Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

"Кайык, унитаз, саат таптым". Ысык-Көлдүн түбүн тазалаган Бекжан

Бекжандын балалыгы сууга жакын, Чоң Сары-Ой айылында өткөн. Бишкектеги Дене тарбия жана спорт академиясынын бокс жана оор атлетика кафедрасында окуган. Дайверликти Санкт-Петербург шаарында үйрөнгөн Бекжан студияга кош келипсиз. Кээде суу жакшы сүзгөндөрдү деле тартып кетет эмеспи. Суучул болуш үчүн

yaklaşık 4 saat önce0 görüntülemeazattyk.org
"Кайык, унитаз, саат таптым". Ысык-Көлдүн түбүн тазалаган Бекжан
Paylaş:

Бекжандын балалыгы сууга жакын, Чоң Сары-Ой айылында өткөн. Бишкектеги Дене тарбия жана спорт академиясынын бокс жана оор атлетика кафедрасында окуган. Дайверликти Санкт-Петербург шаарында үйрөнгөн Бекжан студияга кош келипсиз. Кээде суу жакшы сүзгөндөрдү деле тартып кетет эмеспи. Суучул болуш үчүн атайын даярдыктан өттүңүз беле? Мен Ысык-Көлдүн боюндагы айылда эле чоңойдум да. Бирок суу түбүнө сүңгүгөндү Орусиядан үйрөнгөм. Атам Санкт-Петербург шаарында жашайт. Конокко барып, PADI Open Water Diver деген 18 айлык курсту көрүп калгам. Ал жерден аквалангды кийип алып 18 метрге чейин чумкуганды үйрөнөсүң. Ошол жерде окуп, сертификат алгам. Негизи ага чейин эле суу астында демди кармаганды үйрөнүп жүргөм. Тереңдикке кичинемден кызыкчумун. Курсту бүткөндөн кийин 2019-жылы Чолпон-Атага келип, биринчи жолу суу түбүнө түшкөм. Суу астындагы ажайып кооздукту ошондо көрдүм. Ортодо ӨКМде үч айдай иштедим. Андан кийин Германиядагы тааныштарым чакырып, Нюрнберг шаарында вентиляция коюп иштеп келдим Көлдүн түбүнө биринчи түшкөн күндү эскерип көрсөңүз, биринчи болуп көзгө эмне урунду эле? Көлдүн түбүндө бир минерал бар. Эл арасында аны кемпир таш деп коюшат. Мурда деле суу түбүнөн көрүп калчу элем. Бирок демди кармай албагандыктан жакын бара алчу эмесмин. Биринчи түшкөндө ошол таштарды сылап, уюктарына чейин колумду салып көрүп, өзгөчө сезимге бөлөнгөм. Ысык-Көлдүн эндемикалык балыгы - чабактарды кездештиргем. Үйүрү менен сүзүп жүрүшкөн экен. Мораторий киргенден бери көлдө балык көбөйүп калды. Кийин ӨКМден кетип, көлдү тазалап, видеого тарта баштаганда көп нерсени көрдүм. Бизде тармал рдест деген балыр бар экен. Экинчиси - хара балыры. Аларды Ысык-Көлдүн индикатору дешет. Суу таза жерде өсөт экен. Аларды көргөн сайын тереңге чумкугуң келет. Айрыкча, Кажы-Сай тараптын флора, фаунасы өзгөчө. Каракол тараптан чаянды (краб) көргөм. Мелүүн сууну байырлайт окшойт, ал жерге тоонун суусу агып кирет да Ошону менен катар таштандылар да жайнайт деңиз. Германиядан келгенден кийин көлдү тазалай баштадыңызбы? Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде үч ай иштегенде Караколго чейин иш сапарга чыктык да. Ошол жерден суудан торлорду алып чыгып, тазалап калганбыз. Германияда иштеп жүрүп жакшы бир нерсени байкадым. Алар таштандыны иргешет экен. Кийим-кече, айнек, желим, кагаз ар бири өзүнчө ташталат. Бир желим бөтөлкө тапшырсаң, 25 центтен төлөй турган пункттар бар. Элди ушинтип шыктандырышат экен. Бизде деле ошондой иштерди жасаса болот эле. Анткени Ысык-Көлдүн астынан эң көп тапканым ушул желим бөтөлкөлөр. Көлдүн үстү көпкөк болуп мелмилдеп турса, асты да ошондой деп ойлошот. Бирок таштандынын баары тереңде жатат. Айрыкча желим баштыктарды өйдө көтөрсөң, астындагы кум карарып кеткен болот. Күндүн нуру өтпөгөндүктөн топурак деградация болгонун билесиң. Ал жерге балыр деле өспөсө керек Унитаз да тапкан турбайсызбы? Жайында көл жээгинде жүрсөм, спорттук балыкчылык менен алектенген орус киши суу түбүнөн агарган бирдеме көргөнүн айтып калды. Локациясын сурап, кыйладан кийин барсам, унитаз жаткан экен. Аны видеого тартып, "Ушул нерсе көлдө жатышы керекпи?" десем, катталуучулар экиге бөлүндү. Бирөөлөр бул керамика эле, зыяны жок десе, экинчилери моралдык жактан туура эмес дешти. Кыргыздар эми сууга түкүрбөйт, заара ушатпайт эмеспи. Унитазды көргөндөн кийин жаман болуп жүрдүм. Анан инимди ээрчитип барып алып чыктык. Суу астынан көз айнектерди, от тутанткыч (зажигалка) көп табам. Чөнтөгүндөгү от тутанткычты чыгарбай эле сууга секире бергендер көп окшойт. Кичине эле жерден ичинде газ толтура ондон ашык от тутанткыч чыгат. Көлдүн экосистемасына кандай зыян келип жатканын элестетип көрүңүз. Кайыктын калактары да көп. Оор болгондуктан колдон түшсө эле чөгөт Чөгүп кеткен кайыктарды дагы табасызбы? Жайкысын Ысык-Көлдүн түбүн көргүсү келген туристтерге гид болуп иштейм. Бир жолу алар менен жүрүп, жел кайыкты көрүп калдым. Мамысы (мачта) ошол бойдон сакталыптыр. Алып чыга алган жокмун. Оор, өзүнчө техника керек дегендей. Анан калса, абдан кооптуу жерде жаткан экен. Аракет кылган күндө деле чирип калгандыктан сыныктары чөгүп, мээнет текке кетмек. Союз маалдында түшүп кеткен якорлор, оозу чапталган бөтөлкөлөр чыккан. Түптөн карагай кыйышып, кеме менен аркы жээкке жеткиришчү экен. Ошол кезде чөккөнбү, айтор бир устунду тапкам. Илгери балык кармаган зым баштыктарды укмуш токушчу экен. Андайдын далайын таптым. Темир буюмдардын түрү чыгат Алтын-күмүш дагы чыкса керек? Бир жолу жөнөкөй эле саат таап алгам. Ичине суу толуп калган экен. Ал эми алтын-күмүштөрдү металл издөөчүлөр тапса керек. Аларда атайын жабдык бар да. Күзүндө кулакчын кийип, жээкте издеп жүргөндөрүн көрүп калам. Сууга түшүп издешет. Чөнтөк телефондор чыгат. Айрымдарынын ээси табылат, табылбаганын өткөрүп салабыз ӨКМ маал-маалы менен торлорду алып чыкканын айтып калат. Суунун ичинде алар көппү? Эгемендиктин алгачкы жылдары балык кармап, оокат кылгандар көп болгон да. Ошол тордун көбү чыкпай кала берген. Азыр алар суунун арбактары болуп жатат. Айрымдарына балыктар шыкалып түшүп, чыга албай өлүп калганын көргөм. Өткөндө бир судак балыгынын, бели ийилип калган экен. Мутант окшойт деп ойлогом. Бирок видеону көргөндөр "торго түшүп, бошонгондо доо кетсе керек, мутация мындай болбойт" деп жазышты. Торго түшкөн балыктарды дароо бошотобуз. Тор бир эле Ысык-Көлдө эмес, Соң-Көлдө да бар. Ал жактан да алып чыкканбыз Соң-Көлдүн түбүндө дарактар бар дешет, түбүнө түшкөндө көрдүңүзбү? Биз болгону алты метр тереңдикке жеткен элек. Ошол жерден укмуштай балырды көргөм. Тал-терек дегени ошол болсо керек. Чытырман токойго окшоп жыш өсөт экен. Арасына кире алган жокмун коркуп. Анан ташка жабышып өскөн былпылдакты көргөм, орусча "губка" деп коюшат го. Көлөмү кишинин мээсиндей экен, видеого тартып алгам. Андайды мурда эч жерден кездештирген эмесмин. Соң-Көлдүн өзүнүн эндемикалык индикатору дешти. Андан тышкары пеляд балыгын көрдүм. Бирок суу түбүндө көпкө жүрө алган жокпуз. Анткени басым күчтүү экен. Илимде туздуу сууда басым күчтүү болору айтылат. Бирок Ысык-Көл деңиз деңгээлинен 1609 метр бийикте болсо, Соң-Көл 3016 метрдей бийик да. Ошон үчүн сүзүү оор болду окшойт Ысык-Көлдүн астында байыркы шаар бар дешет. Ошонун издерин көрө алдыңызбы? Балыкчы тараптан чопо карапанын сыныктарын тапкам. Аларды биздин айылдагы Көчмөндөр цивилизациясы музейине тапшырган элем. Бир жолу кишинин кашка жилигин таап алгам. Дубалдарды көргөн учурлар болду. Эски көрүстөн окшойт, сөөк ошол жерден табылган. Мокрынин менен Плоскихтин "Ысык-Көл: чөгүп кеткен шаарлар" деген китеби бар. Андагы маалыматтарга карасак, убагында көл түбүнөн коло дооруна таандык көп эле буюмдар табылган экен. Орусияда жүргөндө ошону көрүш үчүн Эрмитажга да баргам. Борбор Азиядан табылган экспонаттар бөлүмүндө, бир кезде Кыргызстандын аймагынан алып кетишкен буюмдар да турат Сууну жандуу зат деп коюшат. Айрым суучулдар тереңге түшкөндө көзүнө көрүмчү көрүнөт экен. Сизде андай учурлар болду беле? Мен сууга келме келтирип анан чумкуйм. Суу он метрге чейин коопсуз болот. Андан терең жерге сөзсүз бир кесиптешим менен түшөм. Көлдүн ыйыктыгын суу түбүнөн көп эле сездим. Жерден оргуп чыккан булактар бар, тереңден уурттап көргөн учурлар болду. Азот наркозу деп коет, 95% суучулдар ошондон өтөт. Суу астына түшкөндө басымдын күчүнөн мээ кысылып, галлюцинация болушуң мүмкүн. Мен биринчи түшкөндө токтоно албай күлгөм. Ооздогу регулятор менен каткырып жатканды элестетиңиз Суу астындагы флора жана фаунага көз салсаңыз, коралл рифтерине деле кызыксаңыз керек. Дегеним, деңиз же океан түбүнө дагы чумкуу кыялыңыз барбы? Албетте. Альпинисттердин кыялы - Эверест болсо, суучулдардын кыялы - Кызыл деңиздеги Дахаб (Египет) ирими. Анын тереңдиги 80 метр. Суу түбүндө жарлар кулаганда пайда болгон арка бар. Ошол жерден өтүүнү кыялданам. Гавайини, Мальтанын жээгин көрсөм дейм. Рэк-дайвинг деп коет. Сууга чөгүп кеткен кеме, учактарды көрүшөт. Ошондой экскурсияларга кошулуп, суу астында калган танкерлерди видеого тарткым келет. Мариан кобулун көрүүнү самайм. Кыялдар орундалат дейт го, барып калармын бир кезде Байкасам, катталуучуларыңыз көп эле экен. Сиздин видеолоруңузду кызуу дагы талкуулашарын байкадым Негизи блогумду демди ичке алып түшкөндү үйрөнүп жүргөн кезде эле баштасам болмок экен. YouTube каналымда анча-мынча эски видеолор бар. Инстаграмдагы ecodive_kg баракчасын былтыр ишке киргизгем. Суу астынан көргөнүмдүн баарын эле видеого тартканга аракет кылам. Мактанбайын, “сиздин видеону көрүп, бөтөлкө ойнобой калдык” дегендер бар. “Баштыкты жөн эле ыргытабыз, көрсө ал көлгө түшөт турбайбы” деп да жазышат. Кичине болсо да элдин экологиялык аң-сезимин өзгөртүп жатам деп ойлойм. Дагы бир кыялым - келечекте ушул көлдүн түбүнөн табылган таштандылар үчүн өзүнчө музей ачылса. Алар бир чети тарых үчүн керек. Экинчиден, адамдын кайдыгерлигинин, шалаакылыгынын күзгүсү болмок

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler

"Кайык, унитаз, саат таптым". Ысык-Көлдүн түбүн тазалаган Бекжан | Tenqri