандай натыйжа берүүдө? — Биз Нью-Йоркто болобу, Бакуда болобу глобалдык масштабда тоо дипломатиясын жайылтуу Нарын, Чаткал же Алайдын эли үчүн реалдуу өзгөрүүлөргө алып келиши керектигин түшүнөбүз. Дал ушул себептен Тоолорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин алкагындагы (2023-2027) ишибиз тоолорду кеңири мүмкүнчүлүктөрдүн аймагына айландырууга багытталган Жол картада тоолуу аймактарда жаңы ГЭСтерди куруу, тоо тургундарынын саламаттыгын сактоо, санариптик тейлөө, жолдорду модернизациялоо, электр энергиясы, таза суу менен камсыздоо милдеттери камтылган. Эгер практикалык иш-чараларга токтолсок, биз аймактарда чакан гидроэнергетиканы жана энергиянын кайра жаралуу булактарын өнүктүрүү аракетиндебиз. Алыскы аймактарды энергия менен камсыздоону жакшыртуу үчүн бүгүнкү күндө 8 чакан ГЭС курулду Ошол эле убакта санарип инфраструктурага жеткиликтүүлүк кеңейүүдө. Президентке караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун маалыматы боюнча, өлкөдө деңиз деңгээлинен 1000 метр жана андан жогору бийиктикте жайгашкан 1196 калктуу конуш бар. Анын ичинен 1179 конуш 2G/4G, 2 калктуу конуш 2G технологиялары боюнча байланыш кызматтары менен камсыздалды. Ал эми 15 конушка электр чубалгылары тартыла элек болгондуктан, алардын телекоммуникациялык кызматтарды пайдалануусунда тоскоолдуктар бар. Бул кемчиликтерди жоюу боюнча иштер уланууда. Бул багыттагы иштерди министрлер кабинети көзөмөлдөп жатат Жолдор модернизацияланууда, транспорттук инфраструктура өнүгүүдө жана "Түндүк" санариптик платформасы аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жогорулоодо. Мындан тышкары тоолуу райондордун тургундарын таза суу менен камсыздоо боюнча иштер жүрүп жатат Тоо тургундарынын киреше булактарын кеңейтүү үчүн Жол картасында туризмди жана жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча иш-чаралар каралган. Ошондой эле тоо продукциясын бренддөө демилгесин илгерилетип келебиз. Биздин максат — тоолордо өндүрүлгөн товарларды сертификациялоо жана бренддөө механизмдерин түзүү. Биздин фермерлер эл аралык рынокторго бал, эт, дары чөптөр жана башка экологиялык таза азыктарын сата алышы керек Ошол эле учурда дыйкандарды колдоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу программалары ишке ашырылууда. Атап айтканда, Азия токой кызматташтык уюмунун (АФОКО) колдоосу менен декарбонизациялоого жана калыбына келтирүүгө багытталган асылдуулугу төмөн жерлерге көчөттөрдү отургузуу боюнча долбоор ишке ашырылууда — Тоо күн тартибинин алкагында эл аралык уюмдар жана финансы институттары менен кызматташуу кандай натыйжаларды берүүдө? Тоолуу аймактарды өнүктүрүү, тоо экосистемаларын коргоо багытында инвестиция, каражат тартууга мүмкүн болдубу? — Эл аралык уюмдар жана эл аралык финансы институттары менен кызматташуу бүгүнкү күндө Глобалдык тоо күн тартибин илгерилетүүдө жана тоолуу аймактарда өнүгүүнүн конкреттүү долбоорлорун ишке ашырууда чечүүчү ролду ойнойт. Биз Тоону туруктуу өнүктүрүү, жергиликтүү жамааттарды, фермерлерди колдоо, тоо экосистемаларын коргоо жана жаратылышка багытталган чечимдерди илгерилетүү максатында Дүйнөлүк банк, ЕККУ, АБР, ГЭФ, ФАО, АФОКО, БУУ ДАП, БУУӨП менен жигердүү иш алып баруудабыз Бир нече мисал келтирейин: Дүйнөлүк банк менен кызматташтыкта илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө, регионалдык кызматташтыкты чыңдоого жана тоо ландшафттарынын климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулугун жогорулатууга багытталган аймактык Resilient Landscapes (Resiland) долбоору ишке ашырылууда Бул программанын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн тоо-кен продукциясын илгерилетүү, эл аралык рынокко чыгаруу боюнча долбоор ишке ашырылууда. Башкача айтканда, биз тоолуу жамааттардын жашоочуларынын кошумча киреше булактарына жетишүүсүн, ал эми Кыргызстан өзүнүн органикалык тоо продукциясы менен белгилүү болушун камсыздоо үчүн иштеп жатабыз Кийинки 10 жылга пландаштырылган долбоор Мөңгүлөрдөн фермаларга менен АБРдин Жашыл климаттык фонду менен биргелешкен аймактык программасы. Ал Борбор Азия, Кавказ жана Пакистан өлкөлөрүндө фермерлердин жана тоолуу аймактардын аялуу калкынын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусун жана туруктуулугун жогорулатуу үчүн ишке ашырылат. Бул демилге мөңгүлөрдүн эриши, климаттын өзгөрүшү, азык-түлүк коопсуздугу жана айылдык жамааттардын туруктуулугунун ортосундагы байланышты чагылдырат. Программанын жалпы каржылоосу болжол менен 3,5 миллиард АКШ долларын түзөт Мындан тышкары, жакын арада Италия өкмөтү менен ФАОнун биргелешкен Тоолуу жана Арал аймактары үчүн бизнес-инкубатор жана акселератор долбоорун ишке ашыруу башталат. Анда тоо жамааттарынын ишкерлери үчүн гранттарды берүү жана техникалык колдоолор каралган Ошентип, эл аралык кызматташтык конкреттүү долбоорлор түрүндө да, тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүүнү каржылоонун узак мөөнөттүү механизмдерин калыптандырууда да практикалык натыйжаларды берип жатат деп айтууга болот — Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! "Кабар" агенттиги 2027-жылы өтө турган "Бишкек+25" Глобалдык тоо саммитин утурлай аткарылып жаткан иштер туурасында маалымат берүүнү улантат